Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

Куршабдагы аманатка кыянат


Куршабдагы "Аманбанктын" филиалы.
Куршабдагы "Аманбанктын" филиалы.

"Аманбанктын" Өзгөн районунун Куршаб айылындагы филиалы аманатчылардан алган 13 миллион сомду кайтара албай жатат.

Салган акчасын кайтара албагандар 4-декабрда Куршабдагы банктын алдына митингге чыгышты. Алар карызынан кутулганга чейин "Аманбанктын" ишмердигин токтотуп турууну укук коргоо органдарынан талап кылышты.

Митингге чыккан Минара Мырзаева Орусияда иштеп, тапкан акчасынын баарын "Аманбанкка" сактап келген. Аманат акчаны кайтарып алуу убагы келгенде ушундай абалга кабылып отурат.

Акчасын кайтара албай жаткандардын тизмесинде 46 адам бар.

- "Аманбанкка" депозитке акча салганбыз. Акчасын кайтара албай жаткандардын тизмесинде 46 адам бар. Ошол 46 адамдын "Аманбанкка" салган акчасынын жалпы суммасы 16, 5 миллион сом. Финансы полициясы 36 адамды суракка чакырган. Алардын акчасы 13, 4 миллион сом болуп чыккан. Азыр биз "Аманбанктын" алдында митинг өткөрүү үчүн чогулдук. Сиздерди биз чакырдык. Ал акчаны биз 14,5% үстөгү менен кайтарып алууга келишим түзүп, депозитке салган элек. Мен 2012-жылдан бери салып келатам. Алгач 500 миң сом салгам. Андан кийин 520 миң сом салдым. Иши кылып, жарымын рубль менен, жарымын сом менен салып тургам. Азыркы Финансы полициясынын тактоосу боюнча 983 миң рубль жана 1 млн. 145 миң сом болуп жатат.

Куршаб айылында Минарага окшоп "Аманбанкка" аманатка акча салып, мөөнөтү келгенде кайтарып ала албай калган жарандардын расмий саны 36 адамды түзөт. "Аманбанктын" Куршаб айылындагы имаратынын алдына сактык китепчелерин көтөрүп митингге чыккандар банкка аманатка салган акчасын санап берип жатышты.

- Мен, Базарбаева Айчүрөк, 545 миң сом салгам. Келишим боюнча банк бир жылга 14% кошуп, акчаны бизге кайтарып бериши керек эле. Орусияда иштеп жүргөн кызымдын маңдай тери күйүп жатат. Күйөөсү кайтыш болуп кеткен. Үч баласын мен багып жатам. Ошол балдарга үй-жай кылам деген пул эле. Ошону сала коюп, минтип күйүп кеттик, - деди акцияга чыккандардын бири.

Учурда "Аманбанктын" Куршаб айылдык филиалынын имаратынын дубалдары аманат акча алуу тууралуу жарыялардан толук тазаланган. Филиалдын жетекчиси да алмашкан. Аталган банктын Өзгөн филиалынын жетекчиси да жаңыланган.

Филиалдын жаңы башчысы Эрлан Абдымомунов Куршаб филиалына да маал-маалы менен күтүүсүз текшерүүлөр уюштурулуп турганын ырастады. Бирок ошол текшерүүлөрдүн биринде да Куршаб кассасындагы кыңыр иштер байкалбаганын билдирди:

Эрлан Абдымомунов.
Эрлан Абдымомунов.

- Негизи бул жерде "Аманбанк" жабырлануучу болуп саналат. Анткени аманатчылар менен катар банк да алданып жатат. Куршабдагы филиалыбыздын мурдагы жетекчиси Жеңиш Абдыкадыров аманатчылардын акчасын кассага салбай, өз чөнтөгүнө кымыра берген экен. Кардарларга болсо жасалма келишимдерди түзүп бериптир. Анын бул ишмердигинен "Аманбанктын" жетекчилиги кабарсыз болгон. Мунун баарын ал жумуштан кеткенден кийин билдик. Азырынча ишти Финансы полициясы текшерип атат. Абдыкадыровду милиция кармаган. Эми сотту күтө туралы. Баарын сот чечет. Биз ага чейин акчасын алдаткан аманатчыларыбызга канча акча салса, ошондой суммада 10 жылдык мөөнөткө үстөк пайызсыз насыя берип турууну сунуш кылып жатабыз.

Сактык китепчелерин кармап отурган аманатчылар буга чейин нааразылык акцияларын "Аманбанктын" Куршаб филиалында бир нече жолу уюштурушкан. Алар бул банктын Бишкектеги башкы кеңсесине чейин барышкан. Майнап чыкпагандан кийин бир нече жолу басма сөз жыйындарын өткөрүшкөн.

Акчасын кайтара албай убара тартып жүргөндөрдүн бири Муктар Жантөрөев мамлекет банктагы акчанын коопсуздугун да сактап бере албай жатканына кейиди:

- Мен 18 жылдан бери Москвада бала-чакам менен иштеп жүрдүм. “Жашым алтымышка жакындады” деп, 2 миллионго чукул акчамды "Аманбанкка" сактоо үчүн бергем. Үй таап, ошону сатып алыш үчүн келип, акчамдан кол жууп отурам. Мамлекет элди иш менен камсыз кылып бере албаса, жок дегенде биз сырттан таап келген акчанын коопсуздугун камсыз кылып бере албаса, бизге мындай бийликтин кереги барбы? Президент "мыйзамдуулуктун гарантымын" деп отурат. Шайланып атканда “элге кул болуп иштеп берем” деген. Бизге өз акчабызды эле кайтартып берсин. "Аманбанк" өзү тандап, жалдап алган кызматкеринин кылмышына жоопкерчилик алсын. Иштин баарын бир кызматкерге жүктөп, элди көчөгө айдаганга алардын акысы жок.

Жабырланган тургундар 16 миллион сомдун 10% төлөөдөн чочулап, “Аманбанкты” сотко берише элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG