16 жаштагы Айназик "Момо" оюну тууралуу курбуларынан уккан. Ал тирукмуш тасманын каарманына окшош сүрөтү бар "аял" менен сүйлөшүп көрмөкчү болгон.
- Менимче, "Момо" бул кадимки эле бот. Ага жазгандан кийин "сенин кайсы жерде жашаганыңды билем, бат эле таап алам" деп коркутат экен. Аны менен көп жазышкан жокмун. Өзү жооп бербей жатты. Кээде коркунучтуу, ачуу кыйкырык жазылган аудиолорду жиберчү. "Момо" азыр балдардын оозунан түшпөй калды. Баары аны менен сүйлөшкүсү келет.
"Момо" оюну Испанияда бир нече ай мурда пайда болгон. Анда телефон номери көрсөтүлүп, колдонуучуларды коркунучтуу арбак менен байланышууга чакырышкан.
Бир айдан бери бул оюнга дүйнөнүн булуң-бурчундагы "WhatsApp" колдонуучулары кошулган. Алар "Момо" аларга коркуткан билдирүү жазып, өлгөн кишилердин сүрөтүн жибергенин айтып чыгышкан.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 15-августта билдирүү таратып, "Момо" аттуу оюн буга чейин "өспүрүмдөрдү жан кыюуга түрттү" деп айтылган “Көк кит” аттуу оюнга окшош экенин эскертти. Укук коргоо органдары ата-энелерди балдардын чөнтөк телефондорун көзөмөлгө алууга чакырды.
Үч баланын энеси Ызаат Тургунбаева балдарынын коопсуздугуна жакшылап көңүл бурат. Бирок балдардын телефонун 100% көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Ал балдардын бош убактысын телефондон алыс өткөрүүнү сунуш кылат:
- Балдардын коопсуздугун эске алып, телефон алып бергем. Кайсы оюнду көчүрүп, эмне кылып жатканын текшерип турам. Албетте, толук текшерүү кыйын. Айлык алган сайын балдарыма китеп сатып алууну адатка айландырдым. Китепке кызыктыруу - ата-эненин милдети. Кээде китептеги жомокту жарымына чейин окуп же айтып берип: "Калганын өзүң оку!" деп тапшырма берем. Менимче аларды кызыктыруунун жолу көп.
Балдар менен иштеген адистер адатта мындай оюндарга ата-эне мээриминен өксүгөн балдар кабылат деп эсептешет.
Балдар психологу Перизат Асылбаева маселени чечүүнүн жолун балдардын телефонун текшерүүдөн эмес, ага көңүл буруудан көрөт. Ал балдардын азыркы мууну аябай сезимтал экенин кошумчалады:
- Өзүн жалгыз сезип, кимдир-бирөөнүн көңүлүнө, мээримине суусаган балдар манипуляцияга бат азгырылат. Алар буйруктарды аткарышы мүмкүн. Буга ата-эне баланын жан-дүйнөсүнө кызыкпаганы себеп. Ата-эне баласынан: "Сен кандай жүрөсүң? Сени ойлонткон нерселер барбы?" деп сурап турушу керек. Курсагынан, кийиминен башка да аларды түйшөлткөн маселелер толтура болуш керек. Балдардын ишеничине кирип, аларды колдоп, түшүнгөн адам бар экенин билгизүү зарыл. Эгер маселе жаралса же кимдир-бирөө коркутса, алар ата-энеге өздөрү айткандай шарт түзгөн оң.
Кыргызстанда ажалга азгырылып, өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны кийинки жылдары көбөйүп баратат. Расмий маалыматтар боюнча, 2017-жылдын тогуз айында өлкөдө балдар арасында 96 суицид катталган.
Бир жыл мурда "Кыргызстанда Орусиядан келген "Көк кит" аттуу интернет-оюн жайылып, өспүрүмдөрдү суицидге түртүп жатат" деген маалымат ата-энелерди, балдарды да дүрбөлөңгө салган.
"Азаттыктын" архиви: жалп өчкөн жаш өмүрлөр. 8-июль, 2018-жыл