Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Активисттер журналистке басымды сындашты


Журналист Улугбек Бабакуловдун Fergananews.ru сайтына жазган макаласы үчүн ага укуктук баа берүү демилгесин жарандык активисттер кескин сындап чыгышты. Алар, тескерисинче, бийликти журналист көтөргөн маселеге олуттуу маани берүүгө, социалдык тармактардагы улут аралык кастыкты козуткан жорумдарды тизгиндөөгө чакырышууда.

Жогорку Кеңештин 1-июндагы отурумунда башкаруучу фракциясынын айрым депутаттары макаланы улут аралык мамилени козутуу катары баалашып, ага укуктук баа берүүнү, жарандыктан ажыратуу жагын кароону сунушташкан. Укуктук баа берүү сунушу эртеси Ош, Жалал-Абад облустарында эки улуттун аксакалдарынын атынан да таратылган.

"Укуктук баа берилип, жарандыгы каралсын"

Парламенттин 1-июндагы отурумунда Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Айнуру Алтыбаева Fergananews.ru сайтына жазган макаласы менен журналист Улукбек Бабакулов улуттар аралык кастыкты козутуп, чагым кылып жатат деп билдирип чыкты:

- Мен Ош шаарынын тургуну катары айтып коеюн, сарт деген сөз басынтуу маанисинде айтылат. Ошондой эле мен Ош шаарынын тургуну катары айткым келет: 2010-жылкы июнь коогасында балдарын жоготкон энелердин жүрөгү дагы деле ооруп келет. Жүрөктөгү жарааттар айыга элек кезде, мындай макала жазуу - чагым. Бул чагым июнь коогасынын жети жылдыгын утурлай жазылып жатканы ого бетер өкүнүчтүү. Кыргызстанда жаңы эле тынчтык орноду. Бирок аны минтип чагымчыл аракеттер менен бузууга жол бербешибиз керек.

Депутат Айнуру Алтыбаева тартип коргоо органдарын журналистке баа берүүгө чакырды. Ушул эле отурумда башкаруучу фракциянын дагы бир депутаты Мурадил Мадеминов кесиптешин колдоп, парламент төрагасына төмөнкүдөй сунуш жолдогон:

- Мындай журналисттерди биз керек болсо Кыргызстандын жарандыгынан ажыратуу маселесин да карашыбыз керек. Биз Ош окуясынан кийин өлкөбүздө тынчтыкты араң орноттук эле. Ошондуктан, урматтуу төрага, сиз тапшырма берсеңиз, укук коргоо органдары текшерип чыгып, баасын берсин.

"Айткандын оозу жаман"

Журналистти жарандыктан ажыратуу маселесин парламенттеги башкаруучу партиянын өкүлү көтөрүп чыкканы жарандык коомчулуктун сын пикирине туш болду. Социалдык тармактарда жарандык активисттер "бүгүн Бабакулов, эртең ким?" деген суроо менен маселе көтөрүштү. Алар парламенттеги эл өкүлдөрүнүн журналисттин макаласына терең түшүнбөстөн укуктук баа берүү демилгесин көтөрүп чыкканы осол деп белгилешүүдө.

Саясатчы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков бийликтин сунушу кооптуу жагдайды түзүп жатат деп эсептейт:

- Социалдык тармактардагы жарандардын түрдүү чагымчыл, өзгөчө улут аралык кастыкты козутуучу жорум-пикирлерине УКМК көңүл буруп, системалуу түрдө көзөмөлдөөгө тийиш. Ал эми парламенттеги башкаруучу партиянын өкүлдөрү жазылган макалага маани бербей туруп, авторун жарандыктан ажыратуу маселесин көтөрүп чыкканы - бул биздин коомдо коркунучтуу жараян жүрүп жатканын ачыктап турат.

Улугбек Бабакулов
Улугбек Бабакулов

Журналист Улугбек Бабакулов өзү дагы эл өкүлдөрү макаланын маанисин түшүнбөй жатышат дейт. Анын айтымында, депутаттар күч кызматтарын социалдык тармактарда жазылып жаткан жорум, пикирлерге бөгөт коюуга чакырса болмок. Бабакулов Фейсбук, Одноклассники сайттарында башка улуттун өкүлдөрүн басмырлап, ар кандай сөздөрдү жазып, улут аралык кастыкты козутуп жаткан адамдарды атайын кызматтар тескөөгө тийиш деген пикирин "Азаттык" үналгысына билдирди:

- Мен социалдык тармактарда улуттар аралык мамилени козуткан пост, пикирлер жазылып жатат деп, ошолорду которуп жазгам. Ошого атайын кызматтар бөгөт койсо дейм. Мен ошол маселени көтөрдүм. Атайын кызматтар саясат менен алектенбей, ошол нерселерди да көзөмөлдөшү керек. Укук коргоо органдарына социалдык тармактарда улуттар, аймактар аралык чагым кылып, кастыкты козутуп жаткандарды көзөмөлдөсүн деп тапшыруу керек. Мен ким жазгандарын таап чыгып, көрсөтүп койдум.

Кыргыз бийлиги ЕККУга нааразы

Кыргыз бийлиги ЕККУга нааразы

Жогорку Кеңеш ЕККУнун Варшавадагы жыйынында июнь коогалаңынын уюштуруучусу делген Кадыржан Батыровго сөз бергенине нааразылык билдирип чыкты.

Укук коргоочу Динара Ошуракунова журналисттин Fergananews.ru сайтына жазган макаласында Фейсбукта 18-майда өлкөнүн түштүгүндөгү Ноокен районунда бычакташкан жаштар жөнүндө жорумдарга жана аларга жазылган пикирлерге көңүл бурууга чакырганы ачык эле көрүнүп турат деп, терең түшүнбөй туруп жарандыктан ажыратуу маселесин көтөрүп чыгуу депутаттардын кадырын кетирет деген пикирде:

- Журналист "улутчулдар чыгып, сарт деп бөлүп-жарып атышат" деп айтып жатат. Булар болсо бул сөздү журналист айтты деп айыптап, аны жарандыктан ажыратууну көтөрүп чыгышты. Депутаттар алгач макаланы жакшылап окуп чыгышы керек эле.

Динара Ошурахунова эл өкүлдөрү социалдык тармактардагы диний, аймактык, улут аралык бөлүнүүлөр, гендердик жана башка кемсинтүүлөр камтылган радикал посттор, пикирлер көп болуп жатканына көңүл бөлүп, бул маселени журналисттен мурда өздөрү көтөрүп чыгышы керек эле деп эсептейт. Активист атайын кызматтар бийликти сындап, саясий каяша билдирген жарандарды текшергендин ордуна улут аралык кастыкты козутуучу пост, пикирлерге көз салышы керек деп эсептейт.

2010-жылы июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарында кыргыз-өзбек элдеринин ортосунда чатак чыгып, чоң жаңжалга айланган. Коогалаңда эки элден 500гө жакын киши набыт болгон. Миңдеген адамдар жабыр тарткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG