Жума соңунда комиссия төрагасы Курмантай Абдиев баш болгон депутаттар тобу Баткен шаарында жергиликтүү актив жана коомчулук өкүлдөрү менен талкуу уюштурду.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар облустун жоюлушуна караманча каршы экендиктерин билдиришти. Мындай пикирлерге жооп кылган депутаттык комиссия төрагасы Курмантай Абдиев коомчулукка ар кандай туура эмес маалыматтар таркап кеткенин, дароо эле облусту жоюп салышат экен деген сөздөр туура эместигин айтты:
- Борбордогу жетекчиликтин, тиешелүү министрликтердин көңүлүн буруу менен маселелерди жакындан карап, чечип берели деген максатта ушундай маселе койгонбуз. Көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн кичине курчутуп, ушундай дегенбиз.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар облусту жойгондун ордуна аймактын чек аралаш айылдарын өнүктүрүүгө көңүл буруу зарылдыгын айтышты.
Баткен районунун акими Сейтмурат Калыков болсо эгемендик алган жылдан бери Баткен районунда бир да орто мектеп имараты мамлекеттик программа менен бүтпөгөнүн белгиледи:
- Жалгыз бир мектеп бар мамлекеттик программага кирген. Ошо да бүтпөй жатат. Союз таркагандан бери бүтпөйт ушу мектебибиз. Азыр 9 мектеп кооптуу абалда турат. Министр келгенде 5 мектепти мамлекеттик программага киргизебиз деген. Бирок быйылкы программага кирбей калды.
Кыргыз-тажик чегиндеги Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өcөрова болсо чек арада күндөн күнгө абал оорлоп жатканда келечекти ойлогон киши кантип ушундай маселе көтөрдү деп, облусту жоюу демилгесин козгогон депутаттарды каарып алды:
- Баткен облусунун калкы өзү кыйналып, көйгөйлөрдү чече албай жашап жатышса... Андан көрө депутаттар ушу маселелерди чечип, облустун макамын көтөрүүгө жардам бериңиздер. Биз болбосок да келечек муундар үчүн аймакты көтөрүш керек.
Ошентип жыйынга катышкандардын көпчүлүгү бир жагынан Өзбекстан, бир жагынан Тажикстан менен чектешип турган аймактын облустук макамга ээ болуп турганы маанилүү экенин белгилешти.
Чек арадагы Баткендин дагы бир айылынын тургуну Акжол Алимов маселени жөнөкөй эле жол менен чечсе болоорун сунуштады:
- Реформа кылалы деп баш оорутуп отурбай эле аймакка темирдей тартип кармаган кишини жетекчи кылыш керек. Мамат Айбалаевди же ошондой кишини губернатор деген макам менен алып келүү шарт. Аймактагы күч түзүмдөрүн башкаргандай укукту бериш керек. Ошондо маселе толук чечилбесе да азыркыга карганда кыйла оңолот.
Комиссия мүчөлөрү болсо аймакка дагы келип, акыркы сунушту кайрадан талкууга алышаарын айтып кетишти.
Баткен облусун жоюу демилгесин Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында «Республика» фракциясынын депутаты Назарали Арипов козгогон. Ал анда облусту жоюп, Баткен жана Лейлек райондорун түз өкмөттүк башкарууга өткөрүү демилгесин айтып чыккан эле. Депутат Курмантай Абдиев ага улай эле Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарын Ош облусуна кошууну айтып, кесиптешин коштогон.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары болсо тескерисинче Баткен облусуна көбүрөөк көңүл бурууну жана облус башчысына вице-премьер-министр даражасын кошуп, ыйгарым укуктарын күчөтүүну сунуштаган. Мына ушундай талаш-тартыштардан соң Жогорку Кеңеште Баткен облусун реформалоо боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.
Баткен облусу 1999-жылы аймакка өздөрүн Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү атаган топтун кол салуусунан кийин түзүлгөн. Облус түзүлгөндө чек араларды бекемдөө жана өлкө борборунан алыс туруп, социалдык-экономикалык жактан артта калган аймакты өнүктүрүү максаты коюлган.
Облус азыр үч райондон, облустук маанидеги үч жана райондук башкаруудагы үч шаардан турат. Калкынын саны 400 миңден ашуун. Аймак Өзбекстандын Фергана, Тажикстандын Согду облустары менен чектешет. Ушу күнгө дейре бул эки өлкө менен мамлекеттик чек аралар такталбагандыктан чектеш аймактарда жер-суу талаштарынан улам тез-тез чыр-чатактар чыгып турат.