Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:36
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл

Шайлоодо Жээнбеков алдыга чыкты

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу добуштар саналууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, добуш берүүлөргө 1 миллион 690 миңден ашуун шайлоочу келди. Шайлоого катышуу 55, 93 пайызды түздү.

Акыркы алдын ала эсептер боюнча талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Ага шайлоого катышкан элдин 917 миңден ашууну добуш берген, бул 54 пайыздан ашык көрсөткүч.

Ал эми шайлоодогу анын башкы атаандашы, парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Ал 564 миңден ашуун добуш топтоп, 33 пайыздан ашуун добушка ээ болду.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миңден ашуун же 5 пайыздан ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 3 пайызга жакын добуш менен төртүнчү орунда турат.

Дагы бир талапкер Таалатбек Масадыков 10 миңден ашуун шайлоочунун добушу менен бешинчи катарда.

Улукбек Кочкоровго берилген добуштар 0, 55% же 8 миңден ашканы Боршайкомдун сайтындагы электрондук эсепте көрсөтүлүп турат.

Азимбек Бекназаровго 0.16%, Арстанбек Абдылдаев 0.12%, Арсланбек Малиев 0.1%, Эрнис Зарлыков 0.09%, Токтайым Үмөталиева 0.09% добуш алса, шайлоочулардын 0.69 пайызы баарына каршы болгон.

Шайлоодо 11 талапкер ат салышты. Биринчи турда жеңип чыгуу үчүн талапкер шайлоого катышкан элдин 50 пайыздан ашыгынын добушун алышы керек.

Ал эми аймактар боюнча алганда Бабанов менен Жээнбеков төмөндөгүдөй добуш алган.

Чүй облусу: Бабанов — 50,92%, Жээнбеков — 37,26%

Талас облусу: Бабанов 85,55%, Жээнбеков — 12,77%,

Ысык-Көл облусу: Жээнбеков — 50,7%, Бабанов — 42,26%,

Нарын облусу: Жээнбеков — 56,05%, Бабанов — 36,84%,

Жалал-Абад облусу: Жээнбеков — 59,35%, Бабанов — 27,83%

Ош облусу: Жээнбеков — 72%, Бабанов — 18,3%,

Ош шаары: Жээнбеков — 72,3%, Бабанов — 18,73%,

Баткен облусу: Жээнбеков — 57,39%, Бабанов — 20,53%.

Шайлоонун жыйынтыгы улам жаңыланууда.

17:23 15.10.2017

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын журналисттерге билдиргени боюнча, саат 16:00гө карата 20 чакты арыз келип түштү. Алардын баары текшерилип жатат:

- БШКда түрдүү мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүүчү топ түзүлгөн. Бул топ келип түшкөн даттануу-кайрылууларды текшерүүдө. Анын ичинде такталбаган, туура эмес маалыматтар да чыгып жатат. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында бир жаран карыя адамдарга азык-түлүк сунуштап, добуштарын сатып алууга аракет кылган. Ал аныкталды. Ош шаарында №5310 шайлоо участогунда үгүт иштери жүрүп жатат деп коомдук уюмдун байкоочусу даттанган. Текшерүү жүргүзүлдү, процессуалдык жыйынтык чыгарылат.

Нуржан Шайлдабекова Кара-Кулжа районунда добуш берүү бюллетендерин сыртка алып чыгуу фактысы боюнча да маалымдап, ага күнөөлүү адамдар кармалганын маалымдады. Анын айтуусунда, бул боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралат. БШКны төрайымы шайлоонун жыйынтыгына таасир эте ала турган одоно мыйзам бузуулар болбогонун бекемдеди.

Ал эми президенттик шайлоого байкоо жүргүзүп жаткан "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын маалыматы боюнча, 15-октябрдагы президенттик шайлоодо кеминде 1% участокордо олуттуу мыйзам бузуулар катталды. №1360 шайлоо участогунун мүчөсү шайлоочуларды кош тизмеге алганы аныкталганын, бул боюнча акт түзүлгөнүн маалымдады.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жата. Ага 11 талапкер катышууда.

17:39 15.10.2017

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы атаандаштары чагымды күчөтүп жатат деп маалымдады.

Штаб тараткан билдирүүдө айтылгандай, бир саатта үч чагым катталды. Анда талапкер Жээнбековдун штабы жайгашкан кеңселерге чымыр денелүү белгисиз бирөөлөр келип коркутуп кетишкени, милицияга добуш сатып алуу фактысы боюнча жалган маалымат берүү аракети болгону жана шайлоо комиссияларында сыясы өчүп калуучу калемсап колдонулуп жатканы тууралуу тасма таратылып жатканы айтылат.

Билдирүүдө айтылгандай, бул видеого байланыштуу алар БШКга жана күч кызматтарына кайрылышкан. "Натыйжада кайсы бир талапкердин штабында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу аракетинде атайын сценарий түзүлүп жатканы аныкталды" деп маалымдайт Жээнбековдун шайлоо штабы.

Мындан тышкары билдирүү ээлери өздөрүнүн талапкери утуп чыгуучу шайлоо участокторунда да түрдүү чагымдарды уюштуруп жатканын айтышып, бирок кандай чагым экенин этикалык себептерден улам көрсөтүшкөн эмес.

Буга чейин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов добуш сатып алуу аракеттери бийликтин талапкери тарабынан жүргүзүлүп жатат деп айыптаган.

Президенттикке талапкер Темир Сариев бул шайлоодо мурункуларынан өзгөчө кара пиар көп болгонун билдирсе, дагы бир талапкер Адахан Мадумаров бийлик тарабынан административдик ресурстар арбын болуп жатканын айтты.

17:42 15.10.2017

18:05 15.10.2017

Саат 17:00гө карата Кыргызстанда катталган шайлоочулардын дээрлик 40,12% добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Ош шаары эң активдүү болууда. Бул жерде шайлоочулардын 53% добушун берди. Андан кийин Бишкек шаары менен Талас, Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Чүй, Ош облустары келе жатат. Эң пассивдүү азырынча Жалал-Абад облусу болууда. Бул жерде саат 17:00гө карата шайлоочулардын 36,47% пайызы добуш берди.

Расмий маалыматка ылайык, бул шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 25 миң 768 жаран бар. Анын 2 млн 908 миң 453ү Кыргызстанда болсо, 18 миң 580и чет жерде. Дагы 98 миң 735 жаран Бишкек шаарындагы кошумча участоктордо добуш берүү укугун алган.

Кыргызстан боюнча 2375 шайлоо участогу уюштурулган. Андан тышкары чет жерде 37 добушкана ачуу каралган.

Кыргызстанда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 11 талапкер катышууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG