Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Футбол: сыноонун баары алдыда


Кыргыз футболчулары 2013-жылы Шериктештер кубогу, Азия чакырык кубогу жана Азия чемпионатына иргеп алуу жана башка мелдештерге катышат.

Кризистин сазына баткан кыргыз футболун 2013-жылы да эл аралык сыноолор, мелдештер күтүп турат.

Келаткан жылдын 18-январында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футболдон Шериктештер кубогу турнири башталат. Бул мелдешке мурда Шериктеш мамлекеттердин чемпиондору катышып келсе, эки жылдан бери жаштар командаларынын таймашына айланды. Себеби жыл өткөн сайын бул мелдештин деңгээли төмөндөп, футболу өнүккөн айрым өлкөлөр атаандаштарын теңсинбей калган. Ошондуктан оюндун уюштуруучулары жаштар командаларына кезек берип, турнирди жаңы баскычка көтөрүүнү максат кылууда.

Быйылкы Шериктештер кубогу мелдешине 12 команда катышып, үч топко бөлүнүп, күч сынашмакчы. Чүчү кулак кармоодо Кыргызстандын жаштар тандалма командасы күчтүү атаандаштарга туш болду.

В тобунда Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын футболчуларына каршы туруу кыйын болоорун федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов “Азаттыкка” айтты:

- В тобунда Кыргызстандын жаштар командасы Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын футболчулары менен беттешет. 18-январда кыргызстандык футболчулар биринчи беттешүүдө Казакстандын жаштар командасына каршы ойнойт. 20-январда орусиялык футболчулар менен беттешет. 21-январда Өзбекстандын жаштар командасы менен ойнойт.

Санкт-Петербургда Шериктештер кубогунда кыргызстандык футболчулар атаандаштарын утуп алышы күмөн. "Себеби атаандаштарынын деңгээли жогору, даярдыгы дурус", - дейт спорт серепчиси Сурaт Жылкычиев.

Санкт-Петербург шаарындагы футболдон Шериктештер кубогу турнири 27-январда жыйынтыкталат.

Эгемендик алгандан бери Кыргызстандын футболчулары Шериктештер кубогу мелдешинде бир да жолу чеке жылытарлык ийгиликке жеткен эмес.

Азия чакырык кубогу

2013-жылы Азия чакырык кубогунун мыктыларды иргеп алуу мелдешинде Кыргызстандын тандалма командасы Тажикстан, Пакистан жана Макао өлкөлөрүнүн футболчулары менен беттешет. Ар бир топтон эки команда гана финалдык беттешүүлөргө катышууга укук алышат.

Мыктыларды тандоо турнири кийинки жылдын март айында Бишкек шаарында өтүп, финалдык беттешүүлөрү Мальдив аралдарында болмокчу. Футболдон өлкөнүн тандалма командасы бул мелдешке азыртадан даярдык көрө баштады. Бул тууралуу федерациянын аткаруучу директору Дастан Конокбаев “Азаттыкка” маалымдады.

- Бул мелдешке катышып, ийгиликтерге жетсек, ФИФАнын кадыр-баркты аныктоосундагы упайларыбыз жогорулайт эле. Өлкөнүн тандалма командасынын башкы устаты, орусиялык Сергей Дворянков эки жумалык машыгууну баштады. 2013-жылдын февраль-март айларында Түркия же Испанияга машыгууларга барып, алардын футболчулары менен бирге даярдык көрүү маселелери каралууда. Март айында мыктыларды иргеп алуу таймаштары Бишкек шаарында өтүп, меймандарды кабыл алабыз.

акшы даярдык көрсө, Түркияда күчтүү атаандаштар менен ойноп, чеберчилигин жогорулатса гана Азиянын чакырык кубогунда финалдык топто ойноого болот", - дейт футболдук баяндамачы Табылды Асыгалиев.

Үмүт жандырган уландар

Кыргыз футболунун келечеги жана үмүтү болгон 14 жашка чейинки өспүрүмдөр командасынын 2014-жылкы Азия чемпионатына иреп алуудагы атаандаштары да анык болду.

Азия футбол конфедерациясында чүчү кулак кармалды. Бул ирет кыргызстандык өспүрүмдөр тандалма командасы Иран, Пакистан, Индия, Түркмөнстан жана Шри-Ланка өлкөлөрүнүн жаш футболчулары менен беттешет. Мыктыларды иргеп алуу оюндары 2013-жылдын апрель айында Иранда өтөөрүн федерациянын эл аралык байланыштар бөлүм башчысы Нурдин Букуев “Азаттыкка” билдирди.

- Бул топто ирандык жана индиялык атаандаштар күчтүү. Ошондуктан азыртадан даярдык көрүп, кыргыз футболунда алдыга кадам таштап, секирик жасоо зарыл, - дейт футбол адиси Ырыскелди Мусаев.

Быйыл декабрдын башында өлкөнүн футбол федерациясына президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов жетекчи болуп шайланган. Футбол коомчулугу жаңы жетекчинин дараметин жогорудагы мелдештер аныктарын төлгө кылып турушат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG