Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Тууганга берилген мандат


Жарандык коом өкүлдөрү жогорку кызмат адамдары туугандарын бийликке түрткөн көрүнүштөр көбөйүп жатканын коңгуроо кагышууда.

Алардын бир мисалы катары БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын эки бир тууганы бир эле учурда Чүйдөгү жергиликтүү кеңештерге төрагалыкка көрсөтүлгөн жагдай айтылды.

Бирок Нуржан Шайлдабекова анын бир туугандары мурда эле жергиликтүү кеңештерде төрага жана депутат болуп келгенин айтып, алардын кызматтан көтөрүлүшүнө анын тиешеси жоктугун билдирди.

Шайлдабековдордун кызматтык “жүрүштөрү”

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын эки бир тууганы тең бирдей Чүй облусундагы жергиликтүү кеңештердин төрагалыгына көрсөтүлгөн. Алардын бири Турат Шайлдабеков Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Анын экинчи бир тууганы Азатбек Шайлдабеков ошол эле Ысык-Атадагы Кант шаардык кеңешинин төрагалыгына ат салышууда.

БШК төрайымынын жакындарынын мындай кызматтык жүрүштөрү жергиликтүү деңгээлдеги туугандык-кландык бийликти орнотуу катары кабыл алынууда.

“Жаңы муун” жаштар кыймылынын теңтөрагасы Мавлян Аскарбеков мында бийликтеги тууганчыл байланыштардын таасири бар деп эсептейт:

- Жогорку саясий кызматтагы БШК төрайымынын бир туугандарынын жергиликтүү кеңештерге төрагалык кызматтарга барып жатышы коомчулукта терс кабыл алынууда. Анткени биз буга чейин мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин бир туугандары, жакындары жана керек болсо куда-сөөктөрү да айылдан баштап чоң шаарларга чейин чоң кызматтарга ар кандай жолдор менен отургузулган учурларды баштан өткөргөнбүз. Азыр да ошол тенденция кайрадан баш көтөрө баштагандай. Эми бул жерде жергиликтүү кеңештин төрагасын депутаттар шайлайт, ага “БШК төрайымынын эч кандай тиешеси жок” дегенге эч ким деле ишенбейт. Анткени депутаттар шайлана турган адамдын тууганы ким экенин эң мыкты түшүнүп турушат. Мүмкүн анын бир туугандарына шайлоодо кандайдыр бир колдоосу же таасири болгон чыгаар. Бул жерде кызыкчылыктар кагылышы бар экени көрүнүп турат. Бул терс өнөкөт кайрадан жайыла баштады.

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

Мыйзам тыюу салбайт

Мамлекеттик кызмат боюнча адистер жергиликтүү кеңештерге депутаттар шайлоо жолу менен келип, андан ары төрагалыкка талапкерлигин көрсөтүүгө жогору жактагы кызмат адамы ага таасир эте албайт деген көз карашта. Жергиликтүү кеңештер шайланма орган болгондуктан төрага дагы депутаттардын добуш берүүсү менен өтөт. Ошондуктан адистер бул жерде бир туугандар бирин-бири колдогон кызыкчылыктардын байланышын далилдөө мүмкүн эмес деген жүйөнү келтиришти.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова анын бир туугандары мурда эле жергиликтүү кеңештерге шайланып келгенин айтып, анын буга эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи:

- Азатбек Кант шаардык кеңешинде төрт жылдан бери төрага болчу. Аны кесиптештери кайра шайлоого талапкерлигин көрсөтүшүптүр. Биз ага эч кандай таасир эте албайбыз. Мен жумушу жок жүргөндө эле менин бир туугандарым өз алдынча карьера жасашкан. Мен аларга бул кызматка барба деп айта албайм. Бул - алардын укугу. Анткени мага чейин эле алар элдин ишенимине кирип, татыктуу кызматтарда жүрүшкөн. Ал эми экинчиси айыл аймактарынын башчыларын түз шайлоо учурунда бир ирет айыл өкмөтүнүн башчысы, анан айылдык кеңеште депутат болуп жүргөн. Мындай нерселер эмне себептен жазылып жатканы түшүнүктүү. Себеби Кант шаардык кеңешине төрагалыкка атаандаш болгон тарап “Республика-Ата Журт” партиясынан чыгып жатат.

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Бийлик партияларынын “сүймөнчүктөрү”

Анткен менен Ысык-Ата районундагы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттары БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын бир туугандарынын жергиликтүү кеңештер аркылуу кызматтык жогорулоосуна анын кыйыр түрдө таасири бар деп эсептешет.

Бийликтеги тамырлашкан тууганчылык

Бийликтеги тамырлашкан тууганчылык

Кыргыз коомчулугунда бийликтеги, жогорку мамлекеттик кызматтагы үй-бүлөлүк, туугандык байланыш тууралуу талкуу жанданды.

"Азаттыкка" өзүнүн ысымын ачык атоону туура көрбөгөн Кант шаардык кеңешинин депутаттарынын бири жергиликтүү кеңештердеги бир тууган Шайлдабековдор тууралуу мындай дейт:

- Биринчиси мурун “Абдыш-Ата” компаниясында иштеген. Мурдагы чакырылышта бизде төрага болгон. Азыр талапкерлигин дагы койду. Ага чейин ал “Ак жол” партиясында жүргөн. Мына ошол “Ак жол” аркылуу 2008-жылы жергиликтүү кеңешке депутат болгон. Негизи ал бийликте кайсы партия турса, ошол партияда жүрө берет. 2010-жылы КСДП бийликке келгенден кийин ага өтүп, 2012-жылы КСДП партиясынан шайлоого барган. Анын башка бир тууганы Люксембург айылдык кеңешине жакында эле төрага болуп шайланды. Бул эки бир тууган азыр эжесине таянып алып, Ысык-Атада жергиликтүү деңгээлде өзүнчө бир үй-бүлөлүк бийлик кланын түзөлү деп жаткан окшойт деп калдык.

Шайлоо мыйзамдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын же анын мүчөлөрүнүн жакын туугандарынын жергиликтүү кеңештерге депутат катары катталуусуна тыюу салбайт. Ошол эле кезде аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин төрагалык кызмат орундарына шайлоолорго көз салышат. Бирок мында дагы Борбордук шайлоо комиссиясынын ал шайлоолорго түздөн-түз таасир эткен учурлары буга чейин катталган эмес. Кант шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо быйыл 11-январга дайындалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG