Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:01
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл
Сооронбай Жээнбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыккандан кийинки маалымат жыйынында тарапташтары менен. 15-октябрь, 2017-жыл

Шайлоодо Жээнбеков алдыга чыкты

Кыргызстанда 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу добуштар саналууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына караганда, добуш берүүлөргө 1 миллион 690 миңден ашуун шайлоочу келди. Шайлоого катышуу 55, 93 пайызды түздү.

Акыркы алдын ала эсептер боюнча талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн экс-премьер-министр Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Ага шайлоого катышкан элдин 917 миңден ашууну добуш берген, бул 54 пайыздан ашык көрсөткүч.

Ал эми шайлоодогу анын башкы атаандашы, парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов экинчи орунда. Ал 564 миңден ашуун добуш топтоп, 33 пайыздан ашуун добушка ээ болду.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миңден ашуун же 5 пайыздан ашык шайлоочунун добушу менен үчүнчү орунга чыкты.

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев 3 пайызга жакын добуш менен төртүнчү орунда турат.

Дагы бир талапкер Таалатбек Масадыков 10 миңден ашуун шайлоочунун добушу менен бешинчи катарда.

Улукбек Кочкоровго берилген добуштар 0, 55% же 8 миңден ашканы Боршайкомдун сайтындагы электрондук эсепте көрсөтүлүп турат.

Азимбек Бекназаровго 0.16%, Арстанбек Абдылдаев 0.12%, Арсланбек Малиев 0.1%, Эрнис Зарлыков 0.09%, Токтайым Үмөталиева 0.09% добуш алса, шайлоочулардын 0.69 пайызы баарына каршы болгон.

Шайлоодо 11 талапкер ат салышты. Биринчи турда жеңип чыгуу үчүн талапкер шайлоого катышкан элдин 50 пайыздан ашыгынын добушун алышы керек.

Ал эми аймактар боюнча алганда Бабанов менен Жээнбеков төмөндөгүдөй добуш алган.

Чүй облусу: Бабанов — 50,92%, Жээнбеков — 37,26%

Талас облусу: Бабанов 85,55%, Жээнбеков — 12,77%,

Ысык-Көл облусу: Жээнбеков — 50,7%, Бабанов — 42,26%,

Нарын облусу: Жээнбеков — 56,05%, Бабанов — 36,84%,

Жалал-Абад облусу: Жээнбеков — 59,35%, Бабанов — 27,83%

Ош облусу: Жээнбеков — 72%, Бабанов — 18,3%,

Ош шаары: Жээнбеков — 72,3%, Бабанов — 18,73%,

Баткен облусу: Жээнбеков — 57,39%, Бабанов — 20,53%.

Шайлоонун жыйынтыгы улам жаңыланууда.

15:48 15.10.2017

БШК: Саат 13:00гө карата шайлоочулардын 24% добуш берди

Саат 13:00гө карата Кыргызстанда катталган шайлоочулардын дээрлик 24% добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Ош шаары эң активдүү болууда. Бул жерде шайлоочулардын 31,43% добушун берди. Андан кийин Бишкек шаары менен Талас, Нарын, Ысык-Көл, Баткен, Чүй, Ош облустары келе жатат. Эң пассивдүү азырынча Жалал-Абад облусу болууда. Бул жерде саат 13:00гө карата шайлоочулардын 21,23% пайызы добуш берди.

Расмий маалыматка ылайык, бул шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 25 миң 768 жаран бар. Анын 2 млн 908 миң 453ү Кыргызстанда болсо, 18 миң 580и чет жерде. Кыргызстан боюнча 2375 шайлоо участогу уюштурулган. Андан тышкары чет жерде 37 добушкана ачуу каралган.

Кыргызстанда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 11 талапкер катышууда.

15:55 15.10.2017

УКМК: Бабановдун айткандары негизсиз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун 15-октябрда маалымат жыйынында айткан сөзүнө жооп берди.

Коопсуздук кызматы "Бабановдун "УКМК тарабынан чагым даярдалып жатат" деген сөзү суу кечпейт жана калп" деп билдирди.

УКМК Өмүрбек Бабановго бул сөздөрүнө негиз берген далилдерди коомчулукка ачык жарыялоону сунуштады. "Эгер эч кандай далил жок болсо, талапкер Бабанов коомчулукту алдады деп эсептейбиз" деп айтылат билдирүүдө.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүнкү маалымат жыйынында бийлик, УКМК жана милиция атайылап чагым даярдап жатат деп билдирген эле.

15:58 15.10.2017

Шайлоонун жүрүшү тууралуу саат 16:00дө БШК маалымат жыйынын өткөрөт. Жыйынды "Азаттык" түз алып көрсөтөт.

16:04 15.10.2017

Атамбаев: Шайлоонун таза өтөрүнө ишенем, коркпогула

Атамбаев: Президентти эл тандасын
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG