Бирок капсалаңда жакындарын жоготкондор алты жыл мурдагы калабага күнөөлүүлөр жазаланбай, айыптуулар жоопко тартылбай жатканына нааразы болушту.
“Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасы каза болгондорго багыштап куран окуу менен башталды. Андан кийин ынтымактын символу катары “Тынчтык коңгуроосу” кагылды.
Калабада жакындарын жоготкон ата-энелер канчалык сабырдуу болууга аракет кылышпасын, көз жашын тыя алышкан жок. Коогалаңда баласы каза болгон Шаани Топчубаева:
- Бизди эскерүү иш-чарасына борбордук бийлик өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын келбей койгону өтө өкүндүрдү. Биз алардан бир нерсе үмүт кылган жокпуз, казаныбызга аш салып бер деген жокпуз. Бирок ушул жерге келип, жөн эле көңүлүбүздү алып, жакшы сөз айтып кеткенге жарашпады.
Эскерүү жөрөлгөлөрү андан ары коогалаңда жабыр тарткандар үчүн курулган үйлөрдө уланды. Анда жашагандардын бири, уулун жоготкон Мавлюда Ахмаджанова буларга токтолду:
- Июнь окуясынан биз чоң сабак алышыбыз керек. Улуттар, эл эч качан бөлүнбөй, ынтымакта жашаганга үйрөнүшүбүз керек. Кыргыз-өзбек эли илгертеден бери достукта жашап келгенбиз, бул биримдигибиз дагы миң жылдарга улансын. Башкысы бири-бирибизди түшүнүп жашообуз шарт.
Эскерүү иш-чарасына катышкан бийлик өкүлдөрү да июнь окуясында жабыр тарткандарды жубатып, көңүл айтып жатышты. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров мындан алты жыл мурдагы кандуу капсалаңдын жарасы айыгып калганын белгиледи:
- Ал күндөр бизден канчалык алыстабасын ошол мезгилдин кайгысы, жоготуу ызасы, өрттөлгөн үй-жайлар бүгүн да көз алдыбызда турат. Бирок убакыт өткөн сайын элибиздин турмушу калыбына келип, этностор аралык биримдик, ынтымак бекемделип баратканы баарыбызды кубандырат. Каргашалуу июнь окуясынын жарааты айыгып, элибиздин акылмандыгы, туруктуулугу, сабырдуулугу жеңип жаткандыгын көрүп да, билип да турабыз.
Президент Алмазбек Атамбаев коогалаңдын алты жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасап, азыркы кезде улут аралык биримдикти бекемдөө боюнча аракеттер көрүлүп жатканын, көптөгөн мекендештер өздөрүн кыргыз жараны катары сезе баштаганын да белгилеген.
Бирок коогада жакындарын жоготкондор кандуу окуянын чыгышына айыптуулар жоопко тартылбай, кылмышкерлерди жазалоо эмдигиче бүтө электигине нааразылыгын жашырышкан жок. Уулунан айрылгандардын бири Абдилашим Данияров тергөө иштери оңдуу жүрбөгөнүнө капа:
- Ооба, биз балдарыбыздан айрылып, боздодук. Оор, кайгылуу күндөр өттү-кетти, баары артта калды. Өзүбүзгө өзүбүз кудайдан сабыр тилеп отурабыз. Бир гана өкүнүчтүү нерсе - ушул окуяны баштагандарды таап, жазасын беришкен жок. “Террорчулар уюштурду, бул келди, тиги келди” деп эле бийлик жабылуу аякты жабылуу бойдон таштап койду. Биз ушуга аябай нааразыбыз. Андан сырткары жөнөкөй кылмыштарды жасагандар, коогалаңда адам өлтүргөндөр, үй өрттөгөндөр жоопкерчиликке тартылган жок. Бул да бийликтин абийиринде калды.
Маалым болгондой, 2010-жылкы коогалаңга байланыштуу беш миңге жакын кылмыш иши козголгон. Мекемелер аралык тергөө топтору 2010-жылдын июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнү улантууда. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, кандуу окуялар боюнча 5 646 иш козголгон. Анын 3 346сы Ош шаары, 1 303ү Ош облусу жана 954ү Жалал-Абад облусуна тиешелүү. Аскер прокуратурасы 43 ишти карап жатат.
Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 532 адамга карата козголгон 336 кылмыш иши сотко ашты. Анын ичинен 488 жаранга карата козголгон 286 иш каралып, ар кандай жазалар берилген. 3900 кылмыш иши токтоп турат. Анын ичинде 47 иш шектүүлөрдүн кай жерде экени белгисиз болгондуктан карала элек. Бул иштердин көпчүлүгү уурулукка байланыштуу.
Коомдук ишмер, коогалаң учурунда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турган Эмил Каптагаев кандуу окуянын күнөөкөрлөрү кези келгенде жазаланарына ишенет:
- 2010-жылкы июнь окуясында киши өлтүрүүгө, зордук-зомбулукка, талап-тоноого катышкандын баары эле аныкталып, такталып кеткен жок. Чоң тополоңдун иши ушундай экен да. Бирок негизги мыкаачылык болгон, негизги кан төгүү болгон оор окуяларга айыптуулар толук аныкталган жана алардын көпчүлүгү сот жообуна тартылды. Албетте, сепаратисттик кыймыл уюштуруп, ошол кезде саясий абалдан пайдаланып, өздөрүнүн саясий маселесин чечем деген кылмышкерлер качып жүрөт. Бирок аларды да алып келип, жазага тартчу күн келет.
Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын он тогузу табыла элек. Ушул күнгө чейин 18 адамдын жасатынын өздүгү аныкталган жок.
Июнь окуясында жарандарга жана мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү төрт миллиард сомдон ашуун экени жарыяланган болчу.