Бишкекте 20-ноябрда өкмөт башчы жетекчилик кылган Маңзатты көзөмөлдөө координациялык комитети экинчи жолу жыйынга чогулду. Ага эл аралык донор уюмдардын, өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрү да катышты. Жыйында мыйзамсыз маңзат соодасын тыюу боюнча аракет жетишсиз экени айтылды.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн маңзатка каршы программасын кабыл алуу тууралуу жардыкка ушул жылдын башында эле кол койгон болчу. Аны ишке ашыруу жол-жобосу эми дээрлик 10 айдан кийин гана кабыл алынганы жатат. Буга байланыштуу вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.
Документте маңзатка каршы күрөшүүнүн комплекстүү чаралары каралганын, ага күч органдарынан сырткары башка министрлик-мекемелер да тартылганын, баарынын милдеттери жазылганын белгиледи:
- Маңзатка каршы программаны ишке ашыруу планын иштеп чыгуу абдан оор болду. Анткени саясий кырдаал өзгөрөбү, же жокпу, бул иш системалуу түрдө алдыга жылышы керек. Аткаруу бийлигиндеги күч органдардан башка мекемелер-министрликтер ырааттуу иш алып барышы керек. Бул программа “дежур кагаз” болуп калбасын деп өкмөт аябай чоң маани берип, документтин чала жерлерин таап, бир канча жолу артка кайрылганбыз. Каржы булактарын таап, эл аралык каржы институттар, уюмдар, өнөктөш мамлекеттер менен чоң иштер жасалды. Ошондуктан бир аз кечирээк кабыл алынып жатат.
Маңзат ташуу азайды
Кыргызстан Ооганстандын маңзаты ташылып өтчү жолдо турат. Бириккен улуттар уюму Ооганстанда апийим өстүрүү быйыл болуп көрбөгөндөй чекке жеткенин билдирди. Уюмдун маалыматы боюнча, өткөн жылга караганда жети пайызга көп айдалды. Талдоочулардын баамында, мунун Кыргызстанга да кесепети оор болушу мүмкүн.
Антсе да Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын штаб жетекчиси Расул Турганов соңку учурда бул жол аркылуу ташуу азайып калганын айтууда:
- Соңку эки жылдан бери түндүк каттамдагы мамлекеттерде, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана бизде да Ооганстандан келген оор маңзаттардын ташылуусу азайып жатат. Анын себебин эч ким так айтып бере албайт. Ал эми Балкан каттамында болсо, тескерисинче, буга чейин болуп көрбөгөндөй ооган маңзаты кармалып жатат. Ооганстанда мыйзамсыз маңзат менен соода кылгандар оңой көрүп жатат го деп ойлоп жатабыз. Былтыртан тарта Тажикстан чек араларын кыйла бекемдеди. Бизге ооган маңзаты Тажикстан аркылуу гана келет.
Жогорку Кеңештеги Социалдык саясат комитетинин төрайымы, депутат Дамира Ниязалиева мыйзамсыз маңзат соодасы менен шугулдангандардын кесепети жөнүндө кеп салды:
- Маңзаттын артында миллиондогон, миллиарддаган доллар каражат жатат. Мындан улам мындай бизнес менен шугулдангандардын таасири абдан күчтүү болуп, бул терс көрүнүштү алдын алууга тоскоол кылып жатышат. Эгер биз алдын алуу иштерин күчөтүп, маңзат колдонгондордун санын азайта турган болсок, баңгизат соодагерлеринин да кирешеси азаят. Ушундан улам алар болушунча тоскоол кылып, бут тосуп жатышат.
Мурунку ички иштер министри Болотбек Ногойбаев “Азаттыкка” курган маегинде маңзатка каршы күрөш боюнча буга чейин деле программалар жазылып, стратегиялар кабыл алынып келгенин белгиледи. Бул жолу Кыргызстан бардык мекеме-министрликтердин башын бириктирген комитет түзүү менен Орусиянын тажрыйбасын пайдаланганы жатканын айтты:
- Орусияда ушундай комитет жети-сегиз жылдан бери иштейт. Ал жерде жалпы бюджет каралган эмес. Аларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каржы булагын өзү таап бекитет. Жалпы стратегиянын алкагында ар ким өз иш-чарасын өзү белгилеп, өзү өткөрөт.
Күч - бирдикте
Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен Ички иштер министрлиги чогуу иштемек түгүл, өз ара тымызын тирешип келгени коомчулукка жашыруун деле эмес. Мурунку министр Болотбек Ногойбаевдин баамында, бул маселени чечүү өкмөт башчынын орун басарынан көз каранды болот:
- Эгер таза атаандаштык болсо, анда бул жакшы эле көрүнүш. Ошол структуралардын тирешин алдын алган азыркы күндө вице-премьердин милдети болуп турат. Ошол киши баарын карап, милдеттерди бөлүштүрүп, багыт берип, көзөмөлдөп турушу керек. Болбосо чоң программаны ишке ашыруу жалгыз Баңгизатты көзөмөлдөө кызматынын, же болбосо ИИМдин колунан келбейт.
Кыргызстанда 300гө чукул адам мыйзамсыз маңзат соодасына байланыштуу Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат. Мындай бизнес менен шугулданган 30го жакын топ бар экени аныкталган. Кармалгандар арасында коомдук-саясий ишмерлер, журналисттер жана аты чыгып калган партиянын мүчөлөрү бар.
Айрым серепчилер Кыргызстанда бизнестин бул түрү саясий чөйрөгө аралаша баштаганын, ошондуктан аны менен күрөшүү оор болорун айтып келишет.