Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:10

"Азаттык плюс": Сыноого сынбагандар


Иллюстрация
Иллюстрация

Алты саны аман болбосо да тагдырдын оор сыноолорун татыктуу көтөрүп, дени-карды соо адамдарга өрнөк болчу майып адамдар бар. “Азаттык плюс” бул жолу мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан муюбаган, шайыр-шатман адамдар тууралуу берүү даярдады.

Өкмөттөн бөлүнгөн 3 миң сомдун тегерегиндеги жөлөкпул майыптардын дары-дармегине өп-чап жетет. Андыктан бирөөнүн колун карабай, өз арбайын өзү согуп нан таап жаткан майыптар өлкө аймагы боюнча миңдеп саналат. Мындай тагдырлаш адамдар өз алдынча биригишип, уюмдарды түзүп, адал эмгеги менен күн кечирип келишет.

Амантур Илипбеков жарык дүйнөгө алты саны аман келген. Ымыркай кезинде эмдөө маалында дарыгерлер ийнени туура эмес сайып, ушинтип майыпка айланган. Бирок майыптыгына шылтап, кол куушуруп отуруп калган эмес. Күн сайын Чүй облустук жаш майыптар коомуна келип, колунан келген жумуштарды аткарат.

Сокулуктагы эмерек жана турмушта керектелчү буюмдарды жасаган цехте Амантур мырзанын тагдырлаш жоро-жолдоштору үй-тиричилик буюмдарынан тарта кийим-кечекке чейин даярдашат. Билгени билбегенине үйрөтүп, тамашалашып, бири биринин маанайын көтөрүп турушат.

Бул цехтин ар бир жумушчусуна өзүнчө кенен токтолсо болот. Баары оор сыноолорду, кырсыкты баштан кечирип, бирок ага моюн сунбагандар. Ушул жерден өз бактысын таап, кол кармашкандар да бар. Мисалы, Каныбек менен Чынара ошондой үй-бүлөлөрдүн бири.

-Үйлөнгөнүбүзгө үч айдай болуп калды. Үй-бүлөнү багабыз деп иштеп жатабыз.

Моюбас мырзалар көңүлүн чөгөрбөгөнгө аракет кылганы менен, аларды тооруп турган көйгөйлөр көп эле. Жасаган буюмдары сапаттуу болбосун, керектелчү материалдарды табуу, даяр буюмду сатуу бир топ эле кыйын.

Майыптар уюму өкмөттүн чечимине ылайык сентябрь айынан тарта жертөлөнүн ижара акысынан бошотулду. Ага чейин 27 000 сом акысын берип келишкен. Кызыгы, селсаяктар байырлаган жайды өз күчү менен тазалашып, демөөрчүлөрдүн жардамы менен техникаларды орнотушкан. Уюмду негиздеп, майыптардын башын бириктирген Эрнис мырза өзү да үчүнчү топтогу майып.

Уюмдун жетекчиси Эрнис Мыктыбек уулунун айтымында, майып адамдар коомдо түрдүү чектөөлөргө дуушар болушат. Алардын негизгиси - жумушка орношуу көйгөйү.

Мекемелер майыптар менен кызматташууга кызыкдар эмес. Ошондуктан алар көчөдө калбашы үчүн жумуш ордун кеңейтип кызмат менен камсыз кылууну көздөп жер тилкесин бөлдүрүп алышкан. Алгы тилегинде ал жерде шарты майыптарга ылайыкташкан үй, жер төлөсүндө болсо ишкана ачышмак. Бирок көңүл бурулуп, демөөрчү тапмайынча бул тилеги кыял боюнча гана калып келет.

"Азаттык+": Сыноого сынбагандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:25 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

XS
SM
MD
LG