Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:26

VIP-шаарчадагы чырдын төркүнү


“Ала-Арча” турак жай комплексинде чогулган тургундар. 17-январь, 2018-жыл.
“Ала-Арча” турак жай комплексинде чогулган тургундар. 17-январь, 2018-жыл.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Бишкек шаарынын “Ала-Арча” турак жай комплексиндеги каржылык мыйзам бузуу фактыларын териштирүүгө киришти. Бир күн мурда “Ала-Арча” турак жай комплексинин жашоочуларынын бир тобу өз кошуналары,

Бишкектин түштүк тарабындагы "Ала-Арча" турак жай комплекси эл арасында бардар кишилер жашаган аймак катары белгилүү. Бул конушта жер тилкелери абдан кымбат.

Алардын арасында мурдагы премьер-министр Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек Келдибеков да бар. Эгер бул белгилүү саясатчылардын жубайларынын аттары аталбаганда, конуштагы бул чыр коомчулуктун көңүлүн мынчалык деле бурмак эмес.

17-январда "Ала-Арчанын" айрым тургундары Кулов менен Келдибековдун жубайлары шаарчанын башкармалыгынын иштешишине жолтоо кылып жатканын коомчулукка айтып чыгышты.

Тургундардын бири Евгения Кухтанын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, буга чейин саясатчылардын жубайлары конуштун башкармалыгынын мүчөсү болгон.

Өздөрүнүн бухгалтери менен келип, башкармалыктын имаратын ээлеп алышты.

- Жакында комплекстин тургундарынын көпчүлүк добушу менен жаңы башкармалык шайлаганбыз. Бирок мурдагы башкармалык бизге мөөрдү, документтерди бербей, ар кандай тоскоолдук кылып келген. Шаарча аймагындагы таштандылар чыгарылбай калган. Биз буга карабай өз каражатыбызга иштеп баштап, аларды тазалап, күзөт кызматкерлерин алмаштырганбыз. Анткени эки үйдү кылмышкерлер тоноп кетишкен эле. Бүгүн болсо алар келип, башкармалыктын мүчөлөрүн кууп чыгышты. Өздөрүнүн бухгалтери менен келип, башкармалыктын имаратын ээлеп алышты.

Кухтанын айтымында, имаратка келген адамдарды Акматбек Келдибеков баштап келген. Алардын арасында Феликс Куловдун жубайы Фатима Абдрасулова да болгон. Алар жаңы башкармалык жалдаган күзөт кызматкерлерине баш ийбей, мурда иштен бошотулган күзөтчүлөрдү иштетүүнү талап кылышкан.

Евгения Кухта мурдагы башкармалыктын учурунда комплекс үчүн жыйналган каражаттар негизсиз пайдаланылып, Социалдык фондго 2,5 миллион сомдон ашык карыз болуп калганын кошумчалаган эле.

Мындан соң конуштун айрым тургундары чогулуп, саясатчы кошуналарына нааразылыгын билдирип чыгышты. Алар башкармалыктын имаратына киришип, кайрадан күзөтчүлөрдү алмаштырышты. Бирок алардын арасында айрымдары саясатчы коңшулар эмне себептен жаңы башкармалыкка нааразы болуп жатканын түшүнбөй жатканын билдиришти. Андай тургундардын бири Күмөн Исаков.

Күмөн Исаков.
Күмөн Исаков.

- Эмне кызыкчылык болуп атканын түшүнбөй жатабыз. Башкармалыкка ыктыярдуу төлөмдөр жыйналат. Алар мисалы жол бузулуп калса жана башка керектөөлөргө жумшалат. Ал жакта 40-50 миң доллардай акча бар. Болбосо эмнеге кызыгат? Коомдук башталыштагы иш. Ал жерден айлык албайт, кызматтан көтөрүлбөйт.

“Ала-Арчадагы” айрым тургундардын мындай дооматына саясатчылар дароо эле жооп кайтарышты.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов бул чырга жубайынын эч кандай тиешеси жок экенин, бул жөн гана каралоо экенин билдирди. Саясатчы чырды айрым жашоочулардын “интригасы” катары мүнөздөдү. Саясатчы жакында конушту экиге бөлүү боюнча маселе көтөрүлгөндө айрым тургундар туура эмес түшүнүп чыр чыгарып жатканын айтты.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

- Эч кандай басып алуу болгон жок. Бул жөнүндө сөз да чыккан эмес. Биздин шаарча “Ала-Арча 1” жана “Ала-Арча 2” деген эки бөлүктөн турат. “Ала-Арча 1де” 56 үй, ал эми “Ала-Арча 2де” 35 үй бар. Бул үйлөрдүн коммуналдык, тазалык жана башка маселелерин уюштурчу башкармалык бар. Ошондой эле ревизиялык комиссия бар. Башкармалык атайын директорду жалдап, күзөт компаниясы менен келишим түзүп иш алып барат. Жашоочулар бул керектөөлөр үчүн акча чогултуп берет. “Ала-Арча 1де” жашоочулар көп болгондуктан көбүрөөк акча чогултат. Бирок азыркы жалданган директору “Ала-Арча 2нин” тургундары менен жакшы болуп алып, аларга көп акча бөлүп койчу экен. Мына ушуларды көрүп, айрым тургундар "финансылык жактан бөлүш керек" деген маселени көтөрүп чыккан. Муну айрым коңшулар интригага айлантып, каралоого өттү.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков чырдын себебин башкача түшүндүрдү. Анын айтымында, чыр жаңы келген башкармалык конуштун күзөтчүлөрүн негизсиз кызматтан алгандан улам келип чыккан. Бошотулган күзөтчүлөр адилеттик издеп, саясатчы катары Келдибековго кайрылышкан. Дал ушул маселени такташ үчүн башкармалыкка кайрылган учурда коңшулары туура эмес түшүнүп, каралап жатканын экс-депутат "Азаттык" радиосуна айтып берди.

Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

- Мен буга чейин башкармалыкта кимдер иштейт, кандай иш алып барат, билген эмесмин. Эл катары эле салымды төлөп койчубуз. Анан мага иштен негизсиз бошотулган адамдар кайрылганы үчүн гана бардым. Аларды деле жакшы тааныбайм. Күзөттөн бошотулган 15 адам тегеректе эле жашайт экен, Чүй өрөөнүндө. Аларды жөн эле айдап салган болбойт да. Ошону билейин десем, мени каралап, саясатка айландыра башташты. Бул туура эмес. Мени каралагандарды сотко берем.

“Азаттык” жумуштан бошотулгандардын бири Замир Дүйшекеев менен байланышканда, ал бул маалыматты ырастады. Негизсиз жумуштан бошотулганы үчүн прокуратурага арыз жазганын да билдирди.

Ал ортодо коңшулардын чыры боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы иш козголгонун кабарлады. Кылмыш иши “Ала-Арча” комплексиндеги милдеттүү камсыздандыруу салымдары төлөнбөгөнү үчүн козголгон.

Финполициянын маалыматы боюнча, конуштун кассасынан 2016-жылы жана өткөн жылдын тогуз айында коммуналдык кызмат көрсөтүү үчүн жеке ишкерге 3 миллион сомдон ашык каражат төлөнгөн. Бирок ал киши жеке ишкер катары расмий түрдө катталбай, жасалма документтерди берип келген. Дал ушул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтене баштаганы кабарланды.

"Ала-Арчадагы" коңшулар түзүлгөн кырдаалды талкуулоо үчүн жыйналышка чогулганы менен бир пикирге келе албай жатышат.

VIP шаарча "Ала-Арча" резиденциясына жакын жерде жайгашкан. Анда 90го жакын үй бар.

“Ала-Арчадагы” коңшулардын чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG