Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл

Шайлоодо Жээнбеков алдыга чыкты

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу добуштар саналууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, добуш берүүлөргө 1 миллион 690 миңден ашуун шайлоочу келди. Шайлоого катышуу 55, 93 пайызды түздү.

Акыркы алдын ала эсептер боюнча талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Ага шайлоого катышкан элдин 917 миңден ашууну добуш берген, бул 54 пайыздан ашык көрсөткүч.

Ал эми шайлоодогу анын башкы атаандашы, парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Ал 564 миңден ашуун добуш топтоп, 33 пайыздан ашуун добушка ээ болду.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миңден ашуун же 5 пайыздан ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 3 пайызга жакын добуш менен төртүнчү орунда турат.

Дагы бир талапкер Таалатбек Масадыков 10 миңден ашуун шайлоочунун добушу менен бешинчи катарда.

Улукбек Кочкоровго берилген добуштар 0, 55% же 8 миңден ашканы Боршайкомдун сайтындагы электрондук эсепте көрсөтүлүп турат.

Азимбек Бекназаровго 0.16%, Арстанбек Абдылдаев 0.12%, Арсланбек Малиев 0.1%, Эрнис Зарлыков 0.09%, Токтайым Үмөталиева 0.09% добуш алса, шайлоочулардын 0.69 пайызы баарына каршы болгон.

Шайлоодо 11 талапкер ат салышты. Биринчи турда жеңип чыгуу үчүн талапкер шайлоого катышкан элдин 50 пайыздан ашыгынын добушун алышы керек.

Ал эми аймактар боюнча алганда Бабанов менен Жээнбеков төмөндөгүдөй добуш алган.

Чүй облусу: Бабанов — 50,92%, Жээнбеков — 37,26%

Талас облусу: Бабанов 85,55%, Жээнбеков — 12,77%,

Ысык-Көл облусу: Жээнбеков — 50,7%, Бабанов — 42,26%,

Нарын облусу: Жээнбеков — 56,05%, Бабанов — 36,84%,

Жалал-Абад облусу: Жээнбеков — 59,35%, Бабанов — 27,83%

Ош облусу: Жээнбеков — 72%, Бабанов — 18,3%,

Ош шаары: Жээнбеков — 72,3%, Бабанов — 18,73%,

Баткен облусу: Жээнбеков — 57,39%, Бабанов — 20,53%.

Шайлоонун жыйынтыгы улам жаңыланууда.

18:06 15.10.2017

Атамбаев-Бабанов: шайлоо күнү айтылган айыптоолор

Атамбаев-Бабанов: шайлоо күнү айтылган айыптоолор
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00

18:10 15.10.2017

Ош шаарындагы Он-Адыр конушундагы №5321 шайлоо участкасында электрондук үкөк иштебей, эски үкөк колдонулуп жатат.

Участканын төрайымы Бахтиёрхан Шакирова эртең менен добуш берүү башталгандан тарта электрондук үкөк иштебей калганын, 9:10до эски үкөктү койгонго аргасыз болушканын билдирди. Эки жолу адистер келип, оңдой албай кетишкен. Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Соңку эки жылдан бери өлкөдөгү шайлоо жараяндары биометрикалык каттоонун негизинде, электрондук үкөктөр менен өтүүдө.

18:15 15.10.2017

Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан №5555 шайлоо участкасында белгисиз кишилер шайлоочулардын тизмесин түзүп, келген-кеткендерди каттап отурат.

Алар колундагы тизме эмне максатта жазылганы боюнча "Азаттык" радиосунун кабарчыларына комментарий берүүдөн баш тартып, кетип калышты.

Айрымдары "домком" экенин айтып, тизме тактоо алардын милдети экенин билдиришти.

Аталган шайлоо участкасында №2 форма аркылуу Өзгөн, Кара-Суу жана Кызыл-Кыядан келген тургундар добуш беришет

Буга чейин алар өздөрү билбей эле добуш берүү дареги ушул жерде болуп калганын айтып "Азаттык" радиосуна даттанышкан эле.

18:19 15.10.2017

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинде жайгашкан шайлоо участкасы Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө ачылат. Ал эми Орусиянын Владивосток шаарындагы шайлоо участогу добуш берүү убактысы аяктаганына байланыштуу жабылды.

Кыргызстандын президентин шайлоого байланыштуу жалпысынан 27 чет өлкөдө 37 шайлоо участкасы ачылган. Ооганстандын борбору Кабулда шайлоочулардын коопсуздугунан улам шайлоо участогу ачылган жок. Бул тууралуу ТИМдин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева Республикалык шайлоо штабынын жыйынында билдирди.

Расмий маалыматтар боюнча, чет жактарда жүрүп добуш берүүгө укуктуу кыргызстандыктардын саны 18 580. Алар өздөрү жашаган өлкөдө консулдук каттоого турган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар.

Саат 17:00гө карата Кыргызстанда шайлоочулардын 40% добуш берди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG