Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Футбол: «Самурайлар» жеңишти илип кетти

Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын оюнунда "Самурайлар" "Ак шумкарды" 2:0 менен жеңип алды.

15:31 14.11.2019

Кыргызстан - Жапония: Футбол күйөрмандарынын жүрүшү

15:26 14.11.2019

Асхат Субанбеков:

"Японияны жеңебиз! Анткени алар биздикиндей "поляда" биринчи жолу ойноп жаткандыктан жүдөшөт...)))".

15:24 14.11.2019

Адилет Кермибеков, спорт журналисти ​

Адилет Керимбеков.
Адилет Керимбеков.

- Кыргызстан жана Жапония курама командаларынын беттеши кыргыз футболунун тарыхына кире турган беттеш. Жапониядай күчтүү курама командалар менен ойногондо гана кыргыз футболчулары такшалып, өсөт. Жапония курама командасынын жарым коргоочулары жана коргоочулары күчтүү. Алардын төрт коргоочусу Европанын клубдарында ойношот. Тандоо оюндарынын алкагында Жапония үч оюнда тең жеңишке жетти. Албетте F тайпасында Жапония фаворит. Бирок бүгүнкү оюнда кыргыз футболчуларында бир гол киргизүү мүмкүнчүлүгү бар жана бул өтө маанилүү. Алгачкы таймда Кыргызстандын курама командасы жакшы оюн көрсөтүшү керек. Анткени жапон футболчуларына оюн талаасын сезүүгө убакыт керек. Мьянма менен болгон оюнда өз оюн талаасында, күйөрмандардын колдоосу менен кыргыз футболчулары бат эле гол киргизген. Бүгүн да эсепти эрте ачканга аракет кылыш керек.

15:18 14.11.2019

ФИФАнын рейтинги

Жапония 28чи, Кыргызстан 94-орунда​.

ФИФАнын 24-октябрда жаңылаган рейтингине ылайык Жапониянын курама командасы үч тепкичке көтөрүлгөн. 2019-жылдын январь айынан бери «самурайлар» жалпысынан 18 беттеш өткөргөн. Анын 12синде жеңишке жетип, үч жолу жеңилип, үч жолу тең чыккан. Буга Азия, Америка кубоктору жана Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары кирет. Андан сырткары беш жолу жолдоштук беттеш өткөргөн.

Азия Кубогунда Жапония финалга чейин жетип, чечүүчү оюнда Катардын курама командасына жеңилип, күмүш байгеге ээ болду. Ал эми Азия кубокторунда төрт ирет (1992, 2000, 2004, 2011-жылдары) чемпион болгон.

Кыргызстандын курама командасы болсо жыл ичинде Азия Кубогун, тандоо оюндарын жана жолдоштук беттештерин кошкондо тогуз беттеш өткөрдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG