Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

“Фридом хаус”: Кыргызстан жарым авторитардык өлкө


АКШда жайгашкан “Фридом хаус” уюму өткөөл доорду башынан кечирип жаткан өлкөлөрдөгү 2013-жылдагы демократиянын абалы тууралуу маалыматын жарыялады. Анда 29 өлкө менен катар Кыргызстандагы абал да талдоого алынган. Кыргызстан анда жарым-жартылай авторитардык өлкө деп бааланган.

“Фридом хаус” уюму өз талдоосунда Кыргызстандын региондорундагы абалга түрдүүчө баа берген. Бишкек жана түндүк региондор эркинирээк, өкмөттүк эмес уюмдар жана маалымат каражаттары көбүрөөк жайгашкан деп бааланса, түштүк региондо жергиликтүү бийликтер улутчулдук саясат жүргүзөт, бул өз кезегинде улуттук азчылыктарды дискриминациялоого алып келүүдө деп белгиленген. Мындай бөлүү башка өлкөлөргө карата байкалбайт.

Жогорку Кеңештин депутаттары эл аралык уюмдар Кыргызстанды региондорго бөлүп жатат деп буга чейин сынга алган эле. Маселен Депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында, “Хьюман райтс уотч” уюму сурамжылоо жүргүзүүдө башка улуттарды саноо менен бирге “түндүк кыргыздардын пикирлери”, “түштүк кыргыздардын пикирлери” деп бөлүп алган. Муну бир улутту жана мамлекетти экиге бөлүү катары бааларын депутат өз сөзүндө белгилеген эле.

“Фридом хаустун” атайын кеңешчиси Алмаз Эсенгелдиев уюм өз иликтөөсүндө фактыларды гана констатация жасаган деп билдирди.

Уюмдун жалпы өлкөгө баасында, Кыргызстан жарым-жартылай авторитардык саясий системалуу өлкө деп аталган. Буга карабай ал Борбор Азиядагы эң эркин өлкө деп саналган. Өткөн жылдардагы өзгөрүүлөргө салыштырмалуу Кыргызстан “жергиликтүү бийликтердин демократиялуулугу” боюнча гана алдыга жылган.

Иликтөөдө Кыргызстан бир топ позитивдүү деп бааланган. Анда региондогу өлкөлөр ичинен Кыргызстан гана социалдык, саясий жана диний чектөөлөргө жол берген эмес, бирок коррупциясы жайылган, соттук системасы саясий системанын таасиринде турат жана этникалык өзбектерге көбүрөөк каршы багытталган деп жазылган болчу.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” уюмунун өкүлү Азамат Адилов “Фридом хаус” уюмун абройлуу катары баалап, бирок Кыргызстанда маселе мыйзамдардын аткарылбай жатышында деп белгиледи:

- Кыргызстанда жакшы мыйзамдар көп. Бирок аткарылбайт. Жөн эле четке кагылат. Милициядан баштап, сотко чейин ошондой.

Оштогу “Укук жана демократия” борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков Кыргызстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө караганда эркин деген баага толугу менен кошулат. Бирок бир өлкөгө эки түрдүү баа берген туура эмес деп эсептейт:

- Кыргызстан бир бүтүн өлкө. Бир жагын эркин, экинчи жагын улутчулдук өкүм сүргөн өлкө катары карагандын өзү туура эмес. Себеби бир өлкөнүн ичинде эки бөлөк саясат болушу мүмкүн эмес. Албетте, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун борбордук бийликке баш ийбегендей бир саясаты бар. Бирок жалпы мамлекеттик саясатка келгенде борбордук бийликке баш ийип турат. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө, мыйзамдардын аткарылышында баш ийет.

Идирис Кубатбековдун пикиринде, Кыргызстанда авторитардык система эмес, анархия орноп келатат. Бийлик бир адамдын эмес, ар партиянын колунда болуп жатат.

“Фридом хаус” уюмунун баалоосу боюнча, өткөөл мезгилдеги 29 өлкөнүн ичинен Словения, Латвия жана Эстония демократия курууда ийгиликтерге жетишүүдө. Кыргызстан демократияны курууда Борбор Азия мамлекеттери эле эмес, Орусиядан да алдыга кетип, Армения жана Косово менен тең келген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG