Андан соң экинчи доочу Токтайым Үмөталиева биометрикалык каттоонун Баш мыйзамга шайкештигине укуктук тыянак чыгаруу үчүн Венеция комиссиясынан эксперт чакыруу өтүнүчүн келтирди. Бирок Конституциялык палата узакка созулган кеңешмеден соң, доо койгон тараптын эки талабын тең четке какты.
Конституциялык палата “Биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзамдын Баш мыйзамга шайкештиги боюнча маселени кароого экинчи ирет киришти. Буга чейин соттук териштирүү Конституциялык палатанын мурдагы судья-баяндамачысы Клара Сооронкулованын ишти кароодон четтетилгенине байланыштуу үзгүлтүккө учураган болчу. Ага баяндама даярдаган судья Сооронкулованын биометрика мыйзамына каршы позициясы бар деген доомат негиз болгон. Ал талаштын арты Сооронкулованы судьялыктан биротоло кетирүү менен аяктаган.
Экинчи жолку соттук кароонун башында эле адвокат Нурбек Токтакунов Конституциялык палатанын төрагасына ишенбөөчүлүк билдирип, аны сотко төрагалык кылуудан четтетүүнү талап кылды:
- Конституциялык палата эч кандай далилдер менен бекемделбеген шектенүүнүн негизинде судья Сооронкулованы ишти кароодон четтетүү тууралуу аныктамасы менен ушундай өрнөктү өзү түзүп койду. Мен ага караганда бул ишти кароодо төрагалык кылуучунун бейтараптыгы шек жарата турган жагдайлар бар экенин мисал келтирем. Палата мына ошондой өрнөк түзгөндөн кийин ошол логика боюнча аягына чейин чыксын. Анткени биз төрагага президенттик аппараттан басым көрсөтүлдү деп эсептеп, анын бул ишти калыс жана бейтарап кароосунан шектенебиз.
Палата мына ошондой өрнөк түзгөндөн кийин ошол логика боюнча аягына чейин чыксын. Анткени биз төрагага президенттик аппараттан басым көрсөтүлдү деп эсептеп, анын бул ишти калыс жана бейтарап кароосунан шектенебиз.Нурбек Токтакунов
Конституциялык палата арыздануучу тараптын төрага-судья Муканбет Касымалиевди ишти кароодон четтетүү тууралуу дооматын четке какты. Бул боюнча соттук аныктамада арыздануучу тараптын дооматында тиешелүү далилдер жок экени көрсөтүлгөн.
Конституциялык палатанын төрагасы Муканбет Касымалиев аны ишти кароодон четтетүү талабы негизсиз коюлду деп эсептейт:
- Алар мага президенттик аппараттан кысым болгон деген жүйөлөрү акылга сыйбайт. Анткени мындай доомат менен мени ишти кароодон четтетүү талабы коюла турган болсо, ага тиешелүү далилдер болушу керек да. Андай далилдериңер барбы десем, айта алышкан жок. Анан далил деп өздөрүнүн божомолдорун жана ой-жорумдарын айта берген болбойт да.
Ошол эле кезде экинчи доочу Токтайым Үмөталиева мурдагы соттук териштирүүдө судья-баяндамачыга төраганын басым көрсөткөнү боюнча соттор кеңешине даттанганын айтты. Бирок Соттор кеңеши Сооронкулованын аракетине баа берип, бирок төрага Касымалиевге чара көрүү боюнча арыз ушул кезге чейин каралбай жатканы айтылды.
Биометрикалык каттоонун мыйзамдуулугу боюнча арыздануучу Токтайым Үмөталиева мында Конституциялык палата бир эле соттук аракет боюнча эки башка чечим чыгарып жатканына токтолду.
- Сооронкулованы ишти кароодон четтеткенде кандай далилдер негиз болгонун сураганыбызда парламенттин өкүлү менен бирге Конституциялык палатанын мүчөлөрү далил келтире алышкан эмес. Анан жүйөлөр жетиштүү жана далил базасы керек эмес дегенге өтүштү. Анан эми бул жерде төраганын кыймыл-аракетинде аны ишти кароодон четтетүүгө негиздер болуп жатпайбы. Анткени анын биометриканы тапшырдым деп коомчулукка ачык айтканы эле анын бул мыйзамды колдоорун билгизип, анын бейтарап эмес экенин далилдеп жатпайбы. Буга эмне дейбиз?
Ошондой эле укук коргоочу Токтайым Үмөталиева "Биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамдын Конституцияга шайкештиги боюнча Венеция комиссиясынын тыянагын алууну сотко сунуштады. Бирок анын ал жактан эксперт чакыруу боюнча өтүнүчүн дагы Конституциялык палата четке какты. Бул боюнча кийинки соттук териштирүү 11-сентябрда уланат.