Ал Башкы прокуратура бул ишке Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун аныктап чыгуу үчүн мекемелер аралык топ түзүүнү тапшырды.
31-августта эгемендик күнүндө Атамбаев мурдагы президент Роза Отунбаева баштаган Убатылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүн кескин сындаган эле.
Күтүүсүз козголгон кылмыш иши
Башкы прокуратура 14-сентябрда Кадыржан Батыровдун качышы боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жикчилердин анабашы деп айыпталган Батыровдун чет өлкөгө чыгып кеткенине байланыштуу жаңы жагдайларды таап чыкканы негиз болгон.
Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөновдун билдиришинче, президент Башкы прокуратурага Батыровдун сыртка чыгып кетишине Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн катыштыгы бар-жогун иликтеп чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү тапшырды:
- Мамлекет башчысы тереӊ жана объективдүү иликтөө жүргүзүү үчүн прокуратура органдарынын алкагы менен чектелбестен, ведомстволор аралык тергөө тобун түзүүнү башкы прокурорго сунуш кылды. Президент “бардык жагдайлардын элге жарыяланышын каалабаган күчтөр тарабынан катуу каршылыктар болорун түшүнөрүн, бирок жарандар кандай гана болбосун ачуу чындыкты билүүгө тийиштигин" айтты. "Мекемелер аралык тергөө тобунун ишинин жыйынтыктары тууралуу Башкы прокуратура президентти жана коомчулукту кабардар кылууга тийиш" деди.
2010-жылы коомдук-саясий ишмер Эдил Байсалов Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппаратын кыска мөөнөт жетектеген. Ал Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт даярдоо тууралуу Тышкы иштер министрлигине кат жөнөткөн деген сөздөр айтылып жүрөт. Байсалов ал кызматтык милдети болгонун, бирок анын өтүнүчү менен паспорт берилбегенин, бул ишке тиешеси жоктугун билдирип келет:
- Элдин баарына белгилүү болгондой, мен Убактылуу өкмөттөн 25-майда кеткем. Баарына “силер 7-апрелде курман болгондордун үмүтүн актаган жоксуңар, мунун арты жакшылык менен аяктабайт” деп беттерине айтып чыгып кеткем. Кадыржан Батыров эмне болду, аягында аны ким кетиргени, ким качырганы, белгисиз. Менин ага эч кандай тиешем жок. Бул азыркы бийликтин, жеке Атамбаевдин эл унутуп калган нерседен чоң саясат жасап, мурунку нерселерди алып чыгып, элди алаксытуу амалы. Бул туура эмес жана ыплас иш деп ойлойм. Майнапсыз аяктай турган иш.
Президенттин эски санаалаштары иш козголгонун кубаттады
Убактылуу өкмөттүн аппаратын башкарган Эмилбек Каптагаев ошол кездери Кадыржан Батыров менен Алмазбек Атамбаев баарынан көп жолугушканын, бир канча сааттап сүйлөшкөнүн айтып келет. Ал кылмыш иши козголуп, териштирүү башталганын кубаттады:
- Акыйкат иликтенип чыгып, эмне болгону айтылышы керек. Иликтесе, андан бир нерсе чыкса айтышат да. Эми ошол бир нерсе бар деп жаткандардан эмненин негизинде, кандай далилден улам бар деп жатасыңар деп сураш керек.
Өлкөдөгү коопсуздук маселесине Убактылуу өкмөттө Атамбаев жооп берген. Ошондой атайын чечим чыккан.
Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн бири, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Кадыржан Батыровдун качышын иликтөөдө Алмазбек Атамбаев биринчилерден болуп көрсөтмө бериши зарыл жана тергөө адилет жүрүшү керек:
- Бул боюнча көп сөз болуп жатат. Фактыларды ырастоо керек. Тергөө объективдүү болуп, Атамбаевдин жүрүм-турумун, кылган иштерин да териштиргендей болушу керек. Эмил Каптагаев Кадыржан Батыров менен эң көп жолуккан Атамбаев өзү болгон деп айтпадыбы. Ошон үчүн Атамбаевдин иш-аракетин тергөө жаап-жашырбагандай болушу керек. Анткени өлкөдөгү коопсуздук маселесине Убактылуу өкмөттө Атамбаев жооп берген. Ошондой атайын чечим чыккан. Ал анын милдети болгон. Ошон үчүн ал кайсы бир чечимдерди кабыл алган болушу мүмкүн. Атамбаевди тергебей эле башкаларга жалган жалаа жаап, ошол жалаа менен кимдир бирөөлөргө иш козгойбуз десе, анда бул саясий куугунтуктун куралы болуп калат. Эгер териштирүү объективдүү жүрүп, тергөө Атамбаевдин өзүнөн башталса, анда чындык ачылат.
Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында “Ата-Журт” фракциясынан депутат болгон Жылдыз Жолдошева июнь коогасы жана андагы күнөөкөрлөрдү жоопко тартуу боюнча көп маселе көтөргөн. Анын пикиринде, коомчулук кандуу окуялар боюнча чындыкты күтүп жатат:
- Апрель-июнь окуяларынын чындыгы 20-50 жыл өтсө деле баары бир чыгышы керек. Ошондо гана элдин көксөөсү сууйт. Чындыгы чыкмайынча, күнөөлүүлөр жазаланмайынча, Кыргызстанда стабилдүүлүк болбойт. Кан төгүү менен аяктаган окуянын чындыгы сөзсүз айтылышы керек.
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борборунун жетектеп турган Кадыржан Батыровго Кыргызстанда улут аралык жаңжалды козуткан, жикчилдикке чакырган, калайман башаламандык уюштурган деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.