Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 12-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйынында эми бул тизме ушул жылдын этегине чейин түзүлөрүн убада кылды. Ал быйыл жыл башында Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы тууралуу маалымат берди.
Февралдагы жыйында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшкөн мамлекеттик органдардын баарын сынга алган жана аларды паракорчулукка белчесинен батып калган деп билдирген.
Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, "коррупцияга жол берген, кызматтык кылмыш кылган, мамлекеттик, муниципалдык менчикти уурдаган" деп соттолгон аткаминерлердин бирдиктүү маалымат базасы ушул жылдын 1-июнуна чейин түзүлүшү керек эле.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бул иш кечеңдеп жатканын ырастап, президенттин күч органдарында ротация жүргүзүү тапшырмасы тууралуу да маалымат берди:
- Бул иштер өтө көлөмдүү болгондуктан дагы деле уланып жатат. Ушул жылдын аягына чейин коррупциялык жагдайлары бар экономикалык жана кызматтык кылмыш кылган адамдардын укук коргоо органдарынын биринин расмий сайтына жарыяланат. Укук коргоо органдарынын баарында сентябрь-октябрь айларында ротация болот. Укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары өздөрү ошол райондордон боло турган болсо, анда алар коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы жетиштүү деңгээлде күрөшө албайт.
Коррупционерлердин "кара тизмеси" түзүлөт
Коррупционерлердин "кара тизмеси" түзүлөт
Кыргызстанда мындан ары кызматтык кылмыштарга, коррупцияга байланыштуу айыпталган милиция, прокуратура кызматкерлерине, судьяларга карата бөгөт чарасы катары камакка алуу гана колдонулат. Айыбы аныкталып, соттолгондордун атайын "кара тизмеси" түзүлүп, аларга мамлекеттик кызматта иштегенге таптакыр тыюу салынат.
Дамир Сагынбаев укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жасаган кылмыштардын тизмеси кийинки жылдын башында жарыялана турганын кошумчалады. Андан сырткары аткаминерлердин киреше-чыгашасына байланышкан маселе тууралуу да маалымат берди. Быйыл жайында Салык кызматы декларацияларды биринчи ирет чогултканын, учурда документтерди текшерүү уланып жатканын, кыйынчылыктар да бар экенин белгиледи:
- Учурда 48 000 декларация текшерилип жатат. Анын 80ден ашыгы саясий жана жогорку кызматты ээлегендердики. Текшерүүдө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү, банктагы эсептерин аныктоо баарынан кыйын болду. Салык кызматынын өкүлдөрү 1-октябрдан кийин толук маалымат беришет. Алдын ала жыйынтык боюнча айрым адамдардын декларациясы менен мүлкү шайкеш келбеген да жагдайлар аныкталды жана кийинчерек ал адамдардын аттары аталат. Азырынча мындай адамдар 50дөн ашык экенин гана айта алам.
Дамир Сагынбаев буга чейин негизсиз кыскартылган, жабылып, сотко жетпей калган, жоголгон кылмыш иштери боюнча 11 адамга чара көрүлгөнүн, алардын сегизи прокуратура кызматкери экенин белгиледи.
Жетекчилерден демилге чыккан жок
Коопсуздук кеңешинин соңку чечиминде Кыргызстанда мындан ары кызматтык кылмыштарга, коррупцияга байланыштуу айыпталган милиция, прокуратура кызматкерлерине, судьяларга карата бөгөт чарасы катары камакка алуу гана колдонулат деп жазылган. Ошондой эле айыбы аныкталып, соттолгондордун атайын "кара тизмеси" түзүлүп, аларга мамлекеттик кызматта иштегенге таптакыр тыюу салуу да каралган.
Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик органдарынын жетекчилерин сынга алды:
- Эми бул багытта жылыш бар. Бирок күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин өзүнөн демилге чыкпай, жокко эсе болууда. Президент айтып, кыйкырып, түртмөлөп жатат. "Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт" дегендей жагдай. Бир да министр чыгып "мен ушуну кылам, бул иштерди аягына чыгарам, жоопкерчиликти алам" деген жок. Колдон-буттан алып кеткен эч ким жок. Отчет менен эле чектелип жатышат.
Коррупцияга сокку урула элек
Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраевдин пикиринде, кылмыш иштерин мыйзамсыз кыскарткан деп 10дон ашык адамдын жазаланышы өтө эле аз:
- Февраль айындагы Коопсуздук кеңешинин чечимин аткаруу бир канча багытта жүрөт го деген оюм бар эле. Биринчи багытында мыйзамсыз токтотулган кымыш иштери кайра жанданып, сотко жеткирилип, күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жазалап, кылмыш ишин токтоткон тергөөчүлөр, жогорку кызмат адамдарына чара көрүлөт го деп ойлоп жаткам. Прокуратуранын сегиз кызматкери жазаланса, анда бул абдан эле аз. Бул коррупциялык көрүнүш да, аларга да кимдир бирөөлөр көрсөтмө берген. Прокуратурада, УКМКда же ИИМдеги тергөөчү жалгыз өзү, жогорку кызмат адамдарынын көрсөтмөсү жок эле чечим кабыл алып, кылмыш ишин токтотуп коет деген акылга сыйбай турган бүтүм. Эми азыр айрым бир токтотулган, кыскартылган кылмыш иштери кайра жанданып, бир аз иш жүргөндөй болуп жатат. Такыр эле иш жүргөн жок деп айтсак, анда калыстык болбой калат. Бул тажрыйбаны токтотуу үчүн ошондой көрүнүштөргө жол берген кызмат адамдарына сөзсүз чара көрүлүшү керек. Тилекке каршы, мен жылыш болгонун байкаган жокмун.
Талдоочу Бекбосун Бөрүбашев коррупцияга каршы күрөш күч түзүмдөрүнөн, прокуратура, сот системасынан башталды дегени менен системанын өзүнө сокку урула элек деген ойдо:
- Коррупция беш-алты кишинин атын атап, аларды түрмөгө отургузуп коюу менен эле чечилбейт. Коррупция бизде мамлекеттик башкарууда система болуп калган. Коррупция менен күрөшүү үчүн коррупциялык системаны талкалоо керек. Коррупциялык система эмнеге, качан пайда болду, мунун талылуу жери кайсы деп ушунун баарын иликтеп чыгуу керек болчу. Президенттик аппарат да, президент өзү да муну айтпай жатат. Коррупция бул рак оорусу сыяктуу. Дарты так аныктамайынча аны менен кантип күрөшөбүз. Азыр баары эле сөз жүзүндө болуп жатат. Мен, маселен, президент коррупция менен күрөшүп, анын белин сындырды деп айта албайм.
Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынында коррупция менен күрөшкөн мамлекеттик органдардын баарын сынга алган жана укук коргоо жана көзөмөл органдары, соттор өздөрү паракорчулукка батып калганын, коррупция алардын айынан азайбай жатканын айткан.
"Башкы прокуратура болсо коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор деген милдетин натыйжалуу аткара албай жатат" деп сындаган.
Жээнбеков айрыкча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын ишин натыйжасыз, сапатсыз деп баалаган жана бул кызматтын форматын өзгөртүүнү, ар бир кызматкердин ээлеген ордуна туура келер-келбесин карап чыгууну тапшырган.