Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Милиция Алмаматовду «жоготуп» алды


Насирбек Алмаматов. Сүрөт "Фергана" сайтынан алынды.
Насирбек Алмаматов. Сүрөт "Фергана" сайтынан алынды.

Пара алууга шектелип, соттолгон Насирбек Алмаматовго издөө жарыяланды.

Акыркы апталарда коомчулуктун талкуусуна түшкөн Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Насирбек Алмаматовду милиция таппай жатканы 4-ноябрда белгилүү болду.

Жогорку соттун токтомунун негизинде аны камакка алууга барган милиция жашаган дарегинен таппай, издөө жарыялады. Бул маалыматты "Азаттыкка" Бишкектин Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынын инспектору Айбарчын Батырбекова ырастады:

- Алмаматовго издөө жарыяланды. Анын алкагында издөө боюнча комплекстүү иш-аракеттер уюштурулууда. Бул иштердин жыйынтыгында Алмаматовдун жүргөн жери аныкталса, камакка алынат. Учурда ал изделип жатат.

Милицияга Насирбек Алмаматовду камакка алуу боюнча Жогорку соттун токтому 1-ноябрда түшкөн. Ал эми Жогорку сот бул ишти 30-октябрда карап, Алмаматовду 12.5 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Бул соттук жараянга айыпталуучу катышкан эмес. Адвокаты ал ооруп жатканын билдирген эле.

Учурда Алмаматовдун кайда экени белгисиз болууда. Атын атагысы келбеген жакын тааныштарынын бири Насирбек Алмаматовду бир топ убакыттан бери көрө электигин билдирди. Ал эми адвокаты Жылдыз Жапашев болсо корголуучусунун кайда экенин билбей турганын айтты:

- Билбейм, анын кайда экени боюнча түшүнүгүм да жок. Жогорку соттун чечиминен кийин байланышкан эмеспиз.


Насирбек Алмаматов 2018-жылдын ноябрь айында кармалган. Улуттук коопсуздук комитети аны "айдоочулук күбөлүктү берүү боюнча коррупциялык схема түзгөн" деп айыптап, Алмаматовго түспөлдөш адамдын иш бөлмөсүндө пара алып жатканы тартылган тасманы жарыялаган. Ошондон кийин Бишкектин Октябрь райондук соту Насирбек Алмаматовду пара алууга айыптуу деп таап, 12.5 жылга эркинен ажыраткан. Ал жазасын өтөй баштагандан бир аз убакыт өткөн соң гана Бишкек шаардык соту бул чуулгандуу ишти Алмаматовдун адвокатынын арызынын негизинде кайрадан карайт. Тактап айтканда, ушул жылдын 9-июлунда шаардык сот Мамкаттоонун мурдагы башкармалык жетекчисин 3 миллион 300 миң сом төлөө шарты менен эркиндикке коё берген.

Экс-чиновниктин эркиндикке чыкканы жөнүндө маалымат үч ай өткөн соң гана коомчулукка белгилүү болгон. Октябрь айында Бишкек шаардык соту «Азаттык» радиосуна бул маалыматты расмий ырастаган. Ошондон кийин коомчулук узак мөөнөткө соттолгон адамдын эркиндикке чыгып кеткенине нааразы болуп, өлкөдөгү "коррупцияга каршы күрөштүн чыныгы жүзү ушундай" деп сын айткандар чыккан. Дал ушундай кырдаалда прокуратура Жогорку сотко арыз менен кайрылып, 30-октябрда сот Алмаматовду эркинен ажыратуу чечимин бекемдеген.

Адистер соттолуучу айып менен бошотулган күндө да Кыргызстандын аймагынан чыгууга чектөө болушу керек экенин айтышууда. Маселен, адвокат Таалайкүл Токтакунованын айтымында, эгер Алмаматовдун сыртка чыгып кеткени аныкталса, ал мыйзамды бузган болуп саналат:

- Негизи салынган айыпты алты айдын ичинде толугу менен төлөп бүтүшү керек. Ал эми айып төлөнмөйүнчө өлкөдөн чыгууга тыюу салынып, бул тыюу алынбайт. Эгер анын өлкөдөн чыгып кеткени аныкталса, ал мыйзамсыз жол менен гана чек арадан өткөн болуп саналат.

Эксперттер Алмаматовдун иши коррупцияга каршы күрөштүн кемчиликтерин көрсөттү деген пикирде. Анткени мындай чуулгандуу иште таасирдүү күчтөр аралашпаса абактагы адам бошотулуп, андан соң из жашырышы мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Алмаматов боюнча шаардык соттун чечим кабыл алуусуна аралашкандардын жоопкерчилиги каралышы керек деген пикирде:

- Бул жерде журналисттерге, кайдыгер карабаган коомчулуктун бөлүгүнө рахмат айтыш керек. Анткени, демократиянын белгиси ушул - журналисттер айтып, бийлик ага көңүл бурду. Болбосо “жабылуу аяк жабылуу бойдон калышы” мүмкүн болчу. Бирок эми ал киши качып кете турган болсо, ошол райондук соттун чечимин жокко чыгарган шаардык соттун судьялары жоопко тартылышы керек. Андай болбосо шаардык соттун артында чоң күчтөр турганы ачык болуп калат.


Кыргызстанда кылмыш иши козголгон соң айыпталуучулардын өлкөдөн чыгып кеткен учурлары катталып келген. Буга чейин мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Баткен аркылуу Тажикстанга өтүп, кийин АКШга кеткени белгилүү болгон. Андан соң кылмыш иши козголгон УКМКнын мурдагы башчысы Бусурманкул Таабалдиев, Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-төрайымы Алина Шаикованы укук коргоо органдары таппай калышкан. Бул адамдарга издөө жарыялаганы менен андан майнап чыкпай келет.

49 жаштагы Насирбек Алмаматов Мамлекеттик каттоо кызматында узак убакыттан бери иштейт. Ал ишиндеги кемчиликтери үчүн үч жолу иштен бошотулуп, үч жолу соттун чечими менен кызматына кайтып келген.

Мындан сырткары Алмаматов 2014-жылы Бишкектин четинде киши колдуу болгон студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш ишинде күбө катары өткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG