Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

"Росинбанкта" адалданган акча


Росинбанктын кеңсеси.
Росинбанктын кеңсеси.

Кыргызстанда "Росинбанк" коммерциялык банкынын кызматкерлери "үч миллиард сомдон ашык мыйзамсыз акчаны адалдаган" деп айыпталып жатат.

Буга байланыштуу банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Андрей Гойхман камакка алынды. "Росинбанк" кылмыш ишин "рейдерлик басып алуу аракети, каралоо" деп атады. Адистер арам акчаны адалдоо коррупция өнүккөн өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш экенин белгилешет.​

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы (Финполиция) "Росинбанктын" айрым кызматкерлерине "ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган, жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз акчаны адалдаган" деген айып менен кылмыш ишин козгоду.

Финансы полициясынын эмблемасы.
Финансы полициясынын эмблемасы.

Мекеменин басма сөз өкүлү Анастасия Пискур тергөө уланып жатканын "Азаттыкка" кабарлады:

- 2014-жылдан баштап "Росинбанкта" Орусиядагы фирмалар менен жеке жактарга жана Сейшел аралдарындагы чет өлкөлүк компанияларга жасалма документтердин негизинде эсептер ачылган. Бул эсептерге "Росинбанктан" үч миллиарддан ашык рубль, башкача айтканда, үч миллиарддан ашык сом которулган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221, 350 жана 183-беренелери менен кылмыш иши козголду.

Мунун алдында "Росинбанк" боюнча кылмыш иши "негизсиз кыскартылган" деп кайра жандандырылган 400дөн ашуун кылмыш ишинин бири экени маалым болгон. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 31-майда басма сөз жыйынында ишти негизсиз кыскарткан тергөөчүлөргө чара көрүлөрүн билдирген:

Дамир Сагынбаев.
Дамир Сагынбаев.

- "Росинбанк" боюнча буга чейин кылмыш иши козголгон, бирок белгисиз себептер менен эки жолу кыскарган. Ал себептер азыр такталып жатат. Ишти негизсиз кыскарткан тергөөчүлөр тартиптик эмес, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ишти кыскартуу тууралуу токтом жокко чыккандан кийин банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Андрей Гойхман Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына камалды. Ага "кылмыштуу кирешени адалдаган" деген айып коюлду.

"Росинбанк" каржылык мыйзам бузуу боюнча дооматтардын баарын четке кагып жатат. Банктын расмий билдирүүсүндө "бул маалыматтар "акылга сыйбайт", "чындыкка коошпойт, коомчулукту адаштырат" деп айтылат. Ошондой эле "камакка алынган Андрей Гойхман банктын башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары эмес" деп жазылган.

Эксперт Кубан Чороев банк аркылуу арам акчаны адалдоо коррупция өнүккөн өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш экенин белгиледи. Ал Кыргызстанда мындай фактылар буга чейин деле болуп келгенин айтты:

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

- Банктарда 50 миң доллардан ашкан операциялардын баары атайын органдардын көзөмөлүндө. Ошол органдар мындай операцияларга көз жуумп койгон учурлар болот. Мисалы Кыргызстанда убактылуу түзүлө калган компаниялар кайсы бир чет өлкөлүк компанияга кандайдыр кызмат көрсөткөн, ал үчүн акча которгон болот. Чындыгында андай кызмат аткарылган эмес болуп чыгат. Ушул жол аркылуу мыйзамсыз, арам акча адалдашып кетет. Ошондой максатты көздөгөн ири кылмыштуу синдикаттар коррупция күчөгөн мамлекетти тандайт жана ал өлкөдөгү аткаминерлерди сатып алуунун жолдорун табат.

2013-жылы кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын чечими менен чыгашага учураган "Залкар Банктын" 90 пайыз акциясын 198 миллион сомго орусиялык "Инвестторгбанк" же тактап айтканда "ИТБ Холдинг" компаниясы сатып алган. Ал эми он пайызы Мамлекеттик мүлк фондунда калган. "Залкар банктын" негизинде "Росинбанк" түзүлгөн жана ал Кыргызстанда 2013-жылы иштей баштаган. Учурда ал коммерциялык банктардын ичинен көрсөткүчтөрү боюнча жетинчи орунда турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG