Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Владикавказда соода борборундагы жарылуудан киши өмүрү кыйылды


"Алания Молл" соода борборундагы өрт. Владикавказ. 25-декабрь, 2024-жыл
"Алания Молл" соода борборундагы өрт. Владикавказ. 25-декабрь, 2024-жыл

Владикавказдагы "Алания Молл" соода борборунда жарылуу болду. ТАСС чукул кызматтарга таянып, бир киши каза тапканын, тогузу жараат алганын кабарлады.

Түндүк Осетиянын жетекчиси Сергей Меняйло жарылуу болгон маалда имараттын ичинде жүргөн аял каза тапканын тактады. Жабыркагандар - борбордун кызматкерлери жана ошол туштан өтүп бараткандар. Окуя болгон кезде соода борбору жабык болчу.

Адегенде газ баллону жарылганы маалымдалган. Кийинчерээк Меняйло Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме жасап, жардыруу жана өрт атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары кулаганда келип чыкканын билдирди.

"Бул версияны тергөө иштеринин алдын ала жыйынтыктары да бышыктайт. Көзөмөл камераларынан жарылуу имараттын сыртында болгону көрүнүп турат", - деп жазды жетекчи.

Коргоо министрлиги Түндүк Осетиянын үстүнөн атып түшүрүлгөн дрондор тууралуу билдире элек.

Baza Телеграм-каналынын маалыматына караганда, жарылуу саат 8.30да имараттын жогорку кабатында болгон.

Ал эми Чукул кырдаалдар министрлиги өрт үчүнчү кабатта тутанганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG