Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Атамбаев КСДПнын курултайын өткөрдү


6-апрель, 2019-жыл.
6-апрель, 2019-жыл.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) курултай өткөрдү. Жабык өткөн жыйындан кийин Атамбаев саясий күчтөр менен биригүүгө даяр экенин маалымдады.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) үч саатка созулган жыйынынан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Атамбаев парламент 4-апрелде кабыл алган экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу мыйзам тууралуу пикирин айтты.

"Чектөөлөр мыйзамсыз. Алар Конституцияга каршы келет. Берки курултайды уюштургандардан: «Негизги максатыңар кандай?» деп сураган турбайсыңарбы. Негизги максаты - Атамбаевди каматуу. Ал партиянын артында Асылбек, Сооронбай Жээнбековдор турат. Мен Кудайдан башка эч кимден коркпойм. Мен эл алдында, Кудай алдында тазамын. Азыр коррупция менен күрөш эмес, саткындар сатпагандар менен күрөшүп жатат. Убагында бир акыныбыз эки сап ыр жазган: «Саткандардын арасында болбой, атылгандардын арасында бол» деп. Биз саткандарга кошулбайбыз, атылгандардын арасында болобуз",- деди Атамбаев.

Ошондой эле Атамбаев бийликтеги кезинде кескин сындап жүргөн айрым жарандык коомдун өкүлдөрүнөн кечирим сурап, КСДПга кол сунган бардык саясий күчтөр менен биригүүгө даяр экенин кошумчалады. КСДПнын курултайында кабыл алынган резолюцияда жана Атамбаев өз сөзүндө да бийлик саясий оппоненттерине карата кысымын күчөтүп жатканын, "эми КСДП оппозиция катары үй-бүлөлүк башкарууга каршы турарын" белгиледи.

Алмазбек Атамбаев: Эл алдында тазамын
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:39 0:00

Курултайдын негизги жыйынына “Апрель” телеканалынан башка журналисттер киргизилген жок. Муну уюштуруучулар жыйын өткөн залдын тардыгы менен түшүндүрүштү. Съездге КСДП фракциясынын депутаттары Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Рыскелди Момбеков, Карамат Орозова жана Асель Кодуранова катышты.

Партиянын саясий кеңешине мүчө болуп тандалган депутат Рыскелди Момбеков курултайда экс-президентке ачуу сын айтканын билдирди:

"Жан сакчыларыңыздын баары жан бакты болуп чыкты, жардамчыларыңыздын баары жалганчы болуп чыкты. Буга сиз өзүңүз күнөөлүүсүз. Бүгүнкү саясий кырдаалдын туңгуюкка келип такалышына сиздин күнөөңүз бар. Анткени сиз тегерегиңиздеги кошоматчыларга ишенгенсиз» деп айттым. «Сиз «танда» деген кишини тандадык, «шайла» деген кишини шайладык, анан эми сиз «жайла» деген кишини жайлай албайбыз. Бул туура эмес болуп калат, логикага туура келбейт".

Атамбаевдин саясий оппоненттери “өзүнүн башкаруусунда түзүп кеткен системаны кийинки бийликке шылтап жатат” деп экс-президентти сындап келишет. Коомдук ишмер Эдил Байсалов Атамбаевдин саясий кадамдарын жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу аракети катары баалады.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

"Курултайда “Атамбаевдин убагында ийгиликтер болгон” деп мактап, актап беришиптир. Ушуну колдогондорду эң чоң чыккынчылык кылды жана саткынчылык десек болот. Элдин талабын талашкандарды, мыйзамдуулук үчүн күрөшкөндөрдү, ууруларга каршы чыккандарды “саткын” деп жатат. “Уюшулган мафия тобу” деп айтылбады беле, бул сөздөр ошол топтун идеологиясы. Атамбаевдин жеке өзүнө каршы чыгып сындасаң “саткынсың”, колдосоң андай эмессиң. Бул эмне деген идеология?"

Буга чейин экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыктагы” маегинде Кыргызстанда экс-президент институту телчиге албай жатканын белгилеп, Атамбаевдин командасы менен бийликтин тирешин сындаган болчу. Отунбаева мындай көрүнүш өлкөнүн экономикасына жана башка тармактардын өнүгүүсүнө тоскоол болоорун белгилеген.

"Баарыбыз эле “Атамбаев эмне дейт экен, кимге кандай ат коёт?” деп отурабыз. Иш менен алектенбей жатабыз. Бийлик да ошону менен алек. Алар эмнеге КСДПнын жыйындарын аңдып жүрөт? Аларга эмнеге тоскоол болуп жатат? Биз андан өткөнбүз. Акаевдин, Бакиевдин заманында да ошондойду көрдүк. Эми Атамбаев муну өз башынан өткөрүүдө".

Акыркы саясий кырдаал: Келечек багыт кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:41 0:00

Атамбаев төрагалык кылган социал-демократтардын курултайында партиянын мурунку саясий кеңеши жоюлуп, жаңы мүчөлөрү тандалганы белгилүү болду. Анын курамына 42 киши кирип, анда Жогорку Кеңештен сегиз депутат бар. Ошондой эле жарандык активист Адил Турдукулов, журналист Мирбек Айтикеев да саясий кеңешке мүчө болушту.

Буга чейин «Атамбаевсиз КСДП» деген кыймылдын башында турган Сагынбек Абдрахманов 3-апрелде КСДПнын курултайын өткөргөн. Анда Абдрахманов партиянын лидерлигине көрсөтүлүп, анын талапкерлиги бир добуштан колдоо тапкан. Бирок ал курултайга Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын бир да депутаты катышкан эмес. Абдрахманов курултайдын чечими менен КСДПны кайра каттата турганын маалымдаган.

Абдрахманов КСДПнын лидерлигин талашууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG