Алар азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Каримов мэрлик кызматта турганда ондогон адамдарга мыйзамсыз жер сатып, бала бакча, аялдамаларды менчиктештирип алганын айтышууда. Экс-мэр муну "куру доомат" деп атады.
100 токтом чыры жана сыры
Өзгөн шаардык мэриясынын жамааты менен Өзгөн шаардык кеңешинин бир нече депутаты мурдагы мэр Нодирбек Каримовдун коррупциялык иштерин экиге бөлүп карашууда. Биринчиси - ал шаарды жетектеген бир жарым жылдык убакытта жасаган иши, экинчиси - парламентке депутат болуп шайланганына карабай, 10 күн мэрлик кызматта отуруп жасаган иши.
Өзгөн шаардык кеңештин депутаты Арапжан Мамазаитов буларды айтты:
- Өзгөн шаардык кеңеши, Өзгөн райондук архитектура кызматы убактылуу пайдаланууга деп берген жер тилкелеринин баарын Нодирбек Каримов жеке менчикке сата берген. Бир жылдан ашык убакыт ишинде ал мэрияга караштуу 30-40тай жер тилкесин соодалап жиберген. Булардын баары эч кандай аукционсуз, түз сатылган. Же өзүнүн жакындарына каттатып өткөрө берген. Маселен, өзүнүн бир тууган тагасы, Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы шаардан беш участокту 20 миң сомдон сатып алып койгон. Ал участоктордун баасы ар бири кеминде 780 миң же 1 млн сомдон сатылышы керек эле. Дагы бир мисал, шаардын бир кварталындагы социалдык объект курула турган жерди Мавлюда Кадыржанова деген тууганына менчикке берген. Мындан сырткары Надирбек Каримов шаардагы бала бакчаларды өзүнө менчиктештирип алган. Мурда Өзгөндө сегиз бала бакча болсо, азыр анын үчөө гана калган. Калган имараттар бүт жеке колго өтүп, Каримовдун туугандары үй салып алышкан. Булар алтургай кадимки эл пайдаланып жаткан аялдамаларды да менчиктештиришкен.
Мамазаитовдун айтымында, экс-мэрдин эң үрөй учурган мыйзамсыз аракеттери анын жумушунун акыркы күндөрүнө туура келет.
- Нодирбек Каримов Жогорку Кеңешке 4-октябрда депутат болуп шайлангандан кийин акыркы иштерди бүтүрүп кетейин деп кайра келген көрүнөт. Сыягы, депутат болуп кеткенден кийин бүтүрө албай калам деп ойлогонбу, айтор 7-октябрдан 15-октябрга чейин эле жүзгө жакын токтомго кол коюп жиберген. Анын баары шаар ичиндеги жер тилкелерди менчикке берүү тууралуу токтомдор. Элестеткиле, шаардын өзүндө 10 миңге жакын жаран жер алууга кезекте турат, Нодирбек Каримов эч кандай кезекте жок адамдарга токтом чыгарып, жер тилкелерин берип салып жатат. Аны жөн эле берген жок, баарын сатып жиберген. Бул боюнча бизде бардык документтер, далилдер бар, - деди Өзгөн шаардык кеңештин депутаты Арапжан Мамазаитов.
Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттарынын жана мэриянын өкүлдөрүнүн билдиришинче, мурдагы мэрдин тушунда жолду жарыктандыруучу үчүн чырактарды, мамыларды орнотуу жана жолго асфальт төшөө өтө кымбат бааланып, аларды курууда миллиондогон акчалар кымырылып кеткен.
