Адистер кийинки кезде баланын жоопкерчилигин алгысы келбеген ата-энелер көбөйгөнүн белгилешүүдө.
Баласын бага албай калган эне
16-февраль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бир жарым жаштагы уулун өлтүрүүгө аракет кылган келин кармалганы тууралуу маалымат таратты. Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинен кароосуз калган бир жаштагы бала табылган.
- Бала табылган учурда анын денесинде, моюнунда көгала, кызгылтым тактар бары белгилүү болду. Алдын ала божомол боюнча бала муунтулган. Издөө иштеринин натыйжасында анын апасы табылды. 15-февралда кармадык. Алгачкы тергөө учурунда 22 жаштагы келин баласын багууга кудурети жетпей калганын, күйөөсү эч кандай жардам бербегенин айтты. Ал бала аз кандуулук оорусу менен жабыркаганын, дарысына акча таба албай, өлтүрүп салууга аракет кылганын, бирок жүрөгү чыдабай, көп кабаттуу үйдүн подъездине таштап кеткенин да айтып берди.
Учурда баласын өлтүрүүгө аракет кылган 22 жаштагы келин камакка алынды. Ал эми бир жаштагы наристе Оштогу балдар үйүндө кармалууда.
Балдар - миграциянын курмандыгы
Бишкекте 9-февраль күнү "Дордой" базарынын жанындагы "Ак-Жар" жаңы конушунда үч жашар бала үйүндө жан берген. Кошуналары чакырган “Тез жардам” кызматынын дарыгерлери бала сууктан улам өпкөсү кагынып, чарчап калган деп бүтүм чыгарышкан.
Чарчап калган баланын атасы биздин микрофонго сүйлөп бергиси келбеди, бирок уулу мурда эле оорукчан, чабал болгонун айтты. Айтымы, атасы кыргыз-казак чек арасына утурумдук иштерге жалданып акча табуу үчүн кеткен кезде үч жаштагы бала жети жаштагы акеси менен чогуу үйдө калчу. Чарчап калган баланын энеси Орусияга иштегени кеткен, уулу чарчап калган соң айласыздан келип отурат. Алар кара шыбагы эле бүткөн эки бөлмөлүү үйүн тургузуу үчүн тааныштарынан карыз алышканын, улам доочулар келе бергенинен келинчеги Орусияга иштегени барууга аргасыз болгонун айтышты.
“Дордой” базарынын айланасындагы ондон ашуун жаңы конушта бүгүнкү күндө миңдеген ички мигранттар жашайт. Көпчүлүгү батирлерде турат, жаш балалуулар көп. Батирлерде жашоо-шарттары начар, суу жок. Тургундар бөлмөлөрүн көбүнчө электр плитасынын жардамы менен жылытышат. Электр жарыгы өчүп калганда, кайра күйгүзүлгөнчө, суукта үшүп күч кечирүүгө туура келет.
Жакырчылык баскан үй-бүлө
Мына ушундай ашып барса төрт чарчы метрлик бөлмөдө биздин кичинекей каарманыбыз сегиз жаштагы Анара да 12 жаштагы байкеси жана апасы менен турат. Анара сегиз жашка толсо да, эмгиче мектепке бара элек. Буга кичинекей кыздын акыл-эс, бой жана сүйлөө жагынан өнүгүүсү кечеңдеп жатканы себеп экенин апасы Бүбүкан айтып берди:
- Кызым курсагымда кезинде ишибиз артка кетип, банкрот болдук. Жолдошум ичип, мага кол көтөрүп жүрдү. Ошентип, кызым курсакта кезинде эле жабыркаган экен, чабал болуп төрөлдү. Ошол боюнча эле теңтуштарынан артта калып, акыл-эсинин, боюнун өсүүсү, сүйлөгөнү да жай болуп жатат.
