Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.

Бишкекте оппозициянын митинги аяктады

Улуттук оппозициялык кыймылдын тынчтык митингдери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта өттү. Мындан тышкары Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында да эл чогулду.

Бүгүн оппозиция тынчтык митинги өтөөрүн бир апта мурун жарыялаган.
12:15 10.4.2014
Бишкекте оппозициянын митинги расмий башталды

Митингди УОКтун мүчөсү Камчыбек Ташиев ачып, сөз сүйлөдү. Ал митингге келгендерге ыраазылык билдирип, аларды коомдук тартипти бузбай, ар кандай чагымга алдырбай, митингдин аягына чейин туруп, кайра тынч тарап кетүүгө чакырды. Ташиев өзүнүн сөзүндө азыркы бийлик айтылгандарды укпаганына байланыштуу митинг уюштурууга аргасыз болушканын белгиледи. Ал элдин жашоосу күн өткөн сайын оорлоп, коррупция кайра күчөп, соттор көз каранды болуп жатканын кошумчалады. Саясий куугунтук күчөп жатат деп белгилеген Камчыбек Ташиев кыргыз элинде эки жол бар экенин айтууда. "Биринчиси, унчукпай бийликтин кылганына көз жумуп жашоо, экинчиси, өлкөдө адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту орнотуу үчүн чогуу күрөшүү" дейт Камчыбек Ташиев. “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев мурдагы бийликтердин тушунда райондук жетекчиликтен тартып, ЖК депутаты, министр болуп иштеген. 2012-жылы “конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык таштаган, мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган" деген айып менен камалып, сот жообуна тартылган.
12:07 10.4.2014
Жалал-Абаддагы митинг талаптарын айтты

Ушу тапта Жалал-Абад шаарында оппозициянын митинги өтүүдө. Уюштуруучулар 500дөй киши чогулганын, ал эми көз каранды эмес байкоочулар митингчилердин саны 200дөй экенин айтууда. Талаптар: Бажы биримдигине кирүү же кирбөө маселесин элдик референдум менен чечүү, шайлоо системасын өзгөртүү, сот реформасын аягына чыгаруу, реформа жүргүзүүгө жөндөмдүү өкмөт куроо, конституциялык реформа жүргүзүү.
12:05 10.4.2014
Митингчилерге Ташиев келип кошулду

“Ата-Журт” партиясынын лидери, УОКтун теңтөрагасы Камчыбек Ташиев азыр журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Ал "кыргыз эли бир эмес эки ыңкылапты башынан өткөргөнү менен улам бийликке келгендер элдин мүдөөсүн уурдап коюп жатышат" деп билдирди. Камчыбек Ташиев бийлик өзүнө каршы чыккандарды ар кандай жол менен куугунтуктап, кысууга өткөнүн айтып, ага мисал катары бүгүн “Октябрь” кинотеатрынын жанынан милиция уулу Таймурас Ташиевди кармап кеткенин айтты. Бүгүн саат ондордо "Октябрь" кинотеатрынын жанында чогулуп жаткандардын 20 чактысын милиция кармап кетти. Алардын арасында оппозиционер саясатчы, аталган кыймылдын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу да бар экени кабарланган.
12:02 10.4.2014

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG