Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:11

Каталониянын куру кыялы


Артур Мастын тарапкерлеринин демонстрациясы, 23-ноябрь, 2012-жыл
Артур Мастын тарапкерлеринин демонстрациясы, 23-ноябрь, 2012-жыл

Испанияда 25-ноябрда регионалдык шайлоодо Каталониянын бөлүнүшүн жактаган партиялар жеңишти.

Бирок бийликтеги жикчил партия добуштардын басымдуу көпчүлүгүн ала алган жок. Ошентсе да партиянын төрагасы аймактын көз карандысыздыгы боюнча референдум өткөрүүнү убада кылууда.

Каталониядагы эрте шайлоо айрымдар болжогондой сенсация жараткан жок.
Көпчүлүк эксперттер айтып келгендей эле, регионалдык парламенттеги орундардын көпчүлүгүн башкаруучу “Конвергенция жана биримдик” партиясы жеңди. Ошол эле маалда партия көпчүлүктү колдон чыгарып жиберип, бийликте калыш үчүн эми коалиция түзүүгө тийиш. Атап айтканда, бул жолу Артур Мастын партиясы мурдагыдан 12 мандат азыраак алды.

"Каталония эли өз эркин билдирип, көз карандысыздык процессин улантуу үчүн добуш берди", - деди шайлоодо экинчи орунду ээлеген “Республикачыл солчулдар” партиясынын лидери Орьол Хункерас.

"Барселона" менен "Реал Мадриддин" матчында "Каталония Испания эмес" деген жазуу
"Барселона" менен "Реал Мадриддин" матчында "Каталония Испания эмес" деген жазуу
Пиреней жарым аралынын түндүк-чыгыш тарабында орун алган 7 жарым миллион калктуу Каталония – Испаниянын эң бай жана өнөр жайы өнүккөн чөлкөмү. Баш калаа Барселона Жер Ортолук деңиздин боюндагы эң кооз шаарлардын бири.

XV кылымда Арагон падышасы Фердинанд Кастилия канышасы Изабеллага үйлөнгөндө Каталония Испаниянын бир бөлүгү болуп калган. Бирок каталондор өздөрүн эзелтеден эле испан деп эсептешпейт. Жикчил маанайды Франконун диктатурасы маалында каталондорду басмырлоо аракеттерин да күчөтүп жиберген.

Каталониянын мыйзамдарына ылайык, мугалимдер, доктурлар жана коомдук тейлөө тармагында иштегендер испан тили менен катар каталон тилин да билүүгө милдеттүү. Испания 17 автономиялуу регионго бөлүнгөн болсо, сепаратисттик мүдөөлөр басктар арасында өзгөчө сезилет.

Ал эми катардагы каталондордо толук эгемендикке умтулуу буга чейин анча күчтүү болгон эмес. Бирок Европаны, анын ичинде Испанияны каптаган экономикалык кризис бөлүнүү идеясын кайрадан күн тартибине алып чыгууга түрткү бергенсиди.

Каталония өлкө казынасына башка региондорго караганда көбүрөөк салым кошот. Тактап айтканда, улуттук дүң өндүрүштүн 20% дал ушул чөлкөмгө туура келет. Бирок борбордук өкмөттөн - Мадридден жылына 16 миллиард евро аз алат.

Чөлкөм лидерлери башкаларды да багып жатышканын айтып, мындай адилетсиздикке чекит коюуга үгүттөп келатышат. Бирок Каталониянын карызы да башкалардыкынан көп экенин айта кетүү абзел.

Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Каталонияга салык төлөө жагынан көз карандысыздык берүүдөн баш тартып, бул өлкө Конституциясына каршы келет деп түшүндүрдү.

Артур Мастын партиясы шайлоодо көпчүлүк добуш ала албаганы менен, Испаниядан чыгуу маселесин элдин добушуна коюу аракетинен тайбай турганын ырастоодо.

"Мыйзамдык жактан Каталониянын регионалдык парламентине референдум өткөрүү анча оңой болбойт", - дейт Барселонадагы Помпеу университетинин профессору Феррон Рекехо:

- Өлкөдөн бөлүнүү маселесин референдумга алып чыгууга Испания мыйзамдары жол бербейт. Андай аракеттер Конституцияга каршы келет. Бирок мунун башка жолу бар. Каталония парламенти жана өкмөтү борбордук бийликтен, башкача айтканда өкмөт башчыдан уруксат сураса болот. Бирок ал жактан "жок, бул – мыйзамсыз, андай мүмкүн эмес”, - деген жооп келет болуш керек. Мындан тышкары Каталония парламенти референдум өткөрүү жөнүндө жаңы мыйзам жактыра алат. Бирок анда Мадрид өкмөтү дароо Конституциялык сотко апелляция берип, сот "жок, бул мыйзамсыз болот”, - деген бүтүм чыгарат. Ошондо Каталония өкмөтү эл аралык институттарга – Европа биримдиги, БУУ жана Европа кеңешине кайрылып, "каталон элинин тынч, демократиялык, Европанын баалуулуктарына сыйган талаптары мына ушундай, Испанияда бул маселени чечүү таптакыр мүмкүн эмес", - деп айта алат. "Эл аралык байкоочулардын катышуусунда, эл аралык мыйзамдардын алкагында эмки 4 жылдын ичинде референдум талабын коюп, аны өткөрүү үчүн эмне кылышыбыз керек", - деп кайрылышы мүмкүн.

Бирок каталон лидерлеринин айрым аналитиктер атагандай “куру кыял”, “романтикалык улутчулдук” аракеттеринен майнап чыгаарына ишенгендер аз көрүнөт.

Ал тапта “Барселона” футбол клубунун күйөрмандары айтылуу “Барса” Каталониянын желеги астында ойносун деген талабын коюшууда. Баса, “Барселонанын” байыркы жана эң ири атаандашы – борбор шаардын “Реал Мадрид" клубу экени айтпса да түшүнүктүү болсо керек.

Шайлоочулардын активдүүлүгү бул ирет күтүлгөндөн жогору болду. 7,6 миллион калктуу Каталонияда шайлоочулардын дээрлик 70% жекшембиде өз эркин билдирип кетишти.

XS
SM
MD
LG