Маектешибиз Бүбүкан Алымованын 12 жаштагы дагы бир баласы бар. Иштери жүрүшпөй, кызы оорукчан болуп туулгандан кийин, күйөөсү иче берип, акыры кетип калган. Бүбүкан ушул тапта Бишкектеги "Дордой" базарынын жанындагы "Келечек" жаңы конушунда узун-туурасы эки-үч метр келген кичинекей бөлмөдө эки баласы менен жашайт. Базардагы ашканалардын биринде ашпозчу болуп иштеп, күнүмдүк тапкан акчасы батир акысын төлөөгө жана балдарды бакканга жетпейт. Ошондуктан, аталган жаңы конуштагы “Балдарды коргоо уюмуна” катталган, ал жерде жок дегенде күнүнө бир маал ысык тамак ичип турса болот.
- Мен бул конушка келгениме бир жыл болду. Эч жакка баралбай, барар жерим жок калганда келип, арзанырак экен деп эки балам менен ушул бөлмөгө киргем. Анан тааныштар аркылуу балдарды ошол борборго каттаттым. Улуу балам мектепте окуйт. Ал мектепке баргыча тиги борбордон ысык тамак ичип алып кетет. Кызымды өзүм алып барам. Кызым тамактан тышкары ал жерде окуганга, сүрөт тартканга үйрөнүп атат. Азыр тамгалардын баарын таанып калды. Тили так чыгып кетсе, мектепке берсемби деген оюм бар. Бул борбордо балдарга тамактан тышкары кийим-кече, окуу куралдарын да беришет. Өзүм болсо "Дордойдогу" унаа тетиктерин саткан базарда ашканада иштейм. Жакшы болгондо күнүнө 400 сомго чейин тапчумун. Азыр эми жаңы жылдан бери иш жок, батиримдин акысын да бере албай калган күндөр болуп жатат.
"Бала деп жашап жүрөбүз"
Адистер акыркы убактарда ата-энелер балалуу болгон соң, аларды багып, келечегине кам көрүү жоопкерчилигинен качкан учурлар көбөйгөнүн айтышат. Алардын белгилөөсү боюнча, ушу тапта бүтүндөй бир муун ата-энелери ички-тышкы миграцияга кеткен, ар кайсы туугандарынын колунда, ата-эне мээриминен, тарбиясынан тыш чоңоюп жатат. “Балдарды коргоо борбору” бирикмесинин адис кызматкери Кумар Эргешова баланы жарыкка алып келгени үчүн, эң биринчи кезекте анын жоопкерчилигин ата-эне алууга тийиш деп эсептейт:
- Албетте, баланын жоопкерчилиги ата-энеде. Эмне үчүн биз ушул жакка жакшы жашоо издеп келип жатабыз? Себеби, балдарыбыз үчүн жакшы шарт түзүп бергибиз келет. Ошол балдар жакшыраак жесин, ичсин, кийсин, билим алсын жана башка деп келип жаткан соң, балдардын келечегин да ойлоп, алар үчүн да ата-энелер сөзсүз кам көрүүгө тийиш.
Кыргызстанда өткөн жылы 755 бала зомбулукка кабылып, анын ичинен 137 өспүрүм зордукталган. Бул балдардын көпчүлүгү ички, тышкы миграциянын айынан, ата-энелеринин кароосуз, туугандарынын колунда калган балдар.
Ушул тапта Бишкектеги кароосуз балдар борборунда үч бир тууган: үч, төрт жана жети жаштагы балдар жашап жатышат. Аларды жаңы жылдын алдында борборго атасы алып келип таштаган. Ал энеси балдарынан баш тартып кеткенин, өзү болсо балдарды бага албай, эми Орусияга иштегени кетерин айткан. Социалдык тармактарда бул балдар тууралуу маалыматтар жарыялангандан кийин, айрым жарандар аларды багып алууга даяр экенин билдиришкен эле. Бишкектеги кароосуз балдар борборунан “Азаттыкка” билдиришкени боюнча, мына ушундай маалыматтардан кийин балдардын атасы келип, балдары менен жолугуп кеткен.