3-январда Өзгөн районунун Дөң-Булак айылынын тургундары Жаныш жана Байыш Ниязовдор улуттук улак тартыш оюнун уюштурган. Анын байгесине 20 төө, 20 бука, беш машине коюлгандыктан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан да чабандестер келген.
Улак тартыш Ош-Бишкек жолуна 200 метр жакын жерде уюштурулган. Күбөлөр мындан улам Бишкек-Ош жолунун мелдеш өтүп жаткан участогунда 10 чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болгонун айтышат.
Жалал-Абаддан Ошко келаткан Бекмамат Абдумаликов улак тартыш болуп жаткан жердеги унаа тыгынында беш сааттай турууга аргасыз болгон.
- Кышында беш саат улактын айынан тыгында туруу деген эмне шумдук? Түшкү саат 12де тыгынга кабылгандар кечки саат тогузда Ошко жетип келишти. Балам бар эле деп ыйлагандар, ачка калгандар болду. Жол боюнда нан-чай саткандар бар экен. Бирок бир нанды 50-60 сомго чейин көтөрүп сатышты. Жүргүнчүлөр кыжырданып, улакты жол боюнда уюштургандарга наалат айтып жатышты. Ушунча көп конок чакырса, жол боюнан алысыраак, кенен жай камдабайбы.
Бекмамат жети сааттык унаа тыгынына кабылгандар улак уюштургандарга жана жолдогу тартипти көзөмөлдөй албаган МАИ кызматкерлерине өтө нааразы болгонун кошумчалады:
- Ат жүктөп келген чоң унаалар өздөрү каалаган жерге эле машинелерди коё беришкен. Аны эч ким көзөмөлдөгөн эмес. 10-15 мүнөттө бир-эки метр гана жылып отуруп, беш саат дегенде тыгындан чыктык. Жол кайгуул кызматкерлери аэропортко кечигип жаткандарды "жөө кете бергиле эми" деп шылдыңдап карап турушканы кейитти. Алардан түңүлгөндө эл өзү чыгып, жолду ачууга киришти. МАИ кызматкерлери топ-топ болуп, ар жерде турушту.
Ош облустук милициянын маалыматына караганда, Өзгөндөгү жол тыгын жети эмес, үч саатка созулуп, узундугу он эмес, алты чакырым болуптур. Милиция аэропортко кечиккен бир да жарандан арыз түшпөгөнүн ырастайт. Милициянын иликтөөсүнүн жыйынтыгында жол тыгынга улак тартыш же жергиликтүү МАИ эмес, жүргүнчүлөр күнөөлүү деп табылган. Ош облустук милициянын маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев буларды айтты:
- Биз иликтей келгенде цемент ташыган оор жүк машине бурулушта өчүп калган. Заматта эле эки тарабында унаа тыгыны пайда болгон. Ошол убакта абалды көзөмөлдөп турган эки жол кайгуул кызматкери абалды дароо жөнгө салганга үлгүрө алган эмес. Оштон кошумча күч чакыртылган. Ал арада айдоочулар сабыр кылбай, жол эрежесин бузуп, карама каршы багытка да айдай башташкан. Натыйжада тар жолдо унаалар алты катар болуп тизилип калган. Өчүп калган оор машинени сүйрөө үчүн чакырылган машине да тыгынга кабылып, бузулган унаага араң жеткен. Алты чакырымга созулган жол тыгыны үч саатта жөнгө салынды. Бир да ат жолго чыккан эмес, улак жолдон 200 метрдей алыста уюштурулган.
Бул арада Өзгөндөгү ири унаа тыгынына УКМКнын да көңүлү бурулду. Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов жол тыгындын себептери иликтене баштаганын, окуяга укуктук баа берилерин билдирди.
- Учурда Бишкек-Ош жолунда орун алган унаа тыгындын материалдары менен таанышып жатабыз. Иш-чараны өткөргөн жарандар да, жолдун тоскоолдуксуз иштөөсүнө жооптуу жетекчилердин аракеттери да толук текшерилет. Жыйынтыгында чогулган материалдар прокуратурага өткөрүлөт.
Кыргызстанда 2013-жылы жол тосуунун жазасын катаалдаткан мыйзам кабыл алынган. Ош-Эркечтам жолун бир нече күн бою бууган экс-депутат Акматбек Келдибековдун тарапташтары 2-3 миң сомдон айып төлөшкөн.
Учурда Өзгөндөгү унаа тыгыны социалдык түйүндөрдө кеңири талкууланууда. Көпчүлүгү тыгындын себепкерлерин жазалоону талап кылышууда.