Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:09

Ноокатта кырдаал тынчып калды


Ноокат райондук акимчиликтин алдында нааразылык акциясына чогулган 500гө чукул киши буга чейин каза болгон райондук салык инспекциясынын башчысы Сагынбек Алимбаевдин өлүмүнө күнөөлүүлөр кармалсын деген талаптарын коюшту.

Тартип коргоо органдары топтолгондорду таркатуу аракетине карабай, келгендер Сагынбек Алимбаевди өлтүргөн деп шектелген жарандын үйүн өрттөп жиберүүгө да үлгүрүштү.

Каза болгон салыкчынын иниси Шайбек Алимбаев анын агасын өлтүргөндөр жалгыз болбогонун жана мындай кылмыш иштери улана бериши мүмкүндүгүн белгиледи:

- Адыйжан жалгыз эмес, булар көп экен. Биздин угушубузча Ноокаттан 13 адамды өлтүрүүгө буйрутма беришкен. Алардын ар бирине 20 миң доллардан сайышкан. Бул нерсе дагы болушу мүмкүн. Ошондуктан биз качып кеткен кылмышкер Адыйжанды Орусияда болсо Орусиядан, Өзбекстанда болсо ошол жактан алып келип, жазасын беришин талап кылып жатабыз. Күнөөлүүлөрдүн баарын алып келип, мыйзам чегинде жазалашсын.

Тартип коргоо органдары топтолгондорду таркатуу аракетине карабай митингчилер салыкчы Сагынбек Алимбаевди өлтүргөн деп шектелип жаткан жаранга тиешелүү Калинин көчөсүндөгү бир үйдү өрттөп жиберишти. Алар таркап кеткенден кийин чогулган жаштардын тобу да шаардагы айрым соода жайларын тоноп кетүүгө чейин барышты.

Бирок учурда шаардагы кырдаал тартип сактоо кызматкерлеринин көзөмөлүндө экендигин бийлик өкүлдөрү билдирүүдө. Окуядан кабар алганы барган Ош облус жетекчиси Сооронбай Жээнбеков чогулгандарды дүрбөлөңгө алдырбоого чакырып, алардын аракеттерин пайдаланып кетчү күчтөр бар экендигин маалымдады:

- Кыргыз эли, Кыргызстандын эли жакшы жашабасын, тынчтык болбосун деген күчтөр бар. Алардын баарын биз былтыркы июндагы коогалаңда көрдүк. Ошону алар кайрадан кайталоого аракет жасашууда. Эми ушундай нерселерден дүрбөлөң чыгарып кетиши мүмкүн. Мунун баарын токтотолу. Жетишет! Мунун баары билинбей калат деп ойлоп атышат. Бардыгы убактысы келгенде билинет.

Анткен менен Ноокат шаарынын тургундары кырдаалдан кооптонуп жатышканын айтышууда. Шаардын жашоочусу Нооманжан Мырзабаев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бир адамдын үйүн өрттөп жиберишиптир. Бирок аны барып көргөн жокпуз. Көчөгө чыкпагыла деп кеткен экен, минтип үйдөн чыкпай отурабыз. Эл былтыркы окуядан кийин коркуп калган. “Азыр дагы не болот экен” деп кооптонуп жатат. Чочулап, бирин-экин адам кетип калды.

Ноокат шаарындагы дүкөндөрдүн жана кафе-ресторандардын дээрлик бардыгы жабылып калгандыгы көрүнүп турат. Көчөлөрдө ар жерде топтолуп турган кишилерди да байкоого болот. Шаардын дагы бир тургуну Кубаныч Алибеков болуп өткөн окуя эч кандай этностор аралык маселеге тиешесин жоктугун айтууда:

- Бул иштерди бетин жуубаган бирөө жарымдар кылып жатат окшойт. Биз өзбек-кыргыз болуп аралашып эле жашап жатабыз. Менин үйүм өзбектердин арасында. Ушул жерде жашайм. Үйүм тигил. Кудайга шүгүр. Азыр тополоң кылган эч ким жок. Бардыгы эле кадимкидей тынч отурат.

Маалыматтарга ылайык, 23-февралда Мирмахмудов айыл окуругунун аймагында “Лексус” үлгүсүндөгү унаанын ичинен 45 жаштагы Сагынбек Алимбаевдин сөөгү табылган. Оперативдик иликтөөлөр боюнча Алимбаев менен акыркы жолу Илхом аттуу адам жолукканы такталып, андан кийин 25-февралда Кара-Суу районунун Шарк айыл округунун үч тургуну кармалган. Алар Алимбаевди өлтүрүү ноокаттык ишкердин буйругу боюнча ишке ашканы жөнүндө көрсөтмө берип жатканы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG