Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:38

Кыргызстанда батирлер кымбаттайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте батирдин баасы өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 6,2 пайызга, Ошто 12% көтөрүлдү.

Ал эми 105, 104 жана 308-сериядагы жана жеке типтеги үч бөлмөлүү батирдин баасы салыштырмалуу бир аз арзандады. Мунун себептери жана алдыңкы айларга божомолдор туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынын турак жайды каттоо жана талдоо бөлүмүнүн башкы адиси Айдар Сукенбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Кыймылсыз мүлк кымбаттап баратканы байкалууда. Канчага кымбаттады? Алдыдагы айларга божомолдор кандай?

Айдар Сукенбаев: Былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу батирлердин баасы июнь айында 6,2 пайызга көтөрүлдү. Ал эми 2018-жылдын январына салыштырмалуу баа көтөрүлгөн деле жок. Инфляциянын деңгээли менен улуттук валютанын долларга болгон катышынын негизинде анчалык деле өзгөрүү болгон жок. 1,2 пайызга батир баасы арзандады. Жалпысынан алганда 105, 104 жана 308-сериядагы, жеке типтеги үч бөлмөлүү батирлердин баасы салыштырмалуу бир аз гана арзандады.

Айдар Сукенбаев.
Айдар Сукенбаев.

“Азаттык”: Адатта баалар жай мезгилинде бир аз түшүп, алып-сатуу да солгундап калчу. Баа эмнеге байланыштуу көтөрүлдү?

Айдар Сукенбаев: Жай мезгилинде негизинен каникул, эмгек өргүүлөрү болуп кыймылсыз мүлктү сатып алуу, сатуу келишимдерин да азайчу. Эгер январь айында Бишкекте 989 батир сатылса, июнга чейин ар бир айда 1100дүн тегерегинде батир сатылып жатат. Башкача айтканда жайында азайган жок. Демек батирлерге болгон муктаждык, суроо-талап күчөп жатат. Муктаждык көп болгондо баалар да түшпөйт.

“Азаттык”: Сиз талдаганыңызга караганда кандай типтеги батирлерге суроо-талап жогору болуп жатат?

Айдар Сукенбаев: Саны боюнча азыр жеке типтеги батирлер көбөйө баштады. Мурда алар жалпы сатылган батирлердин 10-15 пайызын түзсө, азыр 45 пайызы жеке типтеги батирлер болуп калды. Алардын баасы да көтөрүлүп жатат. Бишкекте батирдин баасы 6,2 пайызга жогоруласа, Ошто 12% кымбаттаган.

Бул эмнени түшүндүрөт? Улуттук банктын маалыматына караганда, азыр мигранттардын маянасы былтыркыга салыштырмалуу 14 пайызга арбыган. Алар которгон каражаттын көлөмү да көбөйүп жатат. Экинчиден, ЕАЭБге киргенде курулуш материалдарынын бажы салыгынын баасы да мурдагыдай болбой калды. Демек курулуп жаткан үйлөрдүн баасы арзандап, сатылган батирлердин баасы көбөйүп жатат болуш керек.

“Азаттык”: Алдыдагы айларга, жылдарга болжол кандай?

Айдар Сукенбаев: Батирлердин баасы күз айларында да көтөрүлөт деген божомол бар. Биздин талдоого караганда бир айда 1,04 пайыз жогорулап жатыптыр. Эгер инфляциянын деңгээли ушул бойдон сакталса, доллардын курсу ушул бойдон турса, саясий кырдаал туруктуу болсо батирдин баасы жыл аягында 10-11 пайызга көтөрүлөт.

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баасы өстү
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:07 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG