Бул демилге 31-мартта Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө талкууланды.
Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин баяндамасындагы негизги сунуштардын катарында балдарды зордуктагандарды өмүр бою кесип, мунапыс укугунан ажыратуу, үй-бүлөдө жана мектепте балдарга кол көтөрүүгө тыюу салуу жана "зомбулуксуз мектеп" долбоорун өлкө боюнча ишке киргизүү өңдүү демилгелер бар:
- Зордук-зомбулукка каршы турууда кылмыштардын жыйынтыгы менен күрөшпөй, бардык тармактарда алдын алуучу иш-чараларды бирге алып барышыбыз керек. Мына ушундай сунуштардын топтомун чогуу иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке тапшырабыз. Парламент карап чыгып, өзүнүн чечимин берсе, аны аткарууга бардык органдар милдеттүү болот. Ошондо гана биздин аракеттерден жыйынтык чыгат.
Ошондой эле акыйкатчы балдар зомбулугу ата-энелердин кайдыгерлигине, укук коргоо органдарынын фактыларды жаап-жашыруусуна байланыштуу да көбөйүп жатат деген ойдо.
Эл аралык уюмдар жүргүзгөн иликтөөлөргө караганда, кыргыз коомчулугунда үй-бүлөдө балдарды какыс-кукус кылуу, уруу тарбия катары кабылданат. Мындан тышкары мектептеги, балдар үйүндөгү мугалимдердин орой мамилесинен психологиялык кысымга кабылган өспүрүмдөр да арбын.
Акыйкатчынын пикиринде, балдарга жасалып жаткан зомбулукту азайтууга “зомбулуксуз мектеп”, ишеним телефондор өңдүү долбоорлор жардам бермек. Маселен, эл аралык уюмдардын көмөгү менен ишке ашып жаткан “зомбулуксуз мектеп” долбоору азыр шаардагы 30дан ашык мектепте ишке ашып жатат. Ал мектептерде атайын кутулар илинет. Ага окуучулар зомбулук туурасында көргөн-билгендерин жазып салып койсо болот.
Ал эми Акыйкатчы институту сунуштап жаткан 115 ишеним телефону күнү-түнү ар кайсы жакта болуп жаткан окуяларды оперативдүү каттап, чара көрүүгө көмөкчү болмокчу. Бакыт Аманбаевдин пикиринде, бул өңдүү демилгелерди кеңири жайылтууга бардык мамлекеттик мекемелер, коомчулук көмөктөшүүсү шарт.
Талкууга катышкан жарандык активисттер балдардын зомбулугуна каршы күрөштө мамлекеттик деңгээлде иш жүрбөй, көпчүлүк убакта сөз жана кагаз бойдон калып жатканын айтышты.
Алардын бири - укук коргоочу Токтайым Үмөталиева балдардын укугун коргоо тармагында укук коргоо органдарынын ишине ичи чыкпай турганын айтты. Анын оюнча, балдарды коргоодо азыр деле мыйзамдар жетишерлик, бирок маселе - алардын аткарылышында.
- Мыйзамга толуктоо же өзгөртүү киргизүүдө алар башка мыйзамдарга карама-каршы келбейби? Ошол жагын карашыбыз керек. Тилекке каршы, балдардын коопсуздугун кароодо укук коргоо органдары такыр иштей албай жатат. Бизде мыйзамдар жакшы жазылат. Бирок алар аткарылбай келет. Сот, прокурор, милицияда мыйзамдарды жакшы билбегендер отурат.
Буга үндөш пикирин айткан эксперт Гүлжамал Султаналиева буга чейин парламент, өкмөттүн деңгээлинде балдардын зомбулугуна каршы бир катар программалар кабыл алынганын эске салды.
- Мындай жыйындар, программа, сунуш, мыйзамдарга көп каражат, убакыт кетет. Бул сыяктуу жыйындар бизде көп болуп жатканы кубандырат, бирок жыйынтыгы кандай болуп жатат деп анализ кылып көрүүгө убакыт келди.
Талкууга катышкан Жогорку Кеңештин депутаттары балдардын зомбулугун токтотууда буга чейин бейөкмөт уюмдар жиберген сунуштар, бүгүнкү айтылган пикирлер мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдө эске алынарын билдиришти.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча балдарга карата жыныстык мүнөздөгү кылмыштын саны 2013-жылы 138, 2014-жылы 140 болгон. Былтыр зордук-зомбулуктун айынан 10 бала каза тапкан.