Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:07
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.
Бишкектеги Горький аянтында өткөн митинг. 10-апрель.

Бишкекте оппозициянын митинги аяктады

Улуттук оппозициялык кыймылдын тынчтык митингдери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта өттү. Мындан тышкары Жалал-Абад, Ош жана Каракол шаарларында да эл чогулду.

Бүгүн оппозиция тынчтык митинги өтөөрүн бир апта мурун жарыялаган.
12:00 10.4.2014
LIVE: Бул шилтеме аркылуу Бишкектин Горкий багындагы өтүп жаткан митингди түз көрө аласыздар.

https://new.livestream.com/accounts/7881806/events/2909502
11:59 10.4.2014
Жээнбеков: “Манас” аэропортун сатууга жол бербейбиз

Журналисттердин суроолоруна жооп берген УОКтун теңтөрагасы Равшан Жээнбеков кыргыз өкмөтү Орусияга берүү ниетин билдирип жаткан “Манас” аэропортун Кыргызстандын дарбазасы деп атады. Ал азыркы бийлик “Манас” аэропортун сатуу менен Кыргызстандын башка аба майдандарын да Орусияга берүү ниети бар деп белгилеп, бүгүнкү митингдин негизги талаптарынын бири “Манас”, “Ош” аэропортторун Орусияга берүүгө каршылык экенин кошумчалады. Учурда Бишкектеги Горький атындагы гүлбакта оппозициянын митинги башталуу алдында турат. Азырынча чогулган элге ырчы-куудулдар өнөрүн тартуулап жатат.
11:58 10.4.2014
Жалал-Абадда өткөн митинг
11:58 10.4.2014
Горький гүлбагында акция башталууда

Митинг болуучу жерде жүргөн кабарчыбыз Улан Эгизбаевдин маалымдашынча, акция расмий баштала элек. Болжол менен 500 чамалуу киши бар. Акция башталганча келгендерге ырчы-куудулдар концерт берип жатат. Митингдин уюштуруучусу, УОКтун мүчөсү Азимбек Бекназаров ”Азаттыкка” митинг тынч өтөт деп мурда айтылганын белгилеп, бүгүн Бишкектин ар кайсы жерлеринен митингге келген элди Горький гүлбагына жеткире койбой кармап кетип жатканын бийликтин чагымы деп баалады. Улуттук оппозициялык кыймыл 10-апрелде Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта жана айрым облустарда митинг өткөрөрүн маалымдаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG