Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Чүйдөгү түрмөдө үч киши оозун тикти


Кыргызстандагы абактардын бири
Кыргызстандагы абактардын бири

Чүй облусундагы №16 абакта үч киши оозун тигип алды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалыматына караганда, камактагылар колония жетекчилигинин аларды айып камерасына камоо тууралуу чечимине каршылык билдирип жатышат.

- Үч соттолуучу абактын ички тартибин бузган. Буга чейин да бир нече жолу бузган экен. Ошого байланыштуу колония жетекчилигинин чечими менен бир айга айып камерасына камалган. Ошол чечимге каршылык иретинде жана "бизди сабап, кыйнап атат" дешип акыйкатчыга кайрылышыптыр. Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү келип, алар менен сүйлөшүп кетишкен. Баары мыйзамдуу экенин көзү менен көрүштү. Абакта эреже бузгандар ар кандай убакытка абак камерасына камалып турат, - деди ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова.

Акыйкатчынын маалыматына караганда, камактагылар акцияны 25-майда баштаган. Соттолгондордун биринин атасы Эмилбек баласы бул түрмөдө отурган бир жылдан бери бир нече жолу сабалганын билдирди:

- Баламды сабашыптыр. Бул биринчи жолку эмес. Үчүнчү ирет ушундай болуп отурат. Эреже бузабы-бузбайбы, уруп-сабаганга укуктары жок да?

Үч кишинин жакындары алар колонияда кыйноого кабылып жатканын айтып, Акыйкатчы институтуна кайрылышкан. Мекеменин жабык жайлардагы адам укуктарынын сакталышына байкоо салган бөлүмүнүн жетекчиси Алберт Көлөпов 28-майда №16 абакка барып, акция өткөрүп жаткандардын талабын угуп кайткан:

- Айып камагына бир айга камалышкан экен. Буга үчөө нааразылык билдирип, ооздорун зым менен тигип, курсактарын устара менен тилип алышыптыр. "Бизди негизсиз бир айга айып камерасына камап койду" дешти. Абалы начар экенин билдирип, ооруканага чыгарууну талап кылышты. Бирөө колун кесип алыптыр. Колония жетекчилигинин айтымында, алар өздөрү турган орундан башка тарапка уруксатсыз өтүп кетиптир. Ал жактан уруксаты жок өткөнгө болбойт экен. Ошол себептен улам жетекчинин көрсөтмөсү менен бир айга камалган. Ал жактан чыгыш үчүн оозун тигип, ачкачылык кармаптыр. Мен барган убакта ичтеринен кан агып, хирург тазалап, таңды. Андан тышкары түрмө кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганын айтышты. Бирок жаза өтөө кызматкерлери алардын айткандарын четке кагышты. Колониянын жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн кийин алардын айып камерасындагы мөөнөтү бир айдан беш күнгө кыскартылды.

Түрмөдө оозун тигип, нааразылык билдирген үч кишинин аты-жөнү ачык айтылган жок. Кыргызстандын абактарында соттолгондордун мындай акциясы буга чейин да болгон. Кыйноо боюнча иштеген укук коргоо уюмдары кыргыз түрмөлөрүндө бир катар көйгөйлөр бар экенин айтып, абалды опурталдуу катары сыпаттап, тынчсыздануусун билдирип келатышат.

"Эркиндик үнү" коомдук фондунун өкүлү, укук коргоочу Асел Койлубаева ооз тигүү өнөкөтү түрмөдө отургандар менен абак кызматкерлери бири-биринин укуктарын сактабай, эрежелерге баш ийбегенине байланыштуу экенин белгиледи:

Асел Койлубаева.
Асел Койлубаева.

- Жабык жайлардагы адамдардын мындай кадамы көп учурда аргасыз чара болот. Камакта жаткандарга кыйын эле. Мындан башка жол жок болгондуктан өздөрүнө көңүл бурдуруш үчүн оозун тигип же башка кадамдарга барышат. Мындай маалыматтар Атайын прокуратурага белги болуп, акция өткөрүп жаткандардын талабы тууралуу иликтөө башталышы керек. Кээ бир учурда өз талаптарын орундатыш үчүн айла-амал кылып, оозун тиге калган учурлар болуп калат. Бирок алар өтө аз пайызда. Негизи көбү айла жоктон ушундай жолду тандашат.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү билдиргендей, №16 түрмөнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн кийин оозун тиккен үч кишинин айып камагындагы мөөнөтү бир айдан беш күнгө кыскартылган. Мындан улам алар акцияны токтотууга макул болушкан. Айып камерасындагы мөөнөт 30-майда бүтүүгө тийиш. Камактагылардын жакындары акцияны токтоттубу же жокпу, кабар ала электигин айтышты.

Аталган абак Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан. Бул түрмө 2008-жылы тополоң чыгып, ал окуя өлүм менен аяктаганы белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG