БШКнын маалыматтык бөлүмү кабарлайт:
БШКнын коомдук кабылдамасына добуш берүү башталгандан бери 78 телефон чалуу келип түшкөн.
Алар мазмуну боюнча төмөнкүдөй:
13 адам форма-2 жана башка участоктогу шайлоочулардын тизмесине кошулуу боюнча:
7 адам байкоочунун укугун жана милдетин түшүндүрүү боюнча:
13 адам шайлоочулардын тизмесинде жоктугуна арызданган:
1 адам үгүт жүргүзүү эрежесин бузуу боюнча;
1 адам добуш берүүнүн купялуулугу бузулганы боюнча:
Калгандары БШКнын компетенциясына кирбеген суроолорду беришкен.
- автор Альбина Сулайманова
Таласта электрондук үкөктөр иштебей калып жатканы айтылууда
Таластын Кара-Буура районунун кээ бир айылдарында электрондук үкөктөр иштебей калганын «Азаттык» радиосуна президенттикке талапкерлердин байкоочулары билдиришти.
Алардын айтымында, Кара-Буура районунун Көк-Сай жана Шекер айылдарында электрондук үкөктөр жарым сааттап иштебей калган учурлар катталды.
Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын Талас облусундагы өкүлү Абылгазы Нусубалиев мындай пикирлерди төгүндөп жатат. Саат 14:00гө карата Талас облусунда 42 миң 465 шайлоочу добуш берди. Бул пайыздык көрсөткүч менен 32,6 түздү.
Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Кеңештин спикери: Бул шайлоо Борбор Азияда тарыхый көрүнүш катары из калтырат