Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:56

Ош: батир бөлүштүрүүдөгү кыңыр иштер


Майыптар үчүн курулган үй. Ош.
Майыптар үчүн курулган үй. Ош.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетттик комитет (УКМК) Ош шаардык мэриясынын бир катар кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду.

Тартип сакчылары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилген 66 батирди бөлүштүрүү бир катар мыйзамсыздык менен коштолгонун билдиришүүдө. Мэрия кызматкерлери болсо батирлер толук бойдон мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилгенин айтышууда.

Ошто 2017-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилген үйлөр боюнча экинчи ирет кылмыш иши козголду. Мурдараак Ош шаардык прокуратурасы козгосо, эми УКМК ошол эле ишти кайра тергеп, бир нече мыйзам бузуу бар экени аныкталганын жарыялашты.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдары 66 батирлүү үйдү майып адамдарга бөлүштүргөн учурда бир нече ирет мыйзам бузууга жол берилген.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

- Текшерүүнүн жүрүшүндө мэрия берген үйдөн батир алган сегиз адамдын кыймылсыз мүлкү жоктугу тууралуу маалымкаты жасалма болуп чыкты. Дагы 32 адам Оштон батир алганга чейин эле Ош, Жалал-Абад, Бишкек шаарларында өздүк турак жайларда жашап келишкен. Муну менен катар тогуз адам 3-топтогу майыптыгы менен кезексиз батир алышкан. Мыйзам боюнча кезексиз батир алуу укугуна 1-2-топтогу майыптар гана укуктуу. Ушул факты боюнча 304, 305, 315-берене боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Ош шаардык мэриясынын курулуш бөлүмүнүн башчысы, үй бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасы Мирлан Исраилов сөз болуп аткан 66 батирдин баары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилгенин, аны бөлүштүрүү учурунда мамлекеттик органдардын маалыматына таянганын айтууда.

- Мамлекеттик каттоо кызматы берген маалыматтарда сегиз адамдын кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматты жасалма деп атышат. Биз Мамлекеттик каттоо кызматынан сурасак, алар Ө, Ү же К,Г, ов, ев, деген мүчөлөрдөн техникалык ката кетиши мүмкүн экенин айтышты. Негизи батирлер жалаң майыптарга берилген. "3-топтогу майыптарга кезексиз берүүгө болбойт" деп турат. Туура. Бирок биз калыстык болсун деп, бизде катталган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын тизмесин ортого салып, чүчүкулак менен бөлүштүргөнбүз.

Ал ортодо Ош мэриясы майыптарга берген батирлерге барып көрдүк. Батирлердин айрымдары учурда башка адамдарга ижарага берилип кеткенине күбө болдук. Үй бөлүштүрүү учурунда Ош шаарында майып катары каттоодо турган майыптар үйгө өтө муктаж экенин айтып жүрүшкөн.

Бирок көзү азиз Турусбек Рустамовдун түгөйү үй бөлүштүрүүдө эч кандай коррупцияны байкабаганын билдирди.

- Биз үйдү алып аткан учурда бир да адамга акча берген эмеспиз. Мэрия чакырып эле "силерге батир берилет" деген. Азыр бир үйдө үчөөбүз жашайбыз. Үчөөбүз тең майыппыз. Мен баса албайм, жолдошумдун көзү азиз, кызымдын да көзү жакшы көрбөйт. Жашоо жакшы. Мурдагыдай батирден батирге көчпөй калдык. Анан кошуналарым тууралуу эч нерсе айта албайм. Мен өзүм үчүн гана жооп берем.

Ош шаарынын Анар кичи районундагы алты кабаттуу үй Кытай өкмөтүнүн эсебинен курулган. Алты кабаттуу, үч бөлүктөн турган үйдө 1, 2, 3, бөлмөлүү 66 батир бар. Бирок бул үйдө лифт жок. Ал мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ыңгайлашкан эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG