Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:27

КСДПнын тизгини талашка түштү


Алмазбек Атамбаев жана Сагынбек Абдрахманов.
Алмазбек Атамбаев жана Сагынбек Абдрахманов.

Ошентип Юстиция министрлиги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттады. Буга чейин «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеп келген саясатчы бул партиянын курултайынын чечими менен ишке ашканын билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган партиянын катчылыгы муну рейдерлик деп атады.

Эксперттер партия ичиндеги кризисти келерки парламенттик шайлоону утурлай жүргөн саясий оюн катары баалашты.

Документтеги лидер алмашуу

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтары өзгөргөнү тууралуу кабарга оро-пара «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеп келген Сагынбек Абдрахманов билдирүү жасады.

Бишкектеги басма сөз жыйынында Абдрахманов мыйзамдуу түрдө партиянын лидери болуп бекитилгенин жана экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалыктан оодарылганын жарыялады.

3-апрелде Кыргызстан социал- демократиялык партиясынын №18 курултайы жакшы деңгээлде өттү. Ошол курултайда биз көп жылдан бери партиянын төрагасы болуп жүргөн Алмазбек Атамбаевди чакырганбыз. Ал келбей, тескерисинче конфронтацияга барды. Натыйжада курултайдын делегаттары мени КСДПнын төрагасы кылып шайлашты. Бул мен үчүн чоң сыймык, оор жүк жана ишеним. Ошондон кийин Алмазбек Атамбаевге расмий түрдө кат менен кайрылып, партиянын төрагасы катары ишмердүүлүгүн токтотуп, партияга тиешелүү мүлктөрдү, документтерди, мөөр, штамп жана башка нерселерди бизге өткөрүп берүүнү талап кылганбыз. Мындан сырткары Юстиция министрлигине төрага алмашканы тууралуу билдирүү жөнөткөнбүз. Мына ушунун негизинде министрлик реестрде партиянын лидери катары мени көрсөттү. Партия экиге бөлүнгөн жок, болгону лидер эле алмашты. Эгер мөөр, штамп жана жобону колубузга алсак, партияны кайрадан каттоодон өткөрөбүз”, - деди.

Абдрахманов басма сөз жыйынга ала келген юрист Муратбек Жапаров да партиянын банктык эсептерин жабуу боюнча Улуттук банкка жана башка тиешелүү органдарга кат жөнөтүлгөнүн айтты. Жапаров буга кошумча “Атамбаевдин доору бүттү” деди.

Ушуга улай эле Юстиция министрлиги да расмий кабар таратып, юридикалык жактардын реестринде Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жетекчиси деген бөлүктө Алмазбек Атамбаев деген ысымдын ордуна Сагынбек Абдрахманов киргизилгенин ырастады.

Юстиция министрлигинин сайтынан алынган скриншот.
Юстиция министрлигинин сайтынан алынган скриншот.

Мекеме билдиргендей, партиянын жайгашкан жери катары (юридикалык дареги) мурдагыдай “Медиа Форум” имараты эмес, Эркиндик, 45 дареги көрсөтүлдү.

Министрликтин өкүлү Эмир Зулпуев бул өзгөрүүлөр Абдрахмановдун арызы менен кабыл алынганын билдирди. Өздөрү тараткан видеодо ал муну татаал, юридикалык тил менен түшүндүрдү.

“Бүгүнкү күнгө чейин аталган партияны кайра каттоого байланышкан документтер министрликтин дарегине келип түшкөн жок. Ошол эле учурда 2019-жылдын 5-апрелинде министрликтин дарегине “Юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесине ылайык, белгиленген саясий партиянын жетекчиси, саясий кеңештин курамы жана жайгашкан жери өзгөргөндүгү тууралуу документтерди тиркөө менен, 2019-жылдын 3-апрелинде болуп өткөн аталган саясий партиянын 18-съездинин жыйынтыгы боюнча кабарлама келип түшкөн. Ал документке Сагынбек Абдрахманов кол койгон. Башкача айтканда, аталган мыйзамдын талаптарына ылайык, жетекчи, жайгашкан жери жана башка кайра каттоого алып келбеген маалыматтар өзгөргөн учурда бардык юридикалык жактар, бул тууралуу юстиция органдарын 30 календардык күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү. Бул учурда маалыматтар өзгөргөнү тууралуу Юстиция министрлигине жөнөтүлгөн кабарлама милдет болуп саналса, ал эми Юстиция министрлиги үчүн билдирүү мүнөзүн гана түзөт. Келип түшкөн документтердин тууралыгы жана ырастыгы боюнча юридикалык жоопкерчилик арыз ээсине жүктөлөт. Мындай учурда каттоочу орган кабарламаны каттоого алгандан тартып, жети күндүн ичинде тиешелүү маалыматтарды юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине киргизет жана тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирет. Ушул иш министрлик тарабынан аткарылды”, - деди.

