Аталган эмкана жетекчиси Талантбек Төрөканов өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда. Кесиптик кошуун өкүлдөрү мындай билдирүүлөр тыкыр иликтениши зарылдыгын билдиришет.
Жамиля Кыргызбаева Ош шаардык №1 тиш эмканасында 15 жылдан бери эмгектенет. Ал бүгүн жетекчисинин адаттан тыш мүнөздөрү тууралуу буларды айтты:
- Жаш кыздарды төшөккө чакырат. 2010-жылы мага да башка бирөөлөр аркылуу сунуш кылган. Мен анда бөлүм башчы болуп иштечүмүн. Кийинчерээк мени кабинетине чакыртып алып “Сенин тыкылдап иштегениңдин мага кереги жок. Айтса көнбөй коюпсуң. Анда өзүңдүн досторуңдан алып келип берип тур” деген. Мен сага ортомчу боло албайм деп, өз арызым менен бөлүм башчылыкты тапшырып бергем. Бирок менден кийин да бөлүм башчы болуп келген кызды кудум ошондой абалга калтырган. Ал дагы “Мен антип иштей албайм” деп чыдабай кетип калды.
Эмкананын дагы бир кызматкери Токтогул Матисаков жетекчиси Талантбек Төрөкановдун кыз-келиндерди ортомчу аркылуу төшөккө чакырган адаты бар экенин ырастоодо. Анын айтуусунда, Төрөканов медайымдарга эмгек этикасынан тыш мамиле жасоону адатка айлантып алган.
- Эми ал чакырса, чакырып аткандыр. Мен дагы кесиптештеримден угуп эле жүрөм. Дарыгер айымдардын үйүнө чейин адам жиберип, кат таштатып жүргөнүнөн кабарым бар. Жада калса үй-бүлөсүнө жарака кетирген сүрөттөр жөнүндө да угуп атам. Бирок эми эч ким ал фактыны колунан кармап алган жок. Ошондой болсо дагы дарыгер аялдардын кеп кылганы эле ушул болуп калган.
Эмканадагы кызматкерлердин нааразылыгына башка себептер да бар экени жыйында маалымдалды. Дарылоо мекемесинин бөлүм башчысы Абдухалил Ахматовдун айтуусунда, жетекчи ар бир кызматкерге айына 1500 сомдон салык салып койгон. Андан сырткары ар бир тиш дарылоочу кресло үчүн 6 миң сом жетекчиге кирип турат дешти. Бирок бул дооматтар сотто далилденген эмес.
Аталган эмкананын жетекчиси Талантбек Төрөканов болсо кесиптештеринин дооматтарын четке какты. Ал мунун баарын эмкана башчылыгынан кетирүү максатында уюштурулган кутум деп сыпаттады.
- Мен неберелүү адаммын. Ушул жердө өзүмдүн кызым, аяш кыздарым иштейт. Булар уят дегенди деле унутуп калышыптыр. Ушуга таң калып атам. Үч дарыгердин билдирүүсүнө эмканада эмгектенген башка медайымдар уялып, ыза болууда. Адатта мен бирөөнү кабинетке чакырган болсом, бөлүм башчы же профкомдун катышуусу менен гана сүйлөшөм. Мурда бейтаптар төлөгөн акча дарыгерлердин чөнтөгүнө түшчү. Мен ошол коррупцияны жоюу үчүн бейтаптарга тейлөө акысын кассага төлөө тартибин күчөткөм. Эми ошол мүмкүнчүлүктөн айрылып, нааразы болуп жатышат. Айрымдары ойдон чыгарган ушакты жүйө кылып, эптеп менден арылууну каалашууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин бир нече ирет текшерүүлөрү ал арыздар негизсиз экенин далилдешкен. Ал эмкананын мен келгенге чейинки абалы менен азыркы абалына бааны эл берет.
Бул окуялар тууралуу саламаттыкты сактоо тармагынын Ош облустук кесиптик бирлиги да маалымат каражаттарынан кабардар болуп отурат. Аталган уюмдун төрагасы Сыдык Ашимов дарыгер айымдардын билдирүүсү кылдат иликтениши керектигин билдирди.
- Бул кадыресе көрүнүш эмес. Башкы врачтын дарыгер айымдарды кабинетине чакырганы, интимдик темада сөз козгогону, дарылоо мекемесинде гана эмес, бардык эле жамааттарда такыр жол берилбеген көрүнүш. Эгер ошол айымдардын айтканы чын болсо, ал жетекчи жазаланышы керек. Муну укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керек. Кээде жалаа жапкандар да болот. Кантсе да жетекчи тууралуу ушундай дооматтын айтылышы жакшы көрүнүш эмес.
Талантбек Төрөканов Ош шаардык №1 тиш эмканасын жети жылдан бери жетектейт. Кесиптештеринин айтуусунда, буга чейин бир нече даттануулар болгонуна карабай, жемкорлук боюнча козголгон кылмыш иштери далил жетишсиздигинен улам кыскарып кеткен. Азыр да башкы дарыгер Төрөканов менен айрым кызматкерлер жок кылынган тиш дарылоочу креслолордун айынан соттошууда. Ош шаардык милициянын маалыматына караганда, билдирүү жасаган айымдар эмканадагы сексуалдык басым тууралуу арызданышкан эмес.
Буга чейин "Таяныч” профсоюздук уюму ар кандай кызматтагы аялдардын укуктарын изилдеп чыгып, кыз-келиндер жумушка орношууда жетекчилердин "көңүл" суроосуна дуушар болушарын айтып чыккан.
Уюмдун билдиришинче, аялдарды сексуалдык жактан колдонуу көрүнүштөрүн далилдөөгө дээрлик мүмкүн болбогондуктан, ал коррупциянын көрүнбөгөн тармагына айланып бара жатат.