Парламентте айрым депутаттар мугалимдер менен врачтар үй алууга жеңилдетилген насыя ала албай турган чакта, Улуттук банктын жетекчилери менен кызматкерлери арзан үстөк пайыз менен турак жай ссудасын алганы жана алардын айрымдарынын кечип жиберилишин сындап чыгышты.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов мунун баары мыйзамдуу экенин айтып, жагдайды Башкы прокуратура текшерип, жыйынтык чыгара турганын билдирди.
Кечирилген ссудалар
Улуттук банктын маалыматына караганда, ал өзүнүн кызматкерлерин үй менен камсыздоо үчүн 2000-жылдан бери 798 миллион 869 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген турак жай ссудасын берген. Анын ичинен банк кызматкерлерине үй алууга берилген 31 миллион 921 миң сом же болбосо жалпы берилген турак жай ссудасынын 4 пайызы кечип жиберилген.
Алардын арасында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго 5 миллион 500 миң сом өлчөмүндө турак жай ссудасы берилип, ал 2017-жылы банк төрагалыгынан өкмөт башчысынын орун басарлыгына которулган учурда анын 4 миллион 824 миң сому кечирилген.
Парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 14-ноябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева чоң маяна алган жетекчилик өзү жетектеген Улуттук банктан арзан үстөк пайыз менен турак жай ссудасын алганы жок эле дегенде моралдык-этикалык ченемге сыйбастыгын айтып чыкты:
- Мугалимдер менен дарыгерлер ипотекалык насыяны 8% менен алып жатса, сиз болсо 5% менен алганыңызды айтып, анан дагы бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон жок, "мен кызматтан кеттим, кайра келдим" дегениңиз кандай? Бул жерде баары эле мыйзамга такалганы милдеттүү түрдө эмес. Кээде маселенин моралдык-этикалык жагы да бар. Сиздер алып жаткан маянаны эске алганда жана бул жерде отургандардын айрымдарынын материалдык абалы менен жакшы тааныш болгондуктан мындай бийик трибунадан туруп, минтип айтканга болбойт. Мугалим 30 жыл иштеп, толтура документ чогултуп, ипотекалык насыяны 8% үстөк менен, анан дагы узун кезекке туруп жүрүп алат. Ал эми моралдык жактан алганда, сизге жок эле дегенде бир аз ыңгайсыз болушу керек эле. Улуттук банктын төрага кайсы гана мекеменин болбосун катардагы кызматкеринен бир канча эсе жогору айлык алат. Мына ошондуктан мен катардагы мугалим менен сиздин мүмкүнчүлүктөр кандай экенин кайталап сурап жатам?
Абдыгуловдун жообу
Улуттук банктын буга чейин таратылган түшүндүрмөсүндө жалпысынан канча банк кызматкерине кандай үстөк пайыздар менен турак жай ссудалары берилгени жана алардын арасынан канчасы банктын жетекчи курамынан экени көрсөтүлгөн эмес.
Улуттук банк өзүнүн ички жобосуна жана "Улуттук банк, банктар жана банк ишмердүүлүгү тууралуу" мыйзамдын талаптарына ылайык, кызматкерлерин турак жай ссудалары менен камсыздап келгенин жүйө келтирген.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, учурда бул жагдайды Башкы прокуратура текшерип жатканын жана ал укуктук баасын берип, жыйынтык чыгарган соң маселенин моралдык жагы боюнча расмий жооп бере турганын билдирди:
- Ипотекалык насыя боюнча сурап калганыңыздан кийин менин алган насыя боюнча 5% үстөк менен алганымды айта кетейин. Башка учурларда алынган насыялардын үстөк пайыздары 1,2 % болгон учурлар катталган. Мен Улуттук банктын бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык болгон деген позициясын карманам. Учурда Башкы прокуратурадан келген атайын топ бул маселени иликтеп, текшерип жатат. Ал иликтеп чыгып, укуктук жактан толук баа берет. Маселенин моралдык жагын айтып жатасыз. Башкы прокуратура укуктук жактан баа берип, жыйынтыгы чыккандан кийин мен бул тууралуу айтып бергенге даярмын. Мен мамлекеттик кызматта 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатам. Менде мына ошол алган батирден жана автоунаадан башка эч нерсе жок. Бул маселенин моралдык жагы болушу керек.
Кыргызстандагы "Европа"?
Буга чейин Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева Улуттук банктын төрагасы баш болгон жетекчилер жана башкармалыктын айрым мүчөлөрү арзан үстөк пайыз менен жеңилдетилген турак жай ссудаларын алганы жана алардын айрымдары кечип жиберилгени боюнча билдирүү менен чыккан.
Парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 14-ноябрдагы жыйынында бул маселе экинчи ирет көтөрүлүп, айрым депутаттар Улуттук банктын төрагасын сындап чыкты.
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашева Улуттук банк өз кызматкерлерине турак жай ссудасын берүү жана аларды кечип жиберүү жоболору боюнча Европадагыдай шарт түзүп алган деп айып койду:
- Сиз азыр ошол акчаны 5% үстөк менен алганыңызды, башкаларда 1-2% үстөк менен алынгандары дагы бар экенин айтып жатасыз. Сиздер - Улуттук банктагылар Европада жашайт турбайсыңарбы. Мындай ипотекалык насыялар Европада гана болушу мүмкүн. Азыр мамлекеттик ипотекалык насыяларды баары эле ала алышпайт. Кезекке туруп, үй-бүлөнүн атынан документтерин чогултуп, кээ бир жерлерде парасын берүүгө туура келет. Чынында бул - аябагандай көйгөйлүү маселе. Ал эми сиздер, бир шилтем коюлган кол менен банктын топ-менеджерлеринин 5 миллион сомдон алган акчасын кечип жиберип жатасыздар. Бул каражат мыйзам боюнча мамлекеттик бюджеттин бир бөлүгү эместир. Бирок ал мамлекеттин акчасы да. Мына ошондуктан үстөк пайыздарды коюуда аларды мамлекеттик ипотекалык компания койгон үстөк пайыздын деңгээлине ылайык келтиришиңиздерди өтүнөм. Анткени мен Улуттук банктын кызматкерлери мугалимдер менен дарыгерлерден өйдө турат деп эсептебейм.
Жеңилдикти пайдалануу жемеси
Мурдагы каржы министри, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү, парламенттеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров жеңилдетилген шарттар менен турак жай ссудасын берүү чарасын кезинде Улуттук банктан тажрыйбалуу, дасыккан кызматкерлерди башка коммерциялык банктарга кетирбей, алып калуу максатын көздөгөнүн белгиледи.
Бирок депутат Акылбек Жапаров Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү менен жетекчилик курамдын ошол жеңилдиктен пайдаланып жатканы туура эмес деп эсептейт:
- 15-20 жыл иштеген, дасыккан банк кызматкерлери мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланганы мыйзам боюнча туура. Ал эми Улуттук банктын жетекчилик курамындагы адамдар алган ссудаларын кайра төлөп коюшу шарт. Алардын алган турак жай ссудалары кечирилбеши керек. Улуттук банктын башкармалыгы, жетекчилиги жана анын орун басарлары жеңилдиктерден пайдаланууга аралашып алганы туура эмес. Ансыз деле алардын маянасы жакшы. Биз кезинде жаш, дасыккан, тажрыйбалуу банк кызматкерлерин башка коммерциялык банктарга же болбосо каржылык уюмдарга кетирбей алып калуу үчүн мыйзамга ошол жеңилдиктерди киргизген болчубуз. Бирок банктын башкармалыгы же жетекчилиги андай критерийлерге туура келет деп айта албайм. Анткени алар адатта, саясий чечимдердин негизинде, кээде банк адиси болбосо деле ал жакка барып калган учурлары бар.
Насыяны төлөөнүн оор жүгү
Катардагы жарандар коммерциялык банктардан ипотекалык насыя алып, бирок күтүүсүз, чукул пайда болгон оор жагдайлардан улам анысын төлөй албай калган учурлар көп кездешет.
Учурунда кирешелүү фирмада жакшы маянага иштеп жүргөн кезде шаардан батир алууга коммерциялык банктардын биринен ипотекалык насыя алган Бишкектин тургуну Чынара Жунусова кийин ал иштеген мекеме жоюлуп кетип, жумушунан кол жууп, насыясын төлөй албай калганын айтты.
Жаш аялмет Чынара Жунусова оорулуу кичүү кызын карап үйдө отуруп калганын айтып, насыяны төлөө шарттарын жеңилдетип берүү боюнча анын арызына эч кайсы тарап кулак салбай жатканын кошумчалады. Чынара Жунусова бул боюнча Улуттук банктын жетекчилигине чейин арыздануу сунушу берилгенин, бирок ал жактан шарттарды жеңилдетүү өтүнүчү четке кагылганын, бирок эми банкирлер өздөрү алган насыялар кечтирилип жатканын оор кабыл алганын айтты:
- Мен ипотекалык насыя алган коммерциялык банктын жетекчилигине арыздансам, ал жактан мага Улуттук банктын төрагасы Абдыгуловго кайрылышымды сунуштап кат берсе, жеңилдиктерди караганга мүмкүнчүлүк болорун айтышты. Анан мен ага бир нече жолу барып, кире албай койдум. Кийин атайын кат менен кайрылсам, бир топ убакыт өткөндөн кийин жооп келиптир. Анда алынган насыя боюнча менин милдеттенмем кынтыксыз аткарылышы шарт экени жана Улуттук банк ага кийлигише албастыгы жазылыптыр. Эгерде насыяны төлөй албай калсам, банк менин сатып алган батиримди сот аркылуу тартып алууга укуктуу экени көрсөтүлүптүр. Мен насыяны төлөөдөн баш тартып жаткан жокмун. Болгону аны төлөө мөөнөтү боюнча жана үстөк пайызын төмөндөтүү шартында жеңилдиктер болобу деген ниетте элем. Насыяны төлөй албаган жагдайга байланыштуу уулум менен кызым окуусун таштап, иштеп жатышат. Оорулуу кызымды карап, азыр үйдө отурам. Анан жакында Улуттук банктын жетекчилери өздөрү ссудаларды алып, бирок анысын кечтирип жибергенин окуп алып, аябай жүрөгүм ооруду. Өздөрүнө болот экен.
Улуттук банктын өзгөчө макамы
"Улуттук банк, банктар жана банк ишмердүүлүгү тууралуу" мыйзамдын талабына ылайык, жеңилдетилген турак жай ссудасын алган банк кызматкеринин карызы ал кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда каза таап же майып болуп калганда, республиканын банк тутумуна кошкон өзгөчө салымы болсо жана эмгек стажы үчүн кечип жиберилиши мүмкүн.
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева башкармалыктын учурдагы жана мурдагы мүчөлөрүнө, банктын мурдагы жана кийинки жетекчилигине турак жай ссудасы берилген же кийин кечип жиберүүгө байланышкан маалыматтар банк купуялуулугу боюнча мыйзамга ылайык, ачык жарыяланбай турганын билдирди.
Бирок Аида Карабаева Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун макулдугу менен анын алган ссудасы тууралуу маалымат коомчулукка жарыяланганын айтып, ага ссуда берүүнүн жана аны кечип жиберүүнүн мыйзамдуулугу тууралуу буларга токтолду:
- Толкунбек Абдыгуловго турак жай ссудасы мыйзамдын бардык талаптарын сактоо менен берилген. Бул боюнча жободо ссуда кайсыл учурда берилиши мүмкүн экени жана аны кечүүнүн шарттары так көрсөтүлгөн. Ал талаптардын бири катары биздин банктын кызматкери башка жогорку кызматка которулган учурда дагы кечирилиши мүмкүн экени көрсөтүлгөн. Толкунбек Абдыгулов бизде Улуттук банктын төрагасы болуп турганда ал турак жай ссудасын алган. Анан аны өкмөткө чакырган кезде Улуттук банктын башкармалыгы мыйзамга ылайык, Толкунбек Абдыгуловдун ссудасын кечүү боюнча чечим чыгарган.
Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдөгү акча-кредит операцияларын жүргүзүүчү, коммерциялык банктардын, кредиттик уюмдардын ишмердигин көзөмөлдөй турган көз карандысыз каржылык институт. Анын каржылык өз алдынчалыгы атайын мыйзам менен аныкталган. Каржылык ишмердиги жыл сайын жалданган эл аралык аудиттин негизинде текшерилет.
Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров Улуттук банкты каржылык текшерүүнүн усулдары өзгөрүшү керек экенин белгиледи. Улуттук банк акча-кредит саясатын иштеп чыгып, банктык операцияларды жүргүзүүнүн эсебинен өз алдынча каражат иштеп табат. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева башкы каржылык мекеме иштеп тапкан каражаттын эсебинен мамлекеттик бюджетке салык иретинде 13 миллиард сом которгонун билдирди.