3-апрелде «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы Бишкекте жыйын өткөрүп, Сагынбек Абдрахмановду партиянын жетекчиси болсун деп чечим чыгарган. Абдрахмановдун талапкерлигин иш-чарага катышкандар бир добуштан колдошкон. Жыйынга саясатчылардан Данияр Тербишалиев, Ыргал Кадыралиева, Исмаил Исаков, Абдрахман Маматалиев, жер-жерлердеги кеңештердин депутаттары, жалпысынан 300дөй адам катышкан.

Бирок экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын саясий кеңеши жана катчылыгы бул жыйынды "фейк" деп атап, 6-апрелде башка курултай өткөргөн. Жабык өткөн жыйында алар партиянын саясий кеңешин толук жаңылашып, Абдрахмановдун соңку аракетин рейдерлик катары баалашты.

Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын партиянын басма сөз жыйыны
Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын партиянын басма сөз жыйыны

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков буларга токтолду.

“11-апрелде Юстиция министрлигине дагы кат жөнөтүп, 6-апрелде КСДП партиясынын курултайы өткөнүн, анда жаңы саясий кеңеш шайланып, төраганын орун басарлары бекитилгенин кабарлаганбыз. Катта алардын аты-жөндөрүн белгилегенбиз. Ошол эле күнү мен юстиция министринин орун басары Максатбек Эсеналиевге жолугуп, “үч жолу кат берип эскерттик, мыйзам бузууга жол бербеңиздер” деп айттым. Ал киши дагы мыйзамдын негизинде иштейбиз деген. Тилекке каршы, бирдиктүү реестрге бизди эч кандай маалымдар кылбастан, эмненин негизинде кылганы белгисиз, мыйзам бузууга барып, Абдрахмановду төрага деп киргизип салыптыр. Муну менен биздин шайлоого жана шайланууга болгон укугубуз, миңдеген шайлоочулардын укугу бузулуп жатат. 25 жылдык тарыхы бар, партиянын, анын 50 миңдей мүчөсүнүн укугу каякта калат? Көчөдөн кайсы бир адам болбогон бир кагазды алып келсе эле партиянын жетекчилеринин ысымдарын да каалагандай өзгөртө беришеби? Биз мындай одоно мыйзам бузууга жол бербейбиз”, - деди.

Атамбаев баштаган партиянын өкүлү, депутат Ирина Карамушкина Сагынбек Абдрахмановдун артында азыркы бийлик турганын белгиледи. Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев да муну "президент Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси, депутат Асылбек Жээнбековдун шыкагы" деп атады. Алар партияны эч кимге өткөрүп бербесин, келерки шайлоого өз алдынча барышарын кошумчалашты.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясындагы ажырым бир жыл мурда эле башталган. Атамбаев төрага болуп шайлангандан кийин бир топ депутаттар партиядан чыгарылса, кийин айрымдары өзү чыгып кетишти. Ошол эле Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын түзүп, аймактарда, соңунда борбордо курултай өткөрүүгө жетишти.

Партиянын ичиндеги күрөш эми жаңы деңгээлге чыкканы коомчулукта түрдүүчө кабылданууда. Укук коргоочу жана жарандык активист Динара Ошурахунова муну парламенттик шайлоонун алдындагы саясий оюн катары мүнөздөдү.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

“КСДП партиясы Кыргызстанда белгилүү, оппозицияда, бийликте да болгон партия. Албетте анда ар кандай талаш болуп жатканын биз түшүнүп турабыз, артында Атамбаевдин оппоненттери турса керек. Эгер партия экиге бөлүнсө, бул анын кадыр-баркына доо кетирет, ал-күчүн жоготот. Атамбаев жетектейби же Абдрахманов жетектейби, азыркы конфликттерден кийин партия келерки шайлоого күч топтой албайт. Бул чыр-чатак бийлик тараптан бир жаңы партия түзүлө турган болсо, ага пайда гана алып келет. Албетте, партияны талашып жаткан адамдар башка партия деле түзсө болмок, эмнеге антпегени белгисиз. Кантсе да бул көрүнүш бардык партияларга коңгуроо болушу керек. Эгер партия демократиялык негизде түзүлбөсө, жобосун, мүчөлөрүн шайлоо учурунда эле убактылуу кирген адамдар менен толтурса, ушундай кризиске кептелерин билиши керек”.

Соңку факт боюнча Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбев Башкы прокуратурага кайрылды. Анда ал партиянын жобосу, мөөрү, документтери аларда экенин айтып, Юстиция министрлигинин аракетине баа берүүгө чакырды.

КСДПда кош лидер пайда болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG