Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Алардын өтүнүчүн сот 18-июлдагы отурумда канааттандырды.
- Даттануу жазганбыз, бүгүн сот аны карап оң жагына чечип берди. Эми үй камагында чектөөлөр бар. Түнкүсүн чыкпашы керек. Ал эми күндүз ээн-эркин жүрө берет. Жумушка барышы мүмкүн, - деди Исаевдин жактоочусу Бакыт Осмоналиев.
Учурда Канатбек Исаев өзү журналисттерге комментарий бере элек. Анын кызы Бермет Исаева атасынын акталаарына ишенээрин билдирип, учурда Исаев туугандарына учурашуу үчүн Токмок шаарына жөнөгөнүн маалымдады.
Ошентип, 2017-жылы күздөн бери камакта отурган парламент депутаты Канатбек Исаевге сот акыркы айда үчүнчү жолу оң жыйынтык чыгарып, чектелүү болсо да эркиндикке чыкты. Маселен, буга чейин Исаевди "Коррупция" беренеси менен райондук сот 10 жылга кескен ишти Бишкек шаардык соту "мөөнөтү өтүп кетти" деген жүйө менен токтоткон эле. Ал эми "Бийликти басып алуу" беренеси боюнча иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.
Ушундан улам айрым саясат талдоочулар Исаев акталаарын божомолдоп жатышат. Алардын бири Алмазбек Акматалиев Канатбек Исаев саясий куугунтуктун курмандыгы болгон деп эсептейт:
- Менин оюмча, акталганга баратат. Эми шайлоонун убагында ар кандай окуялар болуп кетпедиби. Мурунку бийлик эмне үчүн отургузганын билебиз. Эми Талгарбеков, Бектур Асановго да калыстык орной берсе, анан сот акыйкаттыгына ишеним артабыз.
Канатбек Исаев он эки жылга соттолду
Канатбек Исаев он эки жылга соттолду
Сот Канатбек Исаевди эки иш - муниципалдык базардын жана автобекеттин курулушу боюнча күнөөлүү деп таап, калган эки эпизод боюнча актады. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевди Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде айыптуу деп таап, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине алуу менен 12 жылга күчөтүлгөн абакка кесүү өкүмүн чыгарды. Ошондой эле Исаевге үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынат.
Ошол эле учурда айрым эксперттер Исаев жаңы бийлик менен саясий сүйлөшүүлөргө барышы мүмкүн экенин айтышат. Саясат талдоочу Айнура Арзыматова сот чечимдер саясатка айланбашы керек деп эсептейт:
- Жаңы бийлик менен саясий сүйлөшүү болду. Себеби, коомчулук, баарыбыз видео тасманы көрбөдүк беле. Анда ачык эле көрүнүп турбайбы, массалык башаламандыкты уюштуруу экени. Анан ушундай оор мамлекеттик кылмышка айыпталган кишини үй камагына чыгарууну эмне деп айтышты билбейм. Бул азыркы укук коргоо органдарына аброй алып келбейт.
Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр 30-сентябрда кармаган. Буга "депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деп Интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура ага Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси ("Кылмышка даярдануу"), 233-беренеси ("Калайман башаламандык") жана 295-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу") менен иш козгогон.
Андан кийин атайын кызматтын Тергөө башкармалыгы Канатбек Исаевди "2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулушун өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде кылмыш иши козголгон.
43 жаштагы Канатбек Исаев - Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" партиясынын лидерлеринин бири. Ал 2016-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзгөртүү боюнча демилге көтөргөндө алгач аны колдоп, кийин каршы чыккан. Ошондон кийин бийлик менен мамилеси бузулган эле.