Кулчулук торунан кутулган келин
Анталияда иштеген кыргызстандык балдар Каныкей аттуу келинди сексуалдык кулчулуктан куткарып, бир күн мурда Бишкекке жеткиришти. Каныкей торго түшкөнүн Түркияга барып, документтерин алдыргандан кийин түшүнгөн. Аны таанышы жумушка чакырып, олчойгон айлыкты убада кылган. Түркияга алданып барып, азапка кабылган кыргызстандык кыз-келиндердин окуялары буга чейин эле катталып келген.