Өзгөн шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мукамбет Макешов буларга токтолду:
- Биз бул маселелерди эмне үчүн буга чейин эмес, кечээ эмес, бүгүн көтөрүп жатабыз? Анткени биз шаардагы курулуштарды тартипке келтирүү иштерин баштаганыбызда мурдагы мэр Нодирбек Каримовдун мыйзамсыз аракеттери калкып чыгып жатат. Аларды кайтарып алалы же бузалы дегенибизде эле Каримов аны сатып жиберген болуп чыгат же ээси анын тууганы болуп чыгууда. Каримов өзү түз телефон чалып же депуттары аркылуу бизге таасир этип, ошол мыйзамсыз аракеттерин бүт коргоп жатат. Сотко кайрылып да жеңе албай жатабыз. Маселен, Ош-Бишкек жолунун 612-чакырымы же болбосо Өзгөн шаарынын борбордук базарынын кире беришиндеги, эки мунаранын алдындагы базар мурда ачыктан ачык мыйзамсыз базарга берилип кеткен. Азыр аларды алып, жолду кеңейтели десек, мурда мыйзамсыз сатып алгандарды мурдагы мэр коргоп жатат. Өзгөн райондук сотуна кайрылып, ал жактан да утулуп калдык. Эми азыр алар менен Ош облустук сотунда кармашып жатабыз.
“Колу-буту байланган” мэр
Маалым болгондой, Нодирбек Каримов өзүнөн кийин Өзгөн шаарынын мэрлигине кудасы Хатам Абдырахмановду сунуштап, бирок ал шайлоодон өтпөй калган. Ошондон кийин ал жаңы шайланган мэрге таасир этип, аны башкарууга аракет кылганы айтылып жатат.
“Атургай депутат Каримов ушу күндө да менин ишиме кийлигишип жатат” дейт Өзгөн шаарынын мэри Саипжан Пратов:
- Бир иш кылайын десем Нодирбек Каримов “менден сурап иш кыласың” дейт. Жол салайын десем да , мыйзамсыз курулуштарды бузайын десем да ишиме киришүүдө. Акыры “мен мэр болуп не кылам, сиз депутаттыгыңыз менен кошо мэрликти да кошо алып кетпейсизби” деп ачык айттым. Кудайдын куттуу күнү мага басым жасаганы жасаган. Өзү чалат, өзү болбосо депутатар аркылуу сындатат, “кызматан кетиртип жиберем” дейт. Кечээ бир көчөгө асфальт төшөйлү десек “эмне менден сурабай кылып жатасың” дейт. Бир мектептин директорун алмаштырып жатсак, ал “кызматка менин бир тууган эжемди кой” дейт. Эмне бардык кызматта Каримовдор олтурушу керекпи? Өзгөн шаары Каримовдордун менчигиби?
Ал эми мурдагы мэр, азыр КСДП фракциясынан Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурган Нодирбек Каримов ага карата айыптоолорду курулай доомат деп атады:
- Биринчиден, мен былтыр 4-октябрда депутат болуп шайланганым менен, мэрликтен 24-октябрдан алынгам. Ошого байланыштуу мен кол койгон токтомдор бүт мыйзамдуу. Экинчиден, жеке тилкелерди мен жеке тааныштарыма эмес, муктаждарга бергем. Аялдамалар, жер тилкелери мага чейинки мэрлер тарабынан берилген. Алар деле мыйзамдуу түрдө документтештирип алган болсо мен аларга эмне кыла алмак элем. Мен мэр болуп келгенимде деле алардын ишине тийишкен эмесмин. Бирок азыркы жаңы мэр Саипжан Пратов өзү бийликке келгенден кийин эле менин тушумда болгон иштерди чукуп чыгып жатат. Мунун баары жалган жалаа, куру доомат. КСДП партиясы Өзгөндө популярдуу, булар кийинки шайлоолорго чейин биздин таасирибизди кетирүү үчүн ушундай каралоого барып жатышат.
Бул арада Өзгөн шаарынын экс-мэри Надырбек Каримовдун “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып” жер тилкелерин сатканы боюнча УКМК тарабынан кылмыш ишин козголгону, учурда иликтөө иштери уланып жатканы белгилүү болду.
Нодирбек Каримов Өзгөн шаарын 2013-2015-жылдары жетектеген.