"Апрелчилер" коррупция менен күрөштү эске салды
Жолугушуу 2010-жылы апрель окуяларында курман болгондорго куран окуудан башталды. Андан кийин отурум суроо-жооп менен уланды. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан калыптануунун татаал жолун басып өткөнүн, экономикалык, саясий кыйынчылыктарды баштан кечиргенин белгиледи. Бирок ал бардык сыноолорго карабастан, Кыргызстан эли өз мамлекеттүүлүгүн сактап калганын жана майтарылбас эркин көрсөткөнүн кеп салды.
Коррупционерлердин "кара тизмеси" түзүлөт
Коррупционерлердин "кара тизмеси" түзүлөт
Кыргызстанда мындан ары кызматтык кылмыштарга, коррупцияга байланыштуу айыпталган милиция, прокуратура кызматкерлерине, судьяларга карата бөгөт чарасы катары камакка алуу гана колдонулат. Айыбы аныкталып, соттолгондордун атайын "кара тизмеси" түзүлүп, аларга мамлекеттик кызматта иштегенге таптакыр тыюу салынат.
Жолугушуунун катышуучулары коррупцияга каршы күрөш жана өлкө региондорун өнүктүрүү боюнча президенттин аракеттерин колдошоорун билдиришти. Апрель окуяларында уулу каза болгон ата-энелердин бири Арстан Сагындыков президентке бул боюнча мындайча суроо койду:
- Коопсуздук кеңешинде "коррупция менен күрөшөм" деп айттыңыз. Бул абдан туура. Ошондон кийин улам бир жерден коррупционерлердин коррупциялык иштеринин баары биринин артынан бири чыгып жатат. Анан ошолордун баарын укканда: “Биздин балдар эмне, ушул коррупционерлер үчүн өлдү беле?” деген ой кетет экен. Ушул балдарыбыздын өлүмүнөн кийин мамлекетибиз өркүндөп, экономика көтөрүлүп кетсе деген эле тилек.
Президент Сооронбай Жээнбеков анын суроосуна жооп берип, коррупция менен күрөштө дос-таанышка карабай туруп, жоопко тартылаарын билдирди:
- Буюрса мен мунун аягына чейин чыгарып берем. Тазасы таза, туурасы туура, туура эместери - бардыгы чыгат, жашыруу деген болбойт. Азыр мына кеттиби, процесс - мен эч нерсеге карабайм. Мага жакынбы, бир тууганбы, доспу - эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет. Бирок бул маселени жылдырыш кыйын болуп жатат, оор болуп жатат. Ошого карабай аягына чыгарып берем. Биз бул боюнча күч кызматтары менен тынбай иштеп жатабыз.
5-апрелдеги жолугушууга “Мекен шейиттери”, “Эр Теги”, “Апрель Баатырлары”, “Айкөл Ала-Тоо”, “Апрель. Элим. Кыргызстан”, “Айкөл Таза Коом”, “Апрель байрагы”, “Элдик сакчы”, “Элдик кайрат”, “Мекен үчүн”, “Орток шамы” коомдук уюмдарынын, “Патриот” ыктыярдуу элдик кошуунунун жана “Каркыра” элдик кошуунунун өкүлдөрү катышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдын 7-апрели - кыргыз элине эркиндикке жана өнүгүүгө карай жол ачкан тарыхый окуя экенин, кыргыз эли үй-бүлөлүк-кландык башкаруу менен эч качан келишпестигин жана чөгөлөп жашабай турганын эскертти. Ал өлкөдө бийлик айрым саясатчыларга эмес, элдин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек экенин баса белгиледи.
Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем.
- Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары мен 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Ошондуктан президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм деп кепилдик берем. Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот, - деди Сооронбай Жээнбеков.
Мунун алдында мамлекет башчы УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен бул комитетке караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаиловду кабыл алган. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да катышкан. Анда Жээнбеков мамлекеттик органдарда, анын ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чара көрүүнү УКМК жетекчилигинен талап кылып, калк менен тыгыз иштешүүнү тапшырган.
Андан мурдараак, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент коррупцияга каршы күрөш тиешелүү деңгээлде жүрбөй жатканын катуу сындаган. Бул багытта жасалчу иштерди талкуулаган учурда ал мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларацияларын жакшылап текшерүү зарыл экенин белгилеген болчу. Ошондой эле коррупцияга аралашкандардын "кара тизмеси" түзүлөрү айтылган.
31-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү төрага болуп шайланган КСДПнын он жетинчи курултайынан кийин Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөн. Анда президент Сооронбай Жээнбековго Коопсуздук кеңеши "адаштырган маалыматтарды берип жатканын", Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырууга тийиш экенин жарыялаган.
- Жээнбековго Коопсуздук кеңеши адаштырган маалыматтарды берип жатат. Анткени менин убагымда коррупцияга каршы күрөш боюнча көптөгөн иштер жасалган. Коопсуздук кеңешинде маркум Темир Жумакадыров коррупцияга каршы стратегиялык иштерди жасаган, - деди Атамбаев.
Атамбаев муну менен кошо Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка да Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин, ЖЭБди жаңылоого тендер ал өкмөттү башкарып турган 2016-жылы жүргүзүлгөнүн айткан.
Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева буга "расмий жооп кайтарылбай турганын, бирок Бишкек ЖЭБин модернизациялоого азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жоктугун" кабарлаган.
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Фарид Ниязов 2-апрелде Стамалиевга жооп кайтарып, "экс-президент 2016-2017-жылдардагы жана 2017-2018-жылдардагы кышкы мезгилге ЖЭБдин жабдуусун ремонттоо үчүн келишим Жээнбеков өкмөттү жетектегенде эле түзүлгөнүн эске салган. Толгонай Стамалиева Кытайдын насыясынын алкагында ЖЭБди реконструкциялоо менен ишкананы жыл сайын оңдоону алмаштырбашы керек", - деп маалымдаган.
Коррупция менен күрөш жемишин береби?
Кыргызстанда "Коррупция" беренеси менен иш козголуп, аягында кыскарып кеткен учурлар көп эле кездешет. Мисалы, 2013-жылы экс-спикер Акматбек Келдибеков "Соцфондду жетектеп турган учурда коррупциялык схема түзгөн" деп айыпталып, кийин ага байланыштуу кылмыш иши кыскарган.
УКМКнын жетекчисинин мурдагы орун басары Марат Иманкулов тамырлашып кеткен коррупцияны радикалдуу чечимдер менен гана жойсо болоорун буга чейин "Азаттыкка" билдирген эле:
- Биздин өлкөдө коррупция өтө эле тамырлашып кетти. Радикалдуу чаралар болмоюнча биз аны менен такыр күрөшө албайбыз. Азыркы мыйзамдар менен деле жасай берсе болот. Укук коргоо органдарында, мисалы УКМК, прокуратура, милиция боюнча мыйзамдарга ылайык кызматкерлерге ишкерлик менен алектенүүгө тыюу салынат. 100 миң сомго чейин соода кылмак турсун, бизнеске жакын жологонго тыюу салынат.
Эксперттердин баамында, коррупцияга жол ачкан жылчыктар дагы эле жоюла элек. Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев коррупцияга каршы күрөш багытында 45 иш-чараны камтыган чечим ишке ашырыла баштаганын айткан. Ал "бул чечимдердин жыйынтыгы жай айларынан тартып сезиле баштайт" деп убада берген.