Ал Таласта 12-июлда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырганын билдирди. Ага чейин экс-президент Роза Отунбаева жана саясатчы Азимбек Бекназаров УКМКнын "Конгантиев 2010-жылы кандуу апрель окуяларына күнөөлүү эмес" деген негизде анын кылмыш ишин кыскартканын кескин сындап чыгышкан болчу.
Молдомуса Конгантиев мурунку президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда эң таасирлүү министр болгон. Анын аты апрель окуяларына чейинки буюртма киши өлтүрүү окуяларына, чуулгандуу кылмыштарга, сөз эркиндигине чабуулга байланыштуу аталган.
Президент Сооронбай Жээнбеков Таласта жергиликтүү актив менен жолугушууда быйыл жыл башында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынын эске салды. Ал ошондо кабыл алынган чечимге ылайык, прокуратура органдарына буга чейин токтотулган, кыскартылган кызматтык, экономикалык жана коррупциялык кылмыштар иштерин талдап-иликтеп чыгуу тапшырылганын билдирди. Президент анын ичинде Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши да бар экенин айтты:
- Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши да бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин кайрадан кылдат изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым.
Сооронбай Жээнбеков мурда токтотулган жана жабылган дагы 500дөн ашык кылмыш иштери боюнча иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.
Мунун алдында алгач саясатчы Азимбек Бекназаров Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин сотко жетпей калганын айыптап чыккан жана муну "моралдык-нравалык жактан туура эмес, мыйзамсыз чечим" деп атаган. Андан кийин экс-президент Роза Отунбаева да Конгантиевдин кылмыш ишине укуктук бааны сот гана бериши керек экенин билдирген.
- Мурунку бийлик козгогон резонанстуу кылмыш иштерине карата жаңы бийликтин реакциясын коомчулук чыдамсыздык менен күтүп жатат. Биз баарыбыз ЖЭБ боюнча коррупциялык эпопеяга баш-отубуз менен кирип кеттик. Ушундай кырдаалда Конгантиевге козголгон кылмыш ишин "эл чыдайт, көтөрөт" деп ишенгендиктен сотсуз, тергөөсүз эле унчукпай жаап коюшту. Менин пикиримде, Конгантиевдин иши - бул апрель ыңкылабынын, Таластагы окуянын тамыры, себеби. Ошол кездеги абалга банкрот болгон режимдин мыйзамды, адам укуктарын бузушуна карата элдин жообу болгонуна көзүм жетет. Конгантиевдин иши соттук териштирүүдөн өтүп, анын тагдырын сот гана чечиши керек экендиги шексиз. Атайын эмгек өргүү маалында өлкөдөгү өтө чоң саясий жана коомдук мааниси бар ишти тымызын жаап коюуга болбойт.
Таластагы жергиликтүү кеңештин депутаты Азиз Курамаев 2010-жылы ошол кездеги оппозициялык кыймылдын Талас облусундагы жаштар канатынын лидери болгон. Ал Конгантиев 2010-жылы 6-7-апрель окуяларына түздөн-түз күнөөсү бар деп эсептейт:
- Конгантиев 6-апрель күнү кечки саат 9-10дордо телевизордон "Таласта жалаң алкаштар менен наркомандар чогулуп алып, Ак үйдү ээлеп алышыптыр, биз аны сөзсүз бошотобуз" деп сүйлөгөн. Ал Таластын элин алкаштар менен наркомандарга теңеген. Анын 6-7-апрелде болгон окуяларга түздөн-түз тиешеси бар. Албетте эми, эл тарабынан мыйзам бузуу деле болду, бирок буга сын деле айта албайсың, эл көп чогулган жерде чагымчылар да болот экен. Бирок анын ишинин кыскарылышы туура эмес. Бул эң чоң жаңылыштык болду. Бул апрель баатырларын, ошол окуяны жокко чыгаруу аракетиби деп да эсептейм.
Сатыбалдиев: Ак үйдөн да, сырттан да ок атылган
2010-жылдын 7-апрелине чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин укук жана тартип боюнча кеңешчиси, экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев “Азаттыкка” маек курду. Сатыбалдиев Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири.
Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Анын адвокаты Икрамидин Айткулов Конгантиевдин аракетинде "кылмыштын курамы болгон эмес" деген негиз менен ишти кыскартуу тууралуу УКМКга кайрылган. Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган. УКМК "2010-жылы кандуу апрель окуяларына Конгантиевдин тиешеси болгон эмес" деп расмий билдирген.
Конгантиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов бул кылмыш ишин кайра жандантуу аракеттерин айыптап жатат:
- "Тергөөчүлөр бул ишти сотко жөнөтүшү керек" деген сөз аларды кызматтык кылмышка түртүү болуп эсептелет. Эгер кылмыштын курамы болбосо, ал ишти сотко жөнөткөнгө болбойт. Азимбек Бекназаров "Конгантиев ооруп жаткандыктан ишин тергөөгө жөнөткөн эмеспиз" деп жатат. Негизи айыпталуучу таптакыр көрсөтмө бербей койгонго да укугу бар. Андай учурда эмне, тергөө токтоп калабы? Ошондуктан "Конгантиев оор абалда болгондуктан тергөө болгон эмес" деген мыйзамга да туура келбейт. Эгер Конгантиев кандайдыр киши өлтүрүүгө катышы болсо, анда тергөө жүрүшү керек эле да. Бекназаров мырза эмне деген акылга сыйбаган нерселерди айтып жатат? Тергөөгө сегиз жылдан бери эч ким тоскоол кылган эмес. Ошондон бери эч нерсе кылбай отуруп, азыр эмнеге айтып жатышат? Конгантиевдин кылмыш кылганы аныкталган эмес. Мурун алар кайда эле? Эмнеге бул маселени мурун көтөрүшкөн эмес?
КСДП да Молдомуса Конгантиев тууралуу учкай билдирүү таратты. Анда мурунку президент Алмазбек Атамбаев бардык жарандарга, анын ичинде 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуялар боюнча айыпталгандарга да бирдей мамиле кылуу принцибин дайыма жактап келгени айтылат. "Бирок тергөөчүнүн аталган чечими бул принциптерди бузат. Башка айыпталуучулар сот алдында жооп беришкен, ошондуктан Конгантиев боюнча да соттун чечими болсо, логикага туура келмек", деп айтылат билдирүүдө.
Молдомуса Конгантиев ички иштер министри болуп турган 2008-2010-жылдары Кыргызстанда оппозиция өкүлдөрүн, укук коргоочуларды, көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоо, кол салуу фактылары көп катталып, аларды тергөө иштери создуккан. Укук коргоочулар өлкөдө буюртма киши өлтүрүүлөрдүн бети ачылбай жаткандыгына, укук коргоочуларды куугунтуктоо, журналисттерге кол салуу өңдүү фактыларга байланыштуу учурунда министр Молдомуса Конгантиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан.
Маселен, ошол жылдары журналист Сыргак Абдылдаевге Бишкектин чак ортосунда кол салынса, дагы бир журналист Геннадий Павлюк Алматыда киши колдуу болгон. Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов баштаган үч адам өлтүрүлүп, бийлик аны "автокырсыктан каза тапты" деп маалымдаган.