"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов, стилист Замира Молдошева жана серепчи Санжар Тажыматов.
“Азаттык”: Орусиядан кийим сураптыр деген маалымат социалдык тармактарда да кызуу талкууга алынды. ИИМ техника менен бирге гуманитардык жардам катары форма сураганы чынбы?
Бакыт Сейитов: Бир жыл мурда Кыргызстандын ИИМи Орусиянын Ички иштер министрлигине мүмкүнчүлүк болсо техникалык жана кийим-кечектен жардам болсо деген маанидеги кат жазган.
Кечээ жакында Москва менен байланыштык, аларда биз берген кат каралып жаткан экен. Ушул маалымат Орусиянын маалымат каражаттарында жарыяланды.
Чындыгында акыркы эки жылдан бери Орусиядан материалдык, техникалык жардамдар жана кийим-кечектер алынган эмес. Бирок бүгүнкү күндө ИИМ органдарынын формалары үчүн талап кылынган каражаттын болгону 16% берилип жатат. Ошондуктан кыргыз милициясынын кийим-кечек жагынан тартыштыгы бар экени чындык.
Учурда сырткы, аймактык тескөөчүлөр, кайгуул-күзөт, нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери бөлүнгөн акчанын негизинде кийинип жатат. Ал эми оперативдик кызматтарды толугу менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Анткени ар бир кызматкерге жайкы, кышкы жана күзгү 24 түрдүү форма менен камсыз кылыш керек. Бюджеттин тартыштыгынан улам бул маселе чечилген эмес, ошондуктан Орусияга кайрылганбыз.
Экинчиден, улуттук белгилерди эске албаганда кыргыз милициясынын бүгүнкү формасы менен Орусиянын полицияга чейинки формасынын эч кандай айырмасы жок. Ал эми басма сөз каражаттарында эски кийимдерин сурап жатышыптыр дегени туура эмес. Биз эски кийимдерди берген да эмеспиз, алган да эмеспиз.
“Азаттык”: Милиция эмес, Кыргызстандын башка күч түзүмдөрү деле ар кайсы өлкөдөн келген кийимдерди киери белгилүү. Эгемен өлкө катары күч түзүмдөрүн гуманитардык жардамдар аркылуу кийинтип жатышын кандай баалайсыз?
Санжар Тажыматов: Бизде улуттук өзгөчөлүктөгү кийимдер сөзсүз болушу керек болчу. Тилекке каршы бул маселе дале чечиле элек. Айрыкча тышкы саясатта Кыргызстандын эл аралык аброюн да сөзсүз түрдө эске алышыбыз керек.
Бүгүнкү күн менен гана жашап, бизге берилип калды, оңой болду, ашып калган экен деген нерсе мамлекеттин келечеги үчүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал эми ички саясатта жеңил өнөр жайды өнүктүрөбүз деген менен айткан сөз менен жасаган иш дал келбей калып жатат.
Экинчиден, мамлекеттин негизин түзүп турган күч түзүмдөрү сырттан кийингени өтө уят иш. Бүгүнкү күндө башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик стратегиялык ой жүгүрткөн адистердин жетишсиздиги же дээрлик жоктугунан ушундай абалга келип жатабыз.
Башка мамлекеттер менен байланыш түзгөн убакта биздин имидж үчүн бул терс таасирин тийгизет. Кошуна Казакстан жана Өзбекстанды алалы. Өлкөнүн аброю үчүн кандай гана иштер жасалып, акчалар бөлүп жатат. Ал эми Кыргызстандын эл аралык аброю тууралуу бир дагы сунуштарды көрө элекмин.
Бюджеттен көп нерселерге акча каралат. Жетишпесе да, башка жолун таап болсо да өзүбүздүн мамлекеттик символиканы алып жүргөн форма кийиген адамдарды өзүбүз камсыз кылышыбыз керек. Сөзсүз түрдө өзүбүздүн өзгөчөлүк болуш керек. Бул жерде мамлекеттик курулуш маселеси да жатат. Мунун келечек муунга тийгизчү таасири да жогору.
“Азаттык”: Кыргыз милициясынын формасы Орусияныкынан айырмаланбайт деп айтылды. Замира айым, сиздер кыргыздын өңүнө жарашчудай, жаңы дизайн менен форма тигүүгө даярсыздарбы?
Замира Молдошева: Биз баарыбыз эле мекенчилбиз. Эгер бизге кайрылса, кыргыздын улуттук колоритин кошуп, протоколду эске алып ойлоп тапмакпыз. Айла жоктун кеби, мисалы, мага “Известиядан” өйдө чыгып, Кыргызстан милициясына кийим сурап жатат деген жаман угулуп жатат. Мисалы, ошол эле Орусияны биз кийинтип жатабыз. Ошондуктан бул жакта деле кайрылып, тиксе болмок. Бизде деле сапаттуу тиге алышат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз: