УКМК "2010-жылы апрелдеги кандуу окуяларда экс-министрдин кылмыш кылганы тергөөдө аныкталган жок" деген негиз менен кылмыш ишин кыскарткан.
Бул коомчулукта ар кандай нааразы пикирлерди, талаш-тартыштарды жараткан. Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Конгантиев ден соолугунан ажырап, өз жазасын алды " деп билдирген жайы бар.
Азимбек Бекназаров 2010-жылдын апрель окуяларынын алдындагы коомдук-саясий абалга, кан төгүүгө алып келген жагдайларга жана андагы Молдомуса Конгантиевдин ролуна токтолду. Анын кылмыш ишинин кыскарышын Бекназаров "моралдык-нравалык жактан туура эмес, мыйзамсыз чечим" деп атады:
- Депутаттар тирүүлөй жоголгон, депутаттар көчөдө атылган, чоң-чоң аткаминерлерге чыпалак-кулактар жөнөтүлгөн, оппозициянын өзүнө эле эмес, балдарына, келиндерине чейин кылмыш иши козголгон учурлар болгон. Бийлик 7-апрелдин алдында штаб түзгөн. Мамлекет ичинде мамлекет түзүлгөн. Күч түзүмдөрүнүн баары ошол штабга мүчө болгон. Мамлекеттик бийлик толугу менен ошол мыйзамсыз штабга өткөн. Бул тири шумдук кылмыш болгон. Бийлик штаб түзүп, чагым кылып, курал колдонуп аткан. Кылмыш иши козголгондо ушул штабдын үстүнөн козголгон. Штабдын мүчөлөрүнүн баары күнөөлүү деп табылган. Молдомуса эсине келе албай жаткандыктан биз анын ишин өзүнчө бөлүп койгонбуз, гумандуулук кылганбыз. Биз аны дарылатууга жөнөткөнбүз. 2010-жылы Конгантиевдин иши тергелген эмес. Калгандарынын иши тергелген. Бирок көп маселелер бар да! Бакыйган күч түзүмүнүн, ИИМдин башчысы эмнеге жооп бербейт экен? Курманбек Бакиевдин "монстр" бийлигин орноткондордун кылмыш ишин акырын кыскартып койгон моралдык-нравалык жактан туура эмес.
Азимбек Бекназаров Конгантиевдин кылмыш ишине сот гана чекит коюшу керек деп эсептейт. Болбосо ал "азыркы бийлик менен саясий соодалашууга барды" деген өңдүү күдүк сөздөр күчөй турганын эскертти:
- Тергөө жүрүп, Молдомуса Конгантиевдин күнөөсү барбы-жокпу, аныктап, анын ишин сотко жибериш керек. Анткени негизги иш боюнча Бакиев баштаган күнөөлүүлөр жазасын алды. Эгер ошол иштен бөлүнүп алган Конгантиевдин иши кыскарып калса - анда бул мыйзамга жатпайт. Конгантиев сот аркылуу гана күнөөлүү же күнөөсү жок деп табылышы керек. Болбосо ишинин кыскарганына коомчулук макул болбойт. Саясат болуп кетет. "Мунун артында Сооронбай Жээнбеков турат" деген сөздөр башталат. Ошондой саясат болбошу үчүн муну сот гана чечиши керек. Менин ушул сөздөрүмдү - "кылмыш ишинин соту жок эле кыскарып калганы туура эмес болду" деп - революциянын шарапаты менен, кан менен келген үч президент айтышы керек эле. Анткени кан дагы эле кургай элек.
Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Анын адвокаты Икрамидин Айткулов 13-июнда Конгантиевдин аракетинде "кылмыштын курамы болгон эмес" деген негиз менен ишти кыскартуу тууралуу УКМКга кайрылган. 18-июнда атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган. "2010-жылы кандуу апрель окуяларына Конгантиевдин тиешеси болгон эмес" деп расмий билдирген. УКМКнын мындай чечиминин мыйзамдуулугун Башкы прокуратура да текшергени маалым болгон.
Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев Конгантиевдин апрель окуялары боюнча кылмыш ишинин кыскарганын туура деп эсептейт:
- Молдомуса Конгантиев Таласта аябай оор абалда калган. Ошол 6-7-апрелдеги окуялар боюнча иши кыскарса юридикалык жактан да, моралдык жактан да абдан туура иш болду деп эсептейм. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин убагында бир топ киши өлтүрүү окуялары болду, Медет Садыркуловду өлтүрүштү, мына ушул фактылар боюнча кылмыш иши ачылып, ал акталып кетсе - анда бул туура эмес. Конгантиевге апрель окуялары боюнча гана кылмыш иши козголгон да.
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев апрель, июнь окуяларын иликтеген улуттук комиссиянын мүчөсү болгон. Анын айтымында, комиссиянын корутундусунда Конгантиев жасаган кылмыштар белгиленген. Молдалиев да экс-министрдин кылмыш ишине сот баа бериши керек деген пикирде:
- Тергөөнүн мындай иштерди токтотуп койгонго укугу бар. Бирок бул резонанстуу иш болгондуктан акылдуу тергөөчү болгондо ишти сотко жеткирип, анан ошол жактан акталса Конгантиевге да, тергөөгө да, коомчулукка да жакшы болмок. Биз баарын сот аркылуу чечкенге көнүшүбүз керек. "Конгантиев Таласта жүргөн, ошон үчүн Бишкектеги окуяларга тиешеси жок" дешет. 6-7-апрелдеги окуяларды кайсы жакка алып барабыз? Мен ушул иштер боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын мүчөсү болгом. "Таластагы окуяларды күчөтүп жибергенге түздөн-түз тешеси бар" деген биздин корутундубуз бар. Анткени ал туура эмес жетекчилик кылган. Ал Жапаров менен Айдаралиевдин сөзүн укпай койгон жери бар. "Мен өзүм команда берем" деп, кулак тундуруучу граната колдонуп, каршылык көрсөтүп чыккандарды согуштук патрондор менен аткылашып, элдин үшүн алып, шаардын үстүнөн тик учактар менен учушкан, ушундай кылмыштарды жасаган. Ал министр катары "камалсын" деген буйруктарды берген. Башкы прокуратура тергөөгө көзөмөл жүргүзөт. Булар коомдо резонанс жараткан ушундай иштерди карап, кылмыш ишин иликтеши керек. Башкы прокуратура "туура кыскартылды" деп айтышы керек. Эгер "жок, туура эмес" десе - ишти өзүнө алып, анан сот менен актагандай кылышы керек.
Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бөдөш Мамырова Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши бир канча жыл көзөмөлсүз калганына токтолду:
- Ушул кезге чейин Конгантиев жөн эле жүрдү да. Ал АКШга, же Бириккен Араб Эмиратына же дагы башка жакка качып кеткен жок! Москвада дарыланып жүргөнүн деле учкай эле угуп калганбыз. Анын иши сегиз жылдан бери эмнеге каралбаганы мага түшүнүксүз. Сегиз жылдын ичинде нары же бери болушу керек эле да. Козголгон кылмыш иши эч кимге билинбей жатты да. Козголгон кылмыш иши кайсы бир мөөнөтү келгенде кыскарат. Анан иш кыскаргандан кийин элдин баары чуру-чуу түшүп кыйкырып жатат. Азыр эми аны "бийлик менен соодалашты, антти-минтти" деп жатышат. Соодалашканын эч ким көргөн жок да? Ошондон бери сот же прокуратура кыймылдабагандан кийин, күч органдарынын бирөө да анын артынан түшпөгөндөн кийин, сегиз жылдан бери жаткандан кийин нары же бери кылыш керек да.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Молдомуса Конгантиев тууралуу апрель окуяларына чейинки дооматтар өзүнчө иликтениши керек деп эсептейт:
- Ошол убакта Бишкектеги жагдай таптакыр башкача болуп калган да. Министр Конгантиев Таласта, үч орун басары үч башка аймакта болчу. Ошол күндөрү министрлик жетекчиси жок, көзөмөлсүз калып калган. "Министрликти жетекчисиз калтырган ким болгон?" деген суроо коюлушу керек болчу. Башка жагдайлар боюнча Конгантиевге байланыштуу арыз болсо - анда бул өзүнчө иликтениши керек.
Молдомуса Конгантиев Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда эң таасирлүү министр болгон. Таласта 2010-жылы 6-апрелде бийликке каршы чыккан жергиликтүү жарандардан катуу токмок жеген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Конгантиев катуу жабыркап, өз жазасын алды" деп айткан жайы да бар. Мындан улам "экс-министр ошол кездеги бийлик менен тымызын тил табышып алды" деген да сөздөр чыккан.
Конгантиев апрель окуяларынан бери коомчулукка чыкпайт жана дээрлик көмүскөдө жүрөт. Былтыр президенттик шайлоо маалында КСДПдан талапкер болгон Сооронбай Жээнбековду жандаган сүрөттөр чыккан. Партиянын шайлоо штабын ичинен билген "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын маалыматы боюнча, Жээнбеков менен Конгантиевди жолуктуруу штабды көмүскө башкарган Икрамжан Илмияновдун чечими болгон. Илмиянов Конгантиевдин айланасындагы соңку жагдайга байланыштуу үн ката элек.