Кыргыз спорту чоң жоготууга дуушар болду. "Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Эшим Кутманалиев кыргыз спортуна, олимпиадалык кыймылдын өнүгүшүнө зор салым кошкон спорт ишмери эле", - деп эскерет олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев.
- Эшим Кутманалиев Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетин түзүүнүн башында туруп, эгемендүүлүккө ээ болгон республикабыздын спортчулары жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, Азия, дүйнө чемпионаттарына, Азия оюндарына, Олимпиадалык оюндарга, эл аралык мелдештерге Кыргызстандын туусун көтөрүп барып, намыс талаша баштаган. Спорт комитетинин төрагасы болуп турганда спорт аянттарын курууга, спорт комплекстерин салууга чоң салым кошкон.
Эшим Кутманалиевдин уюштуруучулук жөндөмү, эл аралык байланыштарды жөнгө салуудагы дипломатиялык мамилеси жаш адистерге үлгү болоорун Улуттук спортту өнүктүрүү борборунун жетекчисинин орун басары Касымкул Оболбеков айтты.
Студенттер спорт федерациясынын президенти Шаршен Касенов:
- Улуттук олимпиада комитетинин башында турган учурда Эшим Кутманалиев 5-6 жыл абдан демилгелүү, жакшы иштеди. Бишкекте Борбор Азия оюндарын жогорку деңгээлде өткөрдү. Бирок кийин ордуна Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевди алып келип, бул уюмдун кризиске жетишине себепкер болгон. Жогорку жактан кысым болсо керек.
Маркум Эшим Кутманалиевдин демилгеси менен Борбор Азия оюндары уюштурулуп, Эл аралык олимпиада комитетин колдоого алган. Борбор Азия оюндары Бишкек, Ташкент, Алматы жана Дүйшөмбү шаарларында өткөрүлгөн. Ошондой эле анын сунушу менен Азия Олимпиадалык кеңешинде Борбор Азия аймактык бөлүмү түзүлгөн.
Эшим Кутманалиев менен аңгемелешкен учурда, Шериктеш өлкөлөрдүн спорттук байланыштарын чыңдоонун зарылдыгын көп айтып калаар эле. Себеби Шериктеш өлкөлөрдүн олимпиада комитеттеринин бирикмесин түзүүнүн башатында туруп, башкы катчысы катары бир катар демилгелери колдоого алынбай калды.
Эшим Кутманалиев 1938-жылы Талас районунун Кең-Арал айылында туулган. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. 1961-63-жылдары Кыргызстан Айыл чарба институтунун дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, 1963-64-жылдары Кыргыз спорт комитетинде мамлекеттик машыктыруучу, 1964-87-жылдары «Алга» спорт коомунун борбордук кеңешинин бөлүм башчысы, төраганын орун басары, төрагасы болуп иштеген.
1988-91-жылдары өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, 1991-жылы КР Улуттук олимпиадалык комитеттин уюштуруучулардын бири болуп, алгачкы президент болуп шайланган.
Эркин күрөш боюнча СССР спортунун чебери (1961), КР эмгек сиңирген машыктыруучусу (1973) болгон. Спорттогу ишмердүүлүгү Эл аралык олимпиада комитетинин Алтын ордени, 3-даражадагы ”Манас” жана "Ардак белгиси" ордени жана медалдар менен бааланган.
Маркум менен коштошуу 11-январда Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
“Азаттык” радиосунун жамааты Эшим Кутманалиевдин үй-бүлөсүнө, туугандарына көңүл айтат.