Бул демилгени көтөргөн Финансылык чалгын боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Гуламжан Анарбаевге премьер-министр сөгүш жарыялады. Анарбаев өз чечимин кылмыштуу жол менен табылган каражатты адалдоого байланыштуу эл аралык санкцияга түшүп калуу коркунучу менен түшүндүрдү.
Шашылыш чечимдин жыйынтыгы
Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттер боюнча комитетинин жыйынында Финансылык чалгын кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаев банк эсептерин жана уячаларды талап кылган суроо-талап токтотулганын билдирди.
Буга чейин Анарбаевдин "өтө маанилүү" деген белги коюлган, коммерциялык банктарга жиберилген кызматтык катынын көчүрмөсү жарыяланган эле. Бул чара коммерциялык банктарды банк сырын ачууга мажбурлоо аракети катары бааланып, коомчулукка дүрбөлөң түшүргөн болчу.
Буга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев банктар бирикмесинин, ишкер чөйрөнүн кайрылууларын жана коомдук кызуу талкууну эске алуу менен Анарбаевге сөгүш жарыялады. Гуламжан Анарбаев бул маселе боюнча шашылыш чечим кабыл алынып калганын айтып, ката кетиргенин моюнга алды:
- Мен өкмөт башчысынын мага сөгүш бергенине карата эч кандай комментарий бере албайм. Күнөөмдү сезем. Биз тараптан да катачылыктар кетип калды. Анан ошол сунуштама бизге келгенде эле “бизди текшерип, анан биздин өлкө "кара тизмеге" түшүп калбасын” деген тынчсыздануунун негизинде, “эл аралык деңгээлде шерменде болбосок экен” деген ниет менен эле бул иш-чараны шашылыш баштап жиберген экенбиз. Ыктыярдуу негизде сунуш иретинде болсо да банк эсептеринин жана банк уячаларынын реестерин түзөлү деген эле тилек менен ушундай болду.
Финчалгындын жетекчиси терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоого каршы туруу боюнча мыйзамга ылайык бул багыттагы эл аралык милдеттенмелерди аткарыш үчүн банк эсептери жана уячалар тууралуу маалыматтар суралганын айтты. Анткени офшордук өлкөлөр менен Кыргызстандын ортосунда айланган акчанын суммасы жыл сайын көбөйүп жаткан экен. Финансылык чалгын кызматынын маалыматы боюнча, 2016-жылы Кыргызстанга ушундай жол менен 7 млн. 490 миң доллар келген болсо, өлкөдөн кайра 10 млн. 937 миң доллар чыгарылып кеткен. 2017-жылы офшордук өлкөлөрдөн 9 млн. 379 миң доллар келип түшүп, кайра 14 млн. доллар чыккан. 2018-жылдын 11 айында 7 млн. доллар кирип, Кыргызстандан кайра 11 млн. доллар чыгарылып кеткен.
Эл аралык милдеттенме
Гуламжан Анарбаевдин айтымында, Кыргызстан эл аралык универсалдык стандарттарга ылайык террористтик ишти каржылоого жана арам акчаны адалдоого каршы 40 бөлүмдөн турган талапты аткарышы керек. OSR эл аралык уюмунун соңку эксперттик баасы боюнча Кыргызстан коюлган талаптардын 13ү боюнча төмөн баа алган. Эгер келерки жылдын май айына чейин кемчиликтер жоюлбаса, өлкө «кара тизмеге» киргизилип, ар кандай эл аралык санкцияларга кабылышы мүмкүн экени Финансылык чалгын кызматынын баяндамасында эскертилген.
Парламенттин депутаты Мирлан Жээнчороев мыйзамдардагы карама-каршылыктан улам ушундай жагдай жаралганын, ал инвестициялык климат үчүн кооптуу экенин айтты:
- Мамлекеттик, муниципалдык кызматчылардын, саясий кызматтагылардын каржылык абалын карайлы. Текшерели, териштирели. Бирок экономикалык ишмердик менен алектенип, бюджетти толтурган ишкер чөйрөгө жана инвесторлорго биз тийишпешибиз керек. Анткени биз буга бара турган болсок, анда өлкөнүн инвестициялык климаты начарлап кетиши турган иш. Анан эми бул жерде мыйзамдардын ортосундагы карама-каршылыктан улам ушундай жагдай келип чыгууда. Бул жерде негизи кылмыш иши козголгондон кийин гана иликтөөнүн алкагында тиешелүү конкреттүү банк эсеби текшерилиши керек. Бирок OSR уюму "соттун чечими жок эле банк эсебин ачууга мүмкүнчүлүк түзгүлө" деген сунуш киргизген экен.
Күмөндүү банк эсептерин издөөнүн ыкмасы бар
Финансылык чалгын кызматынын ишине Улуттук банк да тынчсызданып, банктардын бардык кардарлары боюнча толук маалымат берүү "Улуттук банк, банктар жана банктык ишмердик жөнүндө" мыйзамга каршы келерин билдирген. Башкы банк эгер эсептер менен уячалардын ээлери боюнча реестр түзүлсө, бул алардын финансылык тутумуна сокку урушу мүмкүн экенин эскерткен.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов терроризмге жана арам акчаны адалдоого каршы күрөштүн өзүнчө ыкмалары бар экенин айтып, соңку аракеттерди кесипкөйлүктүн жоктугу менен байланыштырды:
- Негизи күмөн жараткан банктык операциялар же кандайдыр бир шектүү акча которуу туурасында маалыматтарды сураса, анда ал негиздүү болмок. Бул боюнча иш алып баруунун өзүнүн ыкчам ыкмалары бар. “Эл аралык милдеттенмелер бар” деп эле банк эсептеринин жана банк уячаларынын баарын ачтырып, алар тууралуу толук маалымат талап кылуу мыйзамга жатпайт. Мындай иш-аракет банк жана каржы тармагы үчүн кооптуу. Биздин банктар ишенимден чыгып калышы мүмкүн. Терроризмди каржылоого же кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоого каршы атайын чаралар бар.
Финансылык чалгын кызматы банктардан бардык кардарлардын эсептери жана банк уячалары тууралуу маалымат сураган каты Интернетке жарыяланып кетип, ал өз кезегинде адам укуктарын жана банк купуялыгын буза турган аракет катары кескин сынга кабылган.