Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Акча чыры адвокат Айткуловду каматты


Икрамидин Айткулов иш учурунда, 2012-жыл, октябрь.
Икрамидин Айткулов иш учурунда, 2012-жыл, октябрь.

Бишкектин Свердлов райондук соту адвокат Икрамидин Айткуловду үй камагына чыгарды. Мындай бөгөт чарасы 21-октябрга чейин аныкталды.

Буга чейин ал алдамчылык кылган деген шек менен камакка алынган.

Икрамидин Айткулов ага карата иш козголгонун ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду жактай баштаганы менен байланыштырарын “Азаттык” радиосуна билдирди:

"Албетте, байланыштырам. Себеби мага айып тагууга аракет жасап жатышкан материалдар былтыртан бери жаткан. Мен жардам бере албай калышым үчүн жасашты. Кардарларымды, анын ичинде Курсан Асановду да коркутабыз дешти. Курсан Асановго жана мен коргоп жаткан башка кардарларыма басым жасоо ыкмасы болду".

Айткулов кармалышын мыйзамдуу деп тапкан сот чечимине, ишти козгогон тергөөчүгө, өзү жана уулу тууралуу жалган маалымат бергендерге карата тиешелүү мекемелерге арызданарын айтты. Ага коюлуп жаткан айып негизсиз экенин кошумчалады.

Адвокаттарга чабуул башталдыбы?

Иштин чоо-жайы ири суммадагы акчага байланыштуу экени кабарланганы менен тергөө кызыкчылыгынан улам, толук маалымат айтылган жок.

Ал 22-августта кечинде, Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камалды. Анын үстүнөн жергиликтүү тургун 2018-жылдын сентябрында арыз жазып, “беш жарым миң долларга алдап кетти” деп айыптаган.

"Материалдар териштирилип, Башкы прокуратурага өткөрүлгөн. Жактоочуга Жазык кодексинин 204-беренеси “Алдамчылык” боюнча шек саналып жатканы тууралуу маалымдама берилди”,- деп билдирди Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Бул маалыматтын артынан эле, адвокаттын 32 жаштагы уулу Азамат Айткулов дагы, алдамчылыкка шек саналып жатканы жөнүндө расмий кабар таратылды. Бишкектин башка бир тургуну күч органдарына Азамат Айткулов андан “2014-жылы 31 миң доллар карыз алып, ошондон бери бербей жүрөт” деп кайрылган. Уулунун карызын Икрамидин Айткулов төлөп берүүгө милдеттенме алып, бербей койгонун арыз ээси билдирген.

Адвокаттын кармалышы ал ички иштер министринин мурдагы орун басары, “Милициянын кызыкчылыгын саткан” деген негизде жакында эле иштен алынган Курсан Асановго адвокаттык кылып жаткан учурган туш келди. Аялы Раушан Айткулова кармоонун төркүнүн дал ушул ишке байланыштырып жатат:

“Мен саясий куугунтук, укуктук башаламандык болуп жатат дегенден алысмын. Бул жерде бир эле адамдын таасири бар”.

Айткулова министр Кашкар Жунушалиевден күмөн санап жатат. "Азаттык" бул жаатта министрден же министрликтин басма сөз кызматынан маалымат ала алган жок.

Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков адвокаттын жубайынын айткандары туура эместигин, Айткулов анын үстүнөн түшкөн конкреттүү арыздын негизинде кармалганын билдирди. Бирок эмне үчүн бир жылдан кийин гана камалганынын чоо-жайына түшүндүрмө берген жок.

Айткуловдун адвокаты Абас Мамбетакунов да толук маалымат ала электигин айтты.

Буга чейин кылмыш иши козголгон, камалган жана акталып чыккан бир нече белгилүү кишилерге Икрамидин Айткулов адвокаттык кылган. Арасында мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев, мурдагы депутат Камчыбек Ташиев, "Megacom" уюлдук байланыш компаниясынын мурдагы жетекчилеринин бири Алмаз Абеков жана башкалар бар.

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

Айткуловдун кесиптеши Нурбек Токтакунов бул кармоону жактоочуларга, жарандык коомго карата бийликтин соккусу катары баалады:

“Адвокатура жарандык коомдун ажырагыс бөлүгү. Бийликке көбүнчө адвокаттар оппонент болот, тагыраагы оппозициядагы саясатчыларды коргошот. Икрамидин Айткулов күчтүү адвокат. Бийликтин соккусу адвокатура тармагынан башталганы өкүнтөт”.

Турат Акимов
Турат Акимов

Талдоочу Турат Акимов Айткуловдун кармалышында саясат жок болушу мүмкүн экенин белгилеп, бирок ал шек саналып жаткан иштеги акчанын чоо-жайы так айтылмайынча түрдүү божомолдор жарала берерин белгиледи:

“Тергөөнүн купуя сырлары ачылмайынча, буга баа берүү кыйын. Сотко жеткенге чейин купуя сакталат эмеспи”.

Кыргызстандагы жаңы кодекстерге ылайык, алдамчылыкка шек саналгандардын иши 500 доллардан ашуун каражатка байланыштуу болсо, жарандык иш эмес, кылмыш иши катары териштирилет.

Кыргызстандын Адвокаттар кеңешинин төрага орун басары Жыргал Бабаев акыркы кездери жактоочулардын макамына көңүл бурулбай калганын билдирди:

“Быйылкы жылдын эсебинен эле алтынчы адвокат камакка алынды. Баары алардын ишмердигине байланыштуу. Айткулов ишмердигинен улам кармалды деп кесе айта албайбыз, бирок анын үстүнөн да бир жыл мурун жазылган арыздын эми каралышы ушундай ойго түртүп жатат”.

Мындан улам Адвокаттар кеңеши жыйынга чогулуп, жакынкы күндөрү жактоочулардын укуктарын талкуулаганы турат.

Кыргызстандын Конституциясынын 57-беренесине ылайык, “Адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатураны уюштуруу жана анын ишмердиги, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат”.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG