Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Кыргыз спортун кантип чыйралтабыз?


Кыргыз спорту терең кризисте турат. Мунун далили Лондон олимпиадасынын жыйынтыгы болду.

Коомчулукта Лондон олимпиадасына даярдыктар начар болду, үмүт акталган жок деген пикирлер айтылып келет. Учурунда спорт жетекчилери “даярдык мыкты, 2-3 медал алып келебиз", - деп убада беришкен. Эмне себептен бул жолу кыргыз спортчуларынын жолу болбоду?

Ушул жагдайлар бир жактуу талдоого алынып жатканы менен иштиктүү сунуш-пикирлер айтылбаганын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди.

- 2008-жылкы Бээжин олимпиадасы менен салыштыра турган болсок, быйыл Лондон олимпиадасына 8 спортчу гана өз күч-аракети менен жолдомо алышты. Калган 6 жолдомону Улуттук олимпиада комитети жана федерациялардын өтүнүчү менен спортту колдоо максатында беришкен. Бул көрсөткүчтүн өзү эмнеден кабар берет? Артка кетүү деп айтсак жарашат. Себеби мыкты деген спортчулар жолдомо албай, мамлекеттин миңдеген каражаты талаага чачылды. Спорт федерациялары бул жагдайды талдоого алып, сунуш-пикирлерин айтыша элек. Кыргыз спортун өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгып, 4 жылдык план-программа да түзүп, Бразилия олимпиадасына азыртадан даярдык көрүү зарыл.

Бээжин олимпиадасынан кийин кыргыз спортчуларына шарт гана түзүп берсе, Лондондо ийгиликтер болмок деген пикирлер айтылып келет. Акыркы төрт жылда спортчуларга жакшы шарттар түзүлбөгөнүн Бээжин олимпиадасынын коло байге ээси Руслан Түмөнбаев айтып, жетекчилердин кайдыгерлигин сынга алды.

16 жылдан бери оор атлетика боюнча өлкөнүн башкы устаты Үсөнкан Майназаров спортчулар даярдыктан аксап калгандыгынын себебин мындайча түшүндүрдү.

- Учурунда каражат бөлүнбөйт. Карызга каражат алып, машыгууларга, мелдештерге барабыз. Анан ошол акчаны мамлекеттик агентиктен алалбай убара болобуз. Спортчуну калыбына келтирүүчү дары-дармектер, витаминдер жок. Чет өлкөлөрдөгү эл аралык машыгуу борборлоруна баралбайбыз.

Үсөнкан Майназаров өлкөдө жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн Лондон олимпиадасынын катышуучусу Бекзат Осмоналиев Азербайжанга кетип жатканын билдирди.

Кыргызстанда кандай гана проблема көтөрүлбөсүн анын түбү барып эле акчага такалат. Спорт дегенде деле ошол мамлекеттин алсыз болуп, жакшы көңүл бура албай жаткандыгын бетке кармап келет. Мисалы, Грузия эгемен жылдарында олимпиада оюндарында эле 25 байге уткан.

Лондон олимпиадасына Грузиянын 35 спортчусу катышып, 7 медал утуп алууга жетишти. Эмне үчүн Кыргызстанда деле ошондой жылыштар болбойт? Эмне жолтоо болуп жатат? Чынында эле баары каражатка байланыштуубу? Бул суроого өлкөгө эмгек сиңирген устат Бообек Кадыркулов мындайча жооп берди.

- Биринчиден, айылдык спортко, жаштарга көңүл буруу керек. Айылдагы таланттуу балдардын багы ачылбай келатат. Мурдагы “Колхозчу” дегендей айыл спортун колдоого алган коом түзүү зарыл. Экинчиден, Ош же Жалал-Абад шаарларына балдар үчүн спорт жатак мектебин ачуу керек. Ошондо атаандашуу болуп, мыктыларды тандоого, жаштарды өстүрүүгө өбөлгө болот.

Үчүнчүдөн, ар бир премьер-министр алмашкандан бери 20 спорт жетекчиси да алмашты. Спортту түшүнбөгөн адамдар бизди башкарган учурлар болду. Олимпиадалык мөөнөт сыяктуу иш билги жетекчини жок дегенде 4-5 жыл иштетип, жоопкерчилигин күчөтүү керек. Төртүнчүдөн, эл аралык уюмдар, спорт фирмалары менен келишим түзүп, демөөрчүлүк ишмердүүлүккө жол ачуу учур талабы.


Лондон олимпиадасынан байгелүү келген спортчуга 200 миң доллар баштаган сыйлык белгиленген. Бирок айрым адистер эгер мындай сыйлык бир жыл мурун бекитилип, жарыяланганда спортчуларга стимул болмок, өтө кеч айтылды деп жатышат.

Кыргыз спортун өнүктүрүүнүн мамлекеттик концепциясы, демөөрчүлөрү жоктугун, спорт жетекчилеринин тез-тез алмашуусу кедерги болуп жатканын “Азаттыкка” Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров айтты.

Учурда да Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болууга аракет кылып жаткандар ондоп саналат. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарын ортого салып, фракциялардын эшигин каккылап жүрүшөт. Кыргыз спортунда ийгилик болушу үчүн иш билген, менежер адис 4-5 жыл иштесе дешет серепчилер.

Кыргыз спортунун тарыхында 1980-жылдагы Москва олимпиадасы эң бийик белес катары эсте калды. Ошол олимпиадада кыргыз спортчулары 5 алтын медал утуп, дүйнөгө таанылган эле.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону 1996-жылдан бери олимпиадалык оюндарга катышып келатат. Лондондон мурдагы төрт жайкы олимпиадага 20дан 30га чейин спортчу жолдомо алышкан.

2000-жылы Сидней олимпиадасында дзю-до күрөшүнөн Айдың Смагулов коло медал утуп, олимпиадалык байгенин эсебин ачкан.

2008-жылы Бээжиндеги олимпиадалык оюндарга грек-рим күрөшүнөн Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин жылдызы жанып, күмүш жана коло медал утуп алган. Лондон олимпиадасына Кыргызстандан 14 спортчу барып, куру жалак келишти.

2016-жылы Бразилияда боло турган олимпиадага азыртадан даярдык көрүү зарыл дешет адистер.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG