«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы уюштурган бул курултай «КСДП тазалануу жана жаңылануу жолунда» деген ураан менен өттү.
Жыйынга 200дөн ашуун киши катышты. Анда сүйлөгөндөрдүн көбү экс-президент Алмазбек Атамбаевди сындап, аны коррупциялык иштер үчүн айыпташты. Ал эми Сагынбек Абдрахманов партия ичиндеги маселелерди талкуулаш үчүн Алмазбек Атамбаев да чакырылганын белгилеп, анын келбей койгонуна нааразы болду.
Курултайдын күн тартибине коюлган партиянын уставын өзгөртүү, саясий кеңештин мүчөлөрүн, партия лидерин алмаштыруу сыяктуу маселелерди делегаттар бир добуштан колдоп беришти. Ошентип, иш-чарага катышкан адамдар Атамбаевди КСДПнын төрагалыгынан бошотуп, партияга лидер кылып Сагынбек Абдрахмановду тандаганын билдиришти. Абдрахманов бул жыйын мыйзамдуу экенин белгилеп, бүгүнкү кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы менен КСДП кайра каттоодон өткөрүлөрүн маалымдады:
«Юрист, нотариус катышып, юридикалык негизде баарын каттап жатышты. Кайра каттоодон өткөндөн кийин колубузда мөөр болот. Съезд партиянын башкы органы болуп эсептелет. Ошондуктан съезддин чечимине баары баш ийиши керек».
Абдрахманов жыйында сүйлөп жатып, аны партиянын лидери кылып шайлоо боюнча демилгеге КСДП фракциясынын депутаттары Иса Өмүркулов, Асылбек Жээнбеков колдоо көрсөтүшкөнүн кеп кылды.
Марттын башында парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДПнын XVIII курултайы 3-апрелде өтөрүн билдирген. Бирок «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы өткөргөн курултайга саясий кеңештин бир да мүчөсү, депутаттар да келген жок. Саясатчылардан Исмаил Исаков, Абдрахман Маматалиев, экс-депутаттар Данияр Тербишалиев, Ыргал Кадыралиева жана аймактардагы жергиликтүү кеңештин депутаттары катышты.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкарган КСДП бул жыйынды «фейк-съезд» деп атап, кыймыл партияны кайра каттата турган болсо сотко кайрыларын билдирди. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул иш-чаралардын артында бийлик турарын, муну менен КСДПны 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатканын айтты:
«"Саясий кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү колдоду" деп жатышат. Ошолордун атын атабайбы? Азыр «партияны кайра катташ үчүн Юстиция министрлигине документ тапшырабыз» деп жатышат. Алар кайра каттатып ала турган болсо соттошобуз. Булардын ою боюнча «эптеп сот созулса, анан 2020-жылы шайлоого катыштырбайбыз» деп жатышат».
Айрым саясатчылар бийликти колдогон кыймыл менен өздөрүн расмий КСДПнын өкүлдөрү деп атаган саясий топтор эми укуктук талаада партияны талашышы мүмкүн экенин сөз кылышты. Атап айтканда, мурдагы юстиция министри, депутат Алмамбет Шыкмаматов партия талашына сот гана чекит коёрун белгилеп, жагдайдын укуктук жагын мындайча түшүндүрдү:
«Укуктук жагын сот чечет. Ар бир партиянын жогорку органы съезд болуп эсептелет. Эгерде бүгүнкү съездге партиянын накта мүчөлөрү келсе - ал легитимдүү. Мен аларды тааныбайм, чын эле мүчөлөрү келдиби же бир короо киши келип катышып кеттиби - билбейм. Ал эми чыныгы мүчө ким экенин сот териштирет. Съездге катышкандардын тизмеси болот. «Алар партиянын чыныгы мүчөсү беле?» деп териштиришет. Баары мыйзамда каралган. Болбосо эртең 300 киши чогултуп эле партияларды ала берсек болбойт да».
Партия талашынын укуктук жагынан сырткары саясий мааниси да кызык болуп турат. Буга чейин «партия талашына бийликтин кызыкчылыгы бар» деген сөздөр айтылган. Бирок «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы өткөргөн бул жыйынга бийликти колдогон КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү, саясатчылар, парламент депутаттары катышпаганы саясий айдыңда ар кандай талкуулана баштады. Журналист Айданбек Акмат уулу мындай божомолун ортого салды:
«Бийликтин бул партияны колго алууга киришпегенинин себеби - Кулов, Ташиев сыяктуу таасирдүү саясатчылар «Атамбаевден КСДПны тартып албаш керек» дегендей ойлорун айтып, коомдук пикир түзүп коюшту. Ушундан улам Өмүркулов, Турсунбеков, Зулпукаров сыяктуу КСДПнын белгилүү мүчөлөрү тайсалдап, же ары, же бери баса албай чайналып турушат».
Партиянын экинчи бөлүгү лидер деп Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди тааныйт. Ал 6-апрелде өз курултайын өткөргөнү жатат.