Шаар бийлиги бул акчага мектеп, балдар бакчасы, суу түтүктөрү жана башка ыңгайлуулуктар курулуп жатканын билдирүүдө.
Ошол эле учурда элүүгө жакын жаңы конушта чечилбеген көйгөйлөр өтө көп экени айтылып жүрөт.
Бөлүнгөн каражат, чечилбеген көйгөйлөр
2017-жылы Бишкек шаарынын бюджетинен жаңы конуштарды өнүктүрүүгө 291 млн 300 миң сом бөлүнгөн. Ал эми мамлекеттик бюджеттен 65 млн сом берилген. Бул акча эл жыш жайгашкан жаңы конуштарга мектеп, бала бакча курууга жана суу түтүктөрүн киргизүүгө сарпталган. Бул тууралуу Бишкектеги коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүрканов "Азаттык" радиосуна билдирди:
- Калыс-Ордо жаңы конушунда 960 орундуу мектептин ачылышы болот. Ушул эле жаңы конушка суу бургусун орноттук, суу түтүктөрү курулду, агын суулар жер алдынан кетүүчү дренаждар курулду. Көлмө жаңы конушунда бала бакча курулуп жатат, октябрь айында ачылышы болот. Ак-Ордо жаңы конушунда октябрь-ноябрь айларында төрт кабаттуу мектеп ишке кирет. Бул жаңы конушка Ак-Өргөдөн кошумча суу түтүктөрү тартылып жатат. Иш жүрүп жатат, эл ыраазы.
Бишкек мэриясы жаңы конуштарды өнүктүрүүгө көбүрөөк каражат бөлө баштаганына аз эле болду. Өткөн жылы 201 млн сом бөлүнсө, мурдагы жылы андан кыйла аз акча жаңы конуштардын абалын жакшыртууга сарпталган. Кытай гранты менен жаңы конуштардын көпчүлүгүндө автоунаа жолдору жасалууда деп маалымдайт шаар бийлиги.
Жалпысынан Бишкек шаарын айланта курчаган 49 жаңы конуш бар. Бүгүнкү күнү бул конуштарда 900 миң чамалуу киши жашайт. Элүүгө жакын жаңы конушта 25 жылдан ашуун убакыттан бери 28 мектеп курулган. Анын ичинен 23ү орто, калганы башталгыч мектептер. Бул аралыкта болгону 4-5 гана бала бакча курулган.
"Дордой" базарынын айланасындагы ондон ашуун жаңы конуштарда мектеп жетишсиз. Бала бакча дээрлик жок. Жаңы конуштар менен иштеп келе жаткан "Эрайым" коомдук бирикмесинин төрайымы Рахиля Жусупова айрым жетекчилер акчага кызыгып, жердин баарын турак жайга сатып жибергенинен улам көйгөйлөр чечилбей жатканын айтат:
- Мамлекеттик аткаминерлер өздөрү шылуундарга кошулуп алып, айрым жаңы конуштардагы ооруканага, мектепке, бала бакчага алынган жерлердин баарын сатып жиберишкен. Алар муну менен өздөрүнүн эле балдарынын келечегин талкалашты. Мына, жакында эле бир жигит чет өлкөдөн инвестор таап, Ак-Өргөгө оорукана салдыралы десе, бош жер жок экен.
"Эптемей" турмуш
17-сентябрда Бишкек мэриясынын алдына Алтын-Казык жаңы конушунун тургундары келип, конуштагы көйгөйлөрдү чечип берүүсүн талап кылышты. Аталган жаңы конуш шаардык таштандынын жанына жайгашкан. Буга байланыштуу алардын турак жайлары мыйзамдаштырыла элек.
"Дордой" базарынын жанындагы Ак-Жар жаңы конушу да таштандынын жанында орун алган. Бул жаңы конуш Аламүдүн районуна карайт, тургундардын көптөгөн кайрылууларына карабай, Бишкек өзүнүн карамагына жолотпой келет. Аталган конуштун тургуну Гүлжан "жашоо эптемей" болуп жатканын "Азаттык" радиосуна айтып берди:
- Мектеп, бала бакча жок. Акча берип жүрүп шаардагы бала бакча, мектептерге киргизебиз. Маршруткага салып жиберип, алар жеткиче кооптонуп отурабыз. Кышкысын өзгөчө оор. Жол менен электр жарыгын айтпай эле коеюн. Жаан жааса кудай берип калат, баткакка малынабыз. Электр жарыгын да эптеп өзүбүз тартып алганбыз. Бир күн бар, бир күн жок.
Кызыл китеп күткөндөрдүн үмүтү
Кызыл китеп күткөндөрдүн үмүтү
Кыргызстанда 42 миңден ашык үй-бүлө "Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышын күтүүдө.
Былтыр Жеке турак жай курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөнүн негизинде 42 жаңы конушта мыйзамсыз делген 6 382 жер участогу аныкталып, 3,5 миңден ашуун үй мыйзамсыз, кооптуу жайларда курулган деп табылган. Бул үйлөрдү түрттүрүү, коопсуз жактарга көчүрүү же болбосо мыйзамдаштырып берүү маселеси чечиле элек.
Бишкектеги коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүркановдун айтуусунда, 2005-жылкы ыңкылаптан кийин башаламандык менен жер басып алуудан пайда болгон жаңы конуштарда көйгөйлөр чечилбей келүүдө:
- Өкмөттүн буйругу, мэриянын токтому чыгып, бекисе биз андай жаңы конуштарда деле иш жүргүзмөкпүз. Шаарда мыйзамсыз курулган алты миңден ашуун турак жай бар, алар боюнча иш жасай алалбайбыз. Туш келди болгон жердин баарын ээлеп, турак жай салынып, мектеп, бала бакча, ФАПтарга орун калган эмес. Электр энергиясын да өз билгендей, эптеп-септеп тартып алышкан. Эл жашай турган жерге биринчи башкы план түзүлүп, жолдор салынып, суу менен электр энергиясы тартылып, андан кийин гана турак жай курулса жакшы болмок. Тилекке каршы андай эмес. Ошондуктан болушунча четинен бүтүрүп жатабыз. Акыркы эки жарым жылда эле 2,2 млрд. сомдук активдерди жаңы конуштардын балансына өткөрүп бердик. Мунун ичинде суу түтүктөрү, мектептер, подстанциялар жана башка нерселер бар.
Борбор калаанын айланасындагы жаңы конуштардын алгачкылары 1989-жылдан кийин, акыркылары 2005-жылдан кийин пайда болгон.
"Азаттыктын" архиви: Жарыксыз жаңы конуш. 28.10.2014