Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

"Акылдуу шаардын" артында ким турат?


Бишкек
Бишкек

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алымбек Бактыбеков өзүнүн "Акылдуу шаар" долбооруна тиешеси тууралуу маалыматты жокко чыгарды.

Мунун алдында бул долбоорду ишке ашырганы жаткан кытайлык "Huawei Technologies" компаниясынын Кыргызстандагы өнөктөшү "АКА минералз энд майнинг" жоопкерчилиги чектелген коому айрым бир күдүк ойлорду жараткан.

Анда Алымбек Бактыбеков "Акылдуу шаарды" ишке ашырууга жооптуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинде эксперт болуп иштегени, "АКА минералз энд майнинг" депутаттын үй-бүлөсүнө таандык "АККА компаниялардын тобу" компаниясына караштуу деген божомол тараган.

Кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы кытайлык "Beijing China Veterans Lingxin Capital Management" жана "АКА минералз энд майнинг" компаниясы менен чогуу ишке ашырарын маалымдаган.

“Коопсуз шаарды" тушаган кызыкчылыктар

“Коопсуз шаарды" тушаган кызыкчылыктар

Акыркы айларда Кыргызстанда жолдо катталган кырсыктардын саны кескин өсүп кеткени чоң көйгөйгө айланууда.

Ушундан улам "АКА минералз энд майнинг" компаниясы кызыгуу жараткан. Ачык маалымат булактарында компаниянын буга чейин жасаган иши, ал катышкан долбоорлор тууралуу бир да маалымат жок. Болгону Юстиция министрлигинин сайтында 2014-жылды октябрда кайра каттоодон өткөнү, жетекчиси жана негиздөөчүсү Курбанов Касым Муратович менен "АКА Петролеум" жоопкерчили чектелген коому экени көрсөтүлгөн. Негизги ишмердиги "жаратылыш минералдарын жана тоо тектерин казуу" деп жазылган.

"АКА минералз энд майнинг" компаниясы катталган дарек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:31 0:00

Айрым маалымат каражаттары "АКА петролеумдун" "АККА компаниялар тобу" аттуу компания менен байланышы бар" деген жоромолду жазып чыгышты. Коомдук ишмер Үсөн Сыдыковдун уулу, Жогорку Кенештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Бактыбек Сыдыков 2011-2015-жылдары "АККА" компаниялар тобунун" директорлор кеңешинин төрагасы болгон. Компания соода-сатык, туризм, курулуш, күйүүчү май сатуу, желим буюмдарды чыгаруу, күзөт кызматы өңдүү бир канча ишканадан турат.

"Азаттык" Бактыбек Сыдыковдун уулу, Бишкек шаардык кеңешиндеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алымбек Бактыбеков менен байланышты. Ал үй-бүлөсүнө тиешелүү компаниянын "Акылдуу шаар" долбооруна тиешеси бар" деген маалыматты негизсиз деп билдирди:

- Биздин эч кандай тиешебиз жок. "АККА компанияларынын тобу" деген биздин компания. Биздин "АКА минералз энд майнинг" дегенге тиешебиз жок. Юстиция министрлигиндеги компаниялардын реестеринен текшерип көрдүм, тиешебиз жок. Чаташтырып алышкан окшойт. Чынын айтсам окуганда өзүм дагы айран-таң калдым. Дароо чалып, "тиешебиз жок" деп айттырдык.

Өкмөттүн отчету: сын менен мактоо аралаш

Өкмөттүн отчету: сын менен мактоо аралаш

Айрым депутаттар "Коопсуз шаар" долбоорун "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашыруу аракетин сынга алышты жана сот иштерин күтпөй чукул арада ишке ашыруу керектиги айтылды.

Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги "Акылдуу шаар" долбоорунун инвесторлорунун бири, "АКА" минералз энд майнинг" компаниясын түзгөн "АКА Петролеум" жоопкерчилиги чектелген коом тууралуу учкай маалымат берди. Ага ылайык, бул компания 2014-жылы 14-апрелде Германияда түзүлгөн жана башкы директору Нурмамэт Кудрэт деген адам. Компания газ, мунай өндүрүү, пайдалуу кен казуу, долбоорлоо, даярдоо иштерин жүргүзүү, капиталдык салымдын бардык түрүн алуу, сактоо, бөлүштүрүү, пайдалануу менен алектенет. Бул компаниянын курамына Бириккен Араб Эмиратында, Германияда, Англияда, Кытайда жана Борбор Азияда кыймылсыз мүлк, мейманканалардын долбоорлору боюнча инвестиция менен иштеген "AKA International" деген да компания кирет.

Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигининин башчысы Эсенкул Момункулов Алымбек Бактыбеков бул агенттикте эксперт болуп иштеп кеткенин бышыктады. Анын маалыматы боюнча, "Акылдуу шаарды" ишке ашырганы жаткан кытайлык компаниянын Кыргызстандагы өнөктөшү немис компаниясына караштуу:

- Ал жигит убагында бизде да иштеп кеткен экен. Мен жадагалса ал баланы тааныбайм. Мага "ал бала шаардык кеңешке депутат болгонго чейин иштеп кеткен" деген маалымат беришти. Ал эми "АКА Петролеум" деген бүл өзү немистердин компаниясы. "АКА минералз энд майнингдин" бул жерде да долбоорлору бар экен. Алар "АКА Петролеумдун" бул жактагы бир бөлүгү. Ошондуктан бул кечээ эле түзүлө калган шектүү компания эмес.

Эсенкул Момункуловдун ырастаганы боюнча, "АКА минералз энд майнинг" "Акылдуу шаар" долбооруна тогуз миллион доллар үлүш менен кирип жатат. Ал "бул каражат жалаң окутууга, ар кандай тренингдерге жумшалат" деген маалыматты жокко чыгарды. Момункулов инвесторлор өз ара бири-бири менен буга чейин кызматташып келгенин, бардык жоопкерчилик "Huawei Technologies" компаниясына жүктөлөрүн белгиледи:

Эсен Момункулов.
Эсен Момункулов.

- Ал инвестордун өнөктөшү катары тогуз миллион доллар жабдууларга, программалык камсыздоого, инфраструктурага берилген акча. "Окутууга ушунча акча берилет" деген нерсе жок. Инвесторлор өз ара кандай чечишет - бул биздин маселе эмес. "АКА минералз энд майнинг" тогуз, ал эми "Huawei Technologies" 51 миллион доллар менен кирип жатат. Ошондо жалпы суммасы 60 миллион доллар болуп жатат. Бул немис компаниясы Кытай менен да иштешет экен. Алар бири-бирин таанышат экен. Немис компаниясынын Кытай менен импорт-экспорт бизнестери бар экен. Ошондуктан булар бири-бирин тааныйт экен. Алардын бизге эч кандай тиешеси жок. Ошондуктан алар бул жактан бир компанияны алганбы же кандай, бизге тиешеси жок, бул алардын иши. "Huawei Technologies" аларды тапты, аларга ишенип жатат, демек жалпак тил менен айтканда өзү башы менен жооп берет.

11-январда кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча кытайлык "Huawei Technologies" компаниясы менен инвестициялык келишимге кол койгон. Жалпы баасы 60 миллион долларга эсептелген долбоордун негизинде Бишкек менен Ош шаарларында жана үч стратегиялык жолдо көзөмөл камералары орнотулмакчы. Долбоор 1,5 жарым жылда ишке ашырылат жана жумшалган каражатты кыргыз өкмөтү беш жыл ичинде кайтарып бериши керек.

Деген менен бул келишимге байланыштуу коомчулукта бир катар дооматтар айтылып жатат.

Талдоочу Даниел Кадырбеков маселен, улуттук долбоорду ишке ашыра турган компаниянын тендерсиз тандалышын, анын репутациясынын эске алынбаганын сынга алды:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

- Бул маселени карай баштаганда биринчи эле тендер болбогонунан баштасак болот. Коррупцияга малынган мамлекетте кайсы бир долбоорду ишке ашырганда суроолор жаралат. Экинчиден, долбоорду ишке ашыра турган компаниянын кадыр-баркын карайлы. "Huawei" Кытайдагы эң чоң долбоорлорго кошулган, мамлекет менен тыгыз байланышы бар. "Мамлекеттин атынан тыңчылык, киберчабуул кылган" деп АКШда, Сенатта маселе каралган. Бул компания АКШда көптөгөн долбоорлордон четтетилген. Себеби армия менен партиянын куралы катары булар "тыңчылык" менен алектенет деп Европада чоң кооптонуу бар. Үчүнчүдөн, Кытайдын тышкы инвестициясынын өзгөчөлүгүн карап көрүш керек. Эгерде Африка мамлекеттерин алсак, анда ар бир коррупциялык жаңжал мамлекетте отурган бюрократтар Кытайдан "откат" алып, "өздөрү тапты" деп бир жергиликтүү компаниябы же башка компания болобу, ошол жерге "откатты" тымызын өткөрүп берет. Бул эми 20-30 жылдан бери болуп келе жаткан схема.

Кыргыз өкмөтү "Акылдуу шаар" долбоорун бир канча жылдан бери ишке ашпай келген "Коопсуз шаар" долбоорунун ордуна алып чыкты. "Коопсуз шаар" боюнча соңку алты жылдын ичинде эки жолу тендер өттү, бирок анын баары чыр-чатак, соттошуу менен коштолуп, бүгүнкү күнгө чейин чекит коюлбай